Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:11

Аэропорттордун абалы жакшыра элек


Баткен аэропорту.
Баткен аэропорту.

Учурда Кыргызстанда сакталып калган он бир аба майданы бар. Алардын ичинен жетөө учактарды кабыл алат.

Ош Эл аралык аба майданынан бир күндө 1,5 миңдей киши ары-бери каттайт. Аба майдандын имараттары жаңылангандан бери анын аймагында жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу көзөмөлгө алына баштаганын аэропорт жетекчилиги дайыма айтып келет.

Учурда Ош эл аралык аэропортунан Кыргызстандын эле эмес кошуна Тажикстандын жана Өзбекстандын жарандары да КМШ өлкөлөрүнө каттап жүрүшөт. Ошол эле маалда аэропортто жүргүнчүлөрдү канааттандырбаган кемчиликтер да арбын.

Ал эми Жалал-Абад облусунун район-шаарларында 1970-1980-жылдары курулган аэропорттордун азыр бирөө гана иштеп жатат. Аксы районунун Кербен аэропортунда учуп-конуу тилкелери оңдоодон өткөрүлүп жатса, Чаткал, Токтогул жана Тогуз-Торо райондорундагы аэропортторго 20 жылдан бери учак коно элек.

Тогуз-Тородогу аба майдандын бүгүнкү абалы сүрөт баянда.

Баткен аба майданына эл аралык макам ыйгаруу тууралуу өкмөт чечим кабыл алганына төрт жылдан ашканы менен бир да каттам жүрө элек.

Бир топ жылдан бери көтөрүлүп жаткан бул демилге ишке ашса, Баткен аймагынын инфраструктурасын жана каттам потенциалын өнүктүрүүгө мүмкүн болорун расмийлер айтып келишет.

Бирок жай тургундар эски аба майданды кайра калыбына келтиргендин ордуна аны шаар четине көчүрүү керек деп эсептешет.

Кыргыз өкмөтү 2020-жылга чейин Каракол жана Казарман аба майдандарын ишке киргизүүнү пландап жатат. Ал эми жайкы мезгилде туристтерди ташууну максат кылган Тамчы аэропорту былтыр 4-июлда Ташкент-Ысык-Көл-Ташкент багыты боюнча жүргөн учакта алгачкы жүргүнчүлөрдү кабыл алган.

Кыргызстандын авиакомпаниялары учактардын сапаты, учуу коопсуздугунан улам 2006-жылы Европанын "кара тизмесине" кирген. Андан чыгуу аракети азырынча оң жакка чечиле элек.

Кыргыз авиациясынын түптөлгөнүнө быйыл 85 жыл толду. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин өкмөт 1994-жылы 7-октябрды Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация күнү деп бекиткен.

"Азаттыктын" аба майдандар тууралуу апта түрмөгүн бул жерден угуңуз.

Аба майдандардын абалы кандай?
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:09 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG