"Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.
Кыргызстанга келип эмгектенип жаткан өзбекстандык мигранттар көбөйдү. Бирок так саны анык эмес.
Эки жыл мурун “Айгүл тоо” ботаникалык коругунун 20 гектар аянтына отургузулган өрүк, бадам, мисте, шабдалы жана ийне жалбырактуу бактын көчөттөрү куурап калды. Аларды тамчылатып сугаруу үчүн курулган куурлар иштебей турат.
Баткен облус казыятынын дин кызматкерлери аш-тойлордо, куран окуткан жайларда гана эмес, жаштар арасында да иш жүргүзүп, аларды тартиптүү, ынтымактуу болууга үндөп жатышат. Диниятчылар жаштар менен түнүндө топ ойношот.
Жумуш издеп Орусияга кетип, ошол жактан балалуу болгондор үчүн күбөлүк алууда маселе жаралып жатат. Кыздуу болгон мигранттар атасынын паспортуна карап “уулу” деп жазылган күбөлүктү оңдото албай убара болуп жатышат.
Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Кыргызстандын эки жараны жеңил жарадар болуп, ооруканада жатат. Алардын абалы туруктуу.
2010-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси чыңалып турган учурда ал жактагы кыргыздар Кадамжайга көчүп келген. Жер алып, отурукташкан мекендештер учурда сегиз жылдан бери эптеп курган тамынан ажырап калышы ыктымал. Экологиялык жана техникалык көзөмөл инспекциясы Кадамжайдын Достук айылынан тур
Кыргызстандын аймактарында ичүүчү жана сугат суунун азыркы абалы кандай?
Баткенде мугалим менен окуучунун ортосунда эки жыл мурда болгон чырга байланыштуу райондук милиция соттук-медициналык экспертиза дайындады. Буга мугалиминен таяк жеген деген окуучунун облустук ооруканага жатып калышы себеп болду.
Нооруздун урматына президент элди куттуктап, биримдикте жашоого чакырды.
Совет доорунда идеологияга каршы келет деп Нооруз майрамы белгиленбей, сүмөлөктү билгендер жашыруун кайнатып келген. Ушу күндө Баткендин Кара-Булак айылында 21-мартты шаңдуу тосушат. Айрыкча коңшулар сүмөлөктү кезектешип кайнатып, бул салтты жаштарга өткөрүп берүүнү кыялданышат.
Баткен районундагы Ак-Сай айылынын мугалиминин ишкердиги айылдаштарына дем берип, үлгү болууда. Ал тоок багып, күнүнө эки жарым миң жумуртканы Тажикстанга экспорттоп турат. Айылдык эжейдин демилгесин колдогон үй-бүлө эми башкалар үчүн жумуш ордун түзүүгө аракеттенүүдө.
8-март Аялдардын эл аралык тилектештик күнүн утурлай “Азаттыктын” жер-жерлердеги кабарчылары эл арасында “Кыргыз коомунда аялдардын орду кандай жана алар өзүн кайсы убакта бактылуу сезет?” деген чакан сурамжылоо жүргүздү. Тургундардын суроого берген жообу ар кандай.
Өзбекстан менен чек арадан өтүү шарттары жеңилдегенден бери Баткен районунун тургундары кошуна өлкөнүн ооруканаларына көбүрөөк кайрыла баштады.
Баткен районундагы Кыштут айылынын бир топ тургундары Кыргызстанда болуп жаткан жаңылыктар менен окуялардан кабарсыз. Миңден ашык калк жашаган бул айылдын тургундары жаңылыктарды бири-биринен оозеки угушат. Анткени, айылда уюлдук байланыш тартпайт. Кыргызстандын телеканалдары көргөзүлбөйт.
Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавы аркылуу көз карандысыз каттамды камсыз кылуу үчүн мындан 25 жыл мурун Айгүл-Таш-Согмент-Таян жолунун курулушу башталган. Бирок ошондон бери жолду толук бүткөрүүгө бөлүнгөн 237 млн. сом берилбей, эл жолго чаңкап турат.
Баткен районундагы Самаркандек айылынын тургуну Козубай аксакал 20 жылдан ашуун тикмечилик өнөрдү аркалап келет. Жубайы экөөлөп каптаган жууркан-төшөккө, көз майын коротуп тиккен кийим-кечеге башка айылдардан да келип буюртма беришет. Андан тышкары кээде базарга алып чыгып да сатышат.
Быйылкы жыл Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланды. Бул тууралуу жарлыкка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду. Элетти өнүктүрүү үчүн бийлик эмнеге көңүл буруш керек деген суроо менен "Азаттыктан" кабарчылары облус тургундарына микрофон сунушту.
Кадамжай районунун Өзбекстан менен чектеш Чечме айылынын тургундары чек араны тактоо боюнча комиссиянын ишине нааразы.
Баткендеги алыскы тоо арасындагы Кыштут айылынын имамы Мухиддин аймактагы эң жаш дин кызматкери.
Кыргызстанда 600дөн ашуун ишкана тамак-аш өндүрүш тармагында иштейт.
Дагы жүктөңүз