"Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Эл аралык AIB сыйлыгынын жеңүүчүсү (2011).
Израил менен Газа тилкесин көзөмөлдөгөн радикал Хамас уюму жетишкен убактылуу элдешүү Газада жашаган 1 миллион 400 миң палестиндин турмушун жеңилдетмекчи. Египеттин арачылыгы менен жетишилген макулдашуу эртең, 19-июнь күнү таң эртең менен күчүнө кирет. Ошондо Хамас Израилдин түштүк аймактарын ракетадан аткылоону, ал эми Израил Газаны абадан бомбалоону токтотот. Эгер убактылуу элдешүүнүн шарттары жетиштүү убакытка сакталса, Израил Газага каршы катаң санкцияларын күчүнөн кетирмекчи.
Пакистандык белгилүү автор жана журналист Ахмед Рашиддин жаңы китеби жарык көрдү. Ал "Баш аламандыктын туңгуюгу: Кошмо Штаттары жана Пакистан, Ооганстан, Борбор Азияда мамлекет түптөөнүн ойрон болушу" деп аталат. Мурда оогандык талибдер тууралуу "Талибан" аттуу китеби менен кеңири таанылган Ахмед Рашид жаңы эмгеги тууралуу Азаттыктын суроолоруна жооп берет.
Ирактын өкмөт башчысы Нури ал-Малики Тегеранда жүрөт. Бүгүн ал Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад менен жолугушууда. Ирактын премьери Ирандын президенти менен АКШ жана Ирак --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/05/A2112C1F-6001-4D24-A626-5AF270A72C76.asp биргелешип түзгөн коопсуздук келишимин талкуулоодо. Иран бул келишимге каршы чыккан.
Түркияда мындан төрт ай мурда премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын өкмөтүнүн демилгеси менен парламент кыз-келиндердин окуу жайда жоолук --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/religion/ky/2008/06/8B9B2426-A08A-4F4D-8AC4-321A58A0CB04.asp байланып жүрүшүнө тыюу салган конституциялык беренени жокко чыгарган эле. Муну "диндин коомдук турмушка кийлигишүүсү" деп наалыган он миңдеген атуул демонстрацияга жабылып чыккан. Мына эми Түркиянын Жогорку соту парламент кабыл алган чечимди жокко чыгарды. Башкача айтканда, мусулман кыздар кайрадан окууга жоолук салынып бара албай турган болду.
Үстүбүздөгү аптада Европа биримдигинин мартабалуу өкүлдөрү абхаз жаңжалын жөнгө салуу аракеттерине шымалана кирише баштады. Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Бенита Ферреро Валднер Москвага барганда бул маселеге олуттуу көңүл бурулганын бышыктады. Анын аралыгында биримдиктин тышкы иштер комиссары Хавиер Солана Грузия менен андан бөлүнүп кеткен Абхазияны --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/06/75510D66-BA43-41E9-8C5F-DA0E003E02A6.asp кыдырууда.
Кошмо Штаттары Иран менен түз сүйлөшүүдөн караманча баш тартып келатканы маалым. Бирок келерки президенттик шайлоодон кийин Вашингтон администрациясы Тегеран бийлиги менен түздөн түз мамиле түзүп калышы ажеп эмес. Президенттикке Республикачыл жана Демократиялык партиялардан көрсөтүлөт деп күтүлүп жаткан талапкерлердин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/87B72996-7C9E-435F-B784-8D216780B999.asp кайым атышуусунан мына ушундай жыйынтык чыгаруу мүмкүн.
Ушул шаршембиде Кошмо Штаттарынын мамлекеттик департаменти адам аткезчилигине арналган жылдык отчетун жарыялады. Анда дүйнөдөгү ар кыл мамлекеттер менен катар Кыргызстандагы кырдаалга баа берилген. Отчетко ылайык, кыргыз өкмөтү адам соодасында, айрыкча сексуалдык эксплуатациялоо максатында кыз-келиндердин чет өлкөгө сатылышында --> http://www.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2007/08/3e318493-d43a-4168-8abe-cea3b7df55ea.asp чектелүү жылыштарга жетишти. Борбор Азияда Кыргызстан менен Казакстан аз да болсо жылыш жасаган өлкөлөрдүн тизмесине кирген, Өзбекстан менен Тажикстан аракети жетишсиз өлкөлөрдүн катарына кошулган. Ал эми Түркмөнстандан маалымат жетишсиз болгондуктан, ал өлкөдөгү кырдаалга жалпы жонунан баа берилген.
Түркияда өкмөт алдындагы дин иштери боюнча комитет бар. Бул комитет "Динает" деп аталат жана ал Кыргызстандагы башкы муфтият өңдөнгөн мекеме. Анын милдети мечиттерге имамдарды дайындап, жума намазда талкуулануучу маселелердин мазмунун аныктоо болуп саналат. Секулярдуу өлкөдөгү бул мамлекеттик орган жакында эркектердин делебесин козгобош үчүн аялдар өздөрүн кандай алып жүрүшү керектиги тууралуу макала жарыялады. Мамлекет менен диндин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/religion/ky/2008/02/731620A7-7A0F-4232-A717-CFB36979AEE4.asp бөлөк болушун жактаган секуляристтер да, аялдардын укугун коргогон феминисттер да бул макалада айтылган сунуштарды айыптап, айрымдар ал сунуштарды аялдарга каршы зордук-зомбулук катары баалашты.
Ушул күндөрү Израил менен Ирандын кайым айтышуусу кайрадан эл аралык коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурду. Вашинтонго жүргөн Израилдин өкмөт башчысы Эхуд Олмерт бул коомчулукту "Ирандын өзөктүк курал --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/05/742668A0-4798-477B-9922-069DC4F30195.asp жасап жатышын токтото албайт" деп күнөөлөдү. Ал эми Римде жүргөн Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад "Израил жер үстүнөн жок болот" деген көз ачыктыгын кайрадан кайталады. Эки жетекчинин мындай ачык айкайлашуусунун алдында Эл аралык Өзөктүк кубат агенттиги (МАГАТЭ) "Иран өзөктүк курал жасоого аралашып калган болушу мүмкүн" деген тынчсыздануусун билдирген эле.
Өнүгүп келаткан мамлекеттерде былтыр дээрлик 1 миллион киши СПИДен өлүү коркунучун алдын алуучу дары ала башташты. Ошол эле убакта дагы 2 жарым миллион киши СПИДге --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/05/85B04E65-C1AE-4963-9072-5A2C5FA2509F.asp алып келүүчү ВИЧ инфекциясын жуктуруп алды. ЮЭнЭйдз жана Дүйнөлүк Саламаттык уюмдары биргелешип, ушул дүйшөмбүдө жарыялаган жылдык отчетто мына ушундай бир эсе кубанычтуу, бир эсе өкүнүчтүү жыйынтык айтылат.
Ушул күндөрү Кошмо Штаттарында ааламды изилдөөгө жана пайдаланууга арналган конференция аяктады. Космосту --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/science/ky/2008/05/C8C76DC2-6754-4FE6-B4F3-B6A46C727608.asp изилдөөнү өркүндөтүүнү максат кылган эл аралык “Улуттук Аалам " коому уюштурган бул жыйында космосту изилдөөнүн зарылдыгы жана анын чыгымдары кеңири талкууга алынды. Ал тургай космос шаарчасынын үлгүсү боюнча конкурс болуп, анда индиялык дизайнерлер жана болгариялык мектеп окуучулар тобу башкы сыйлыктарды жеңип алышты.
Соңку окуялар Молдова Орусиянын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/F4F2F7D7-0849-417F-BBA4-E93286002320.asp канатына ыктай баштагандыгын көрсөтүүдө. Ушул аптада Кишинев өкмөтү НАТОго кирем дебей, Москванын таасир чөйрөсүнөн чыкпаса, Днестр жумурияты Молдовадан бөлүнүп кеткенден башталган жаңжалды Орусия жөнгө сала тургандыгын айгинелеген макулдашуу тууралуу белгилүү болду.
Ошентип Орусияда Владимир Путин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/8023E45E-F6C1-4682-ADEE-DBE586D03DDC.asp президенттик кызматын өткөрүп берип, өкмөт башчысы болуп калды. Өлкөнүн эбегейсиз экономикасы жылына 1.3 триллион доллар киреше алып келет, демек Путиндин иши чачтан көп. Бирок премьер болгондон кийин «чү» дегенде эле Францияга барган өкмөт башчысы саясатты да, тышкы мамилелерди да кенен-кесири сөз кылды.
Кытай менен Тайван --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/39A3C5EB-C6FE-45A2-8679-FB3764E7BCB2.ASP бүгүн туризм жана чартердик учуулар боюнча сүйлөшүү жүргүзүүгө макулдашышты. Бул макулдашуу Тайванда Ма Иң-цзю президент болуп шайлангандан кийин, эки өлкөнүн алакасы улам жакшырып бараткандыгынын дагы бир күбөсү болуп калды.
Борбор Азияда президенттердин тууган-урук, кудаа-сөөктөрү каадалуу кызмат орундарына оңой эле келип, мамлекет башчысынын канаты астында зор таасирге ээ болушат жана чоң бизнес империяларды курушат. Бирок кээде туугандар, көбүнчө кайын-катнаш ортосун кара мышык аралап, айрымдарын алдындагы кызмат ээри гана кыйшайбастан, айрым учурда башынан да айрылып калышат, же ушундай коркунучка --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/97EC80BC-B77A-4FCF-BD13-7F5443370456.asp туш келишет.
240 жылга чукул падышанын кол алдында жашаган Непалда --> http://www.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/05/bcc705bf-b299-47f7-be45-41d94090caa9.asp бүгүн социалисттик республика түзүлүүдө. Бул өзгөрүү падышага каршы 10 жылдан бери куралдуу күрөшүн 2006-жылы токтотуп, өткөн айда конституциялык шайлоодо ири жеңишке жетишкен маоисттердин каалоосу менен мүмкүн болууда. Маоисттер муну "дүйнөлүк коммунизмди" бекемдөөчү жеңиш деп баалашты. Ошол эле учурда алар республиканын көп партиялуу системасынын чегинде иштөөгө бекем турушат.
Түркмөнстанда --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/2210AAA6-82F1-4478-9C0D-989419E0D9A7.asp конституциялык кайра куруу жараяны күүгө келе баштады. Жалпы элдин атынан айтылган жаңы сунуштарга ылайык, 3 миңге чукул мүчөсү бар Эл жыйынынын мандаттары парламентке жана президентке берилмекчи. Бул пландан өлкө демократияны көздөй арым таштады деген жыйынтык чыгаруу али эрте, президенттин кызмат нөөмөтүн 7 жылга чейин узартуу идеясын да артка чегинүү деп атаса болобу, азырынча айтуу кыйын.
Мунайдан түшкөн пайдасы күн санап ашып-ташып бараткан Азербайжан 20 жылга аяк басып калган Карабак --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2007/09/ac76bfc7-2e60-47c2-800e-f8bed8289773.asp жаңжалын жакын арада өз кызыкчылыгына чечилээрине үмүтү чоң болуп турат. Кеминде Азербайжандын тышкы иштер министринин орунбасарынын “Азаттык” менен маегинде ишенимдүү сүйлөгөнү ушундай божомол жасоого мүмкүндүк берет.
Үстүбүздөгү айдын башында АКШнын мамкатчысынын Европа жана Евразия иштери боюнча жардамчы орунбасары Мэтю Брыза Абхазиянын баш калаасы Сухумиде болуп кайтты. Анын артынан көп өтпөй, Грузиянын Бириккен Улуттардагы элчиси Иракли Аласания келип кетти.
Ондогон делегаттар бүгүн "Наргиз" циклонунан катуу жапа чеккен Мянмага каражат чогултушууда. Өлкөнүн соода борбору болгон Рангундагы жыйынды ачып жатып, Бириккен Улуттардын баш катчысы Бан Ки-Мун жардам операцияларын уюштурууга жергиликтүү бюрократия "өтө чоң" тоскоолдук болуп жаткандыгын билдирди. Ал ошондой эле Мянманын мурдагы күнү чет элдик жардам кызматкерлерин кабыл алууга макул болушун маанилүү окуя деп мүнөздөдү. БУУнун жетекчиси өлкөгө жардам көрсөтүү --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/05/DEBEC5A7-446E-4626-9EF2-ADF41A8F9373.asp кеминде жарым жылга созулаарын белгиледи. Бүгүнкү конференцияны Бириккен Улуттар менен катар Түштүк-чыгыш азия өлкөлөрүнүн АСЕАН биримдиги уюштурду.
Дагы жүктөңүз