Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:26

Түштүк аймактар селден жүдөдү


Өткөн аптада Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарынын айрым райондорунда жүргөн сел бир адамдын өмүрүн алып, миллиондогон сом чыгымга учуратты.

Бийлик чыгымдар толук эсептелип бүтө электигин билдирди. Акыркы маалыматтар боюнча, Лейлек районунун аймагында жүргөн сел 58 млн. сом зыянга учураткан.

Сел кырсыгы өмүрүн алган Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну Энвер Максудов 53 жашта болчу. Ал Ак-Жийде айылында катуу жаандан жүргөн сел агызып кеткен “Матиз” үлгүсүндөгү автоунаанын ичиндеги эки адамдын бири – айдоочусу болгон. Куткаруучулар алардын бири – жүргүнчүнү аман куткарып, айдоочунун сөөгүн табышкан.

Кызыл-Кыя шаар аймагында катуу жаандан кийинки сел Ак-Булак айыл аймагына жана борбордук жол каттамдарына да зыян тийгизди.

Бактыга жараша түнкү сел турак жайлардын жер төлөсүн, пайдубалын жаап, адам өмүрүнө зыян келген жок.

Шаар мэринин орун басары Адылжан Гапаров жергиликтүү бийлик атайын штаб түзүп, чыгымдарды тактап жатканын билдирди:

- 21-май күнү кечинде сел келди. Ошол замат мэр баш болуп бардык кызматтарды топтоп, атайын штаб түздүк. Кооптуу делген аймактарды кыдырдык. Техникалар жетиштүү. Селдин кесепеттерин тазалап, арыктарды, каналдарды алдын ала тазалап жатабыз. Азырынча Ак-Булак айылында 30 үйгө суу кириптир, БАМ участогунда беш үй, Кулатовдо төрт үй, Востокто алты үй, жалпы шаар боюнча 40 чакты үй селден зыян тартты.

Ал эми Кадамжай районунун Ак-Турпак, Баткен районунун Дара, Төрт-Гүл айыл аймактарындагы сел Ош-Исфана жолундагы каттамды убактылуу токтотту. Бул аймакта топон суу эгин талааларын, күрүч айдалган бир нече гектар шалы аянтын ылайга толтуруп, ички чарбалык арыктар менен ички жолдорду жууп кеткен. Табигый кырсыктын кесепеттерин четтетүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларынан жана жергиликтүү тургундардан топтор уюштурулуп, эң зарыл жумуштар жасала баштады. Кошумча техникалар да тартылган.

Лейлек районунун үч айыл аймагында да сел жүрүп, электр мамычалары менен мал жандыкка зыяны тийгенин айтат акимчиликтин өкүлү Эрмек Бахавадинов.

- 21-майда катуу жаандын натыйжасында район аймагында кайрадан сел жүрдү. Исфана, Баткен, Коргон жолдоруна кум, шагал толуп, жол каттамдар үзгүлтүккө учурады. Ички чарбалык арыктар менен каналдарга да кум-шагал толуп калды. 5-6 үйгө ылай суу кирип, малды да агызып кеткен. Азыр техникаларыбыз, жумушчу күчүбүз жетиштүү. Жол каттамдарын дароо калыбына келтирдик. Электр энергиясы берилди.

Сел кесепеттери боюнча жер-жерлерде атайын комиссиялар түзүлүп, 21-майдан бери чыгымдарды эсептеп жатат.

Буга чейин 13-майда да Лейлек районунда катуу сел жүргөнү белгилүү. Анын чыгымдары эсептелип бүткөнүн айтат Эрмек Бахавадинов:

- 13-майдагы катуу селдин кесепеттери жоюлуп жатат. Жабыр тарткан үй-бүлөлөргө да жардам берилип жатат. Атайын комиссия ишин жыйынтыктап, ошол күнкү селдин кесепетинен Лейлек району 58,8 млн. сом зыян тартканы аныкталды.

Быйылкы жаз жаанчыл келип, мындан улам сел көп жүрүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен жергиликтүү бийлик кооптуу делген аймакта, сел коркунучу бар үйлөрдө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, сак болууну эскертип жатышат. Бирок дагы эле кооптуу деп табылган участоктордо жашап жаткан бир топ үй-бүлөнү коопсуз жайга көчүрүү маселеси толук чечилбей турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG