"Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Эл аралык AIB сыйлыгынын жеңүүчүсү (2011).
Бул жумада АКШга Бириккен Улуттардын жылдык жыйынына келген Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад Нью-Йорктун 40 чакырым алкагынан сырткары чыга албайт, себеби анын америкалык визасы жок. Бирок иран президенти АКШнын маалымат чөйрөлөрүндө "саякаттап", улам бир эл аралык маалымат каражатына маек берип жүрөт.
Ишемби күнү Исламабаддагы беш жылдыздуу Марриот мейманканасын жардырганда жанкечтилер өздөрү менен кошо 53 кшинин өмүрүн алып кетишти. Азырынча эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек, бирок Пакистандын бийликтери «ал-Каидадан» шектенип жатат. Пакистандыктар өздөрүнүн 11-сентябры болуп калды деген бул каргашалуу жардыруудан кийин өкмөт терроризмге каршы күрөштү күч алдырууга убада кылууда.
АКШнын мамкатчысы Кондолиза Райс бүгүн (5-сентябрда) Ливиянын жол башчысы Муаммар Каддафи менен жолугушууда. Бир кезде АКШнын террорду колдогон өлкөлөрдүн кара тизмесинде болгон Ливиядан Вашингтон бүгүн мунай алууга айрыкча кызыгып жаткандыгы байкалат.
Кошмо Штаттарынын учурдагы космос чөлмөктөрүнүн учуу мөөнөтү 2010-жылы аяктайт. Ошондон кийин өлкөнүн космос агенттиги НАСА беш жыл бою адам баласын Жердин орбитасына чыгара албайт. Бул боштукту толтурууга бир гана Орусиянын дарамети бар. Бирок Грузияга байланыштуу алакалар кескин начарлаган убакта АКШ менен Орусиянын космос кызматташтыгы да бүдөмүк болуп турган чак.
Пакистанда өлкөдөгү эң алдуу-күчтүү адамдын – президенттин кызматын үч киши талашууда. Мамлекет башчысын ушул ишембиде жалпы улуттук парламент жана төрт дубандын мыйзам чыгаруу органдары кирген Шайлоо коледжинде шайлашат.
Eвропа Биримдигинин учурдагы президенти Франция Грузия боюнча 1-сентябрда биримдиктин саммитин өткөрүүдө. Анда негизги маселе Евросоюздун Орусия менен алакасынын келечеги болмокчу. Орусия кечээ (26-август) Грузиянын курамындагы Абхаз жана Түштүк осетин жумурияттарын таанып жаткандыгын жарыялагандан кийин бул алакалар айрыкча татаалдашаарын болжолдоого болот. Бул жарыянын алдында “Азаттык” Евросоюзга мүчө болгон Польшанын орус-грузин чатагына карата мамилесин сурап Варшавадагы Эл аралык байланыштар борборунун төрагасы Еугениус Смоларга кайрылган эле.
Түштүк Осетиянын жетекчиси Эдуард Кокойты жаңжал бүткөндөн кийин улуту грузин тургундар кайра кабыл алынаары тууралуу эки ача белги берип жатат.
Кошмо Штаттары менен Польша бул өлкөнүн аймагында ракеталарды тосуучу чатыр боюнча келишимге кол коюшту. Орусия бул макулдашууну өзүнүн коопсуздугуна коркунуч кетирээрин белгилеп президент Медведев буга сөзсүз чара көрөөрүн билдирген. Ал эми орусиялык генералдардын бири ушул аптада "согуш чыкса, биринчи Польша бутага алынат" деп эскертти.
Америкалык расмий өкүлдөр Орусиянын грузин согушун сынга алууну улантышууда. Анын аралыгында, Мамкатчы Кондолиза Райс Францияга келди. Мында ал Франциянын арачылыгы менен жетишилген элдешүүнүн бүдөмүк бойдон кала берип жаткан жакынкы келечегин талкуулап, андан ары Грузияга жол тартмакчы.
Орусиянын Грузиядагы согуштук операциясы - ал өз коңшуларына болгон таасирин сактап калыш үчүн баарына барууга даяр экендигин көрсөттү. Бул жаңжал КМШнын бир мүчөсү экинчисине кол салгандыгы менен шойкомдуу окуя болуп калды. Батыш да Орусия менен мындан аркы мамилесин кайра карап чыгууга мажбур болууда.
Америкалык президенттикке талапкер Барак Обама европалык сапарын бүгүн-эртең Францияда жана Британияда улантууда. Мунун алдында ал Берлинде 200 миңден ашуун кишинин алдында сөз сүйлөгөн.
Босниялык сербдердин жашырынып жүргөн жол башчысы Радован Каражичтин колго түшүшү дүйнөдө кеңири талкууга алынууда. Гаагадагы мурдагы Югославия боюнча согуштук трибунал издөө салган Каражич согуш мезгилинде Британиянын мурдагы тышкы иштер катчысы Давид Оуэн жана Норвегиялык арачы Торвалд Штолтенберг менен тааныш болгон. "Азаттыктын" алар менен маегин Жаңыл Жусубжан обого даярдады.
Белградда Босниялык сербдердин согуш мезгилиндеги жол башчысы Радован Каражич кармалгандан кийин, эми кезек анын мурдагы аскер башчысы Ратко Младичке кезек келгендиги болжолдонууда. Белградда Младич жакында кармалат деп көзү ачыктангандар көп, бирок, эч ким буга азырынча 100 пайыз кепил боло албайт.
AКШнын Демократиялык партиясынан президенттикке талапкер болушу күтүлүп жаткан Барак Обама бүгүн Европага сапарын баштоодо. Аны Берлинде миллиондогон киши тосуп чыгат деп күтүлүүдө. Германияда жана Францияда сурамжылоо, эгер Обаманы немистер менен француздар шайлашса, ал бүгүн эле президент болуп калмак экендигин көрсөтүүдө.
Европа союзунун мүчөлөрү Брюсселден эл чарбасынын ар кыл тармактары үчүн ар түрдүү гранттарды жана жеңилдетилген карыздарды алып турушат. Брюссел бул каражаттын сарпталышын тыкыр көзөмөлдөйт. Айрым учурда бюрократиялык эрежелердин аткарылышын камсыздай албаган өлкөлөргө Брюсселден катуу эскертүү болгон учурлар жок эмес. Мына эми биримдикке жаңы кошулган Болгарияга бөлүнгөн каражаттар "убактылуу тоңдурулушу" мүмкүн экендиги белгилүү болууда. Бирок башка мындай чаралардан айырмаланып, бул ирет Софиянын бийликтерине коррупциялык кинелер коюлуп жаткан.
Кытайда бүгүндөн тартып, абаны тазартуу боюнча ири иш-чаралар жолго коюлууда. Бээжинде так жана жуп сан номерлүү автоунааларды айдоого бир күнгө алмак-салмак тыюу салына баштады. Дароо эле шаардын көчөлөрүндө кыймыл сээлдей түшкөндүгү байкалды. Бирок жаңы эрежелерден канчалык майнап чыгаары иш күндөрү башталган дүйшөмбүдөн ары карай белгилүү болмокчу.
“Азаттыктын» Фарда кызматынын баяндамачысы Хоссеин Ариян Ирандын ядролук программасынын айланасындагы кырдаалга кайрылат. Кошмо Штаттары менен Израиль Иранга кол салышы мүмкүнбү? Ирандын чынында эле андай чабуулга туруштук берүүгө дарамети жетеби? Ушул жааттагы комментарийди Жаңыл Жусубжан даярдады. Анда келтирилген көз караштар Хоссейн Арийяндыкы жана алар сөзсүз эле «Азаттык» радиосунун позициясын чагылдырбайт.
Ушул күндөрү Кыргызстанда франциялык "Теңир" тасмасынын бет ачаары өтүп жатат. Режисер Мари Жаул дө Поншевилдин Кыргызстанда тартылган көркөм тасмасы 3-6-июнь күндөрү Бишкектеги «Манас» кинотеатрында, ошондой эле Чолпон- Ата, Каракол, Нарын шаарларында да көрсөтүлмөкчү. Өз тасмасы менен тааныштыруу үчүн режиссер азыр Бишкекте, ал Франциядан жолго аттанаардын алдында дө Поншевил менен Парижде Жаңыл Жусубжан жолугуп, маектешти.
Пакистандын Түндүк-Батыш Чек ара дубанынын бийликтери талибдер менен “ал-Каида” бугуп жаткан ооган чек арасы менен чектеш аймакта иш алып барууга Афрасиаб Хаттакты дайындады.
Европа союзунун 27 мүчөсү бүгүн кезектеги жайкы баш жыйынын башташты. Күн тартибинде бир нече шашылыш маселе бар, бирок Евробиримдиктин ишмердүүлүгүн жогорку баскычка көтөрөт деген Лиссабон келишиминин Ирландияда четке кагылышы күн тарбиндеги негизги маселеге айланууда.
Дагы жүктөңүз