Орусиянын айыгышкан каршылыгына карабастан, Кошмо Штаттары менен Польша акыры америкалык анти-ракеталык система тууралуу келишимге кол коюп, мөөр басышты. Кол коюу үчүн Варшавага учуп келген АКШнын мамкатчысы Кондолиза Райс дагы ьир ирээт бул система Орусияга каршы багытталган эмес деп ырастады:
- «Бул келишимдин негизинде ракетадан коргонуу системасы Польшада жайгашат, ал бизге 21-кылымдагы жаңы коркунучтардан, Иран, Түндүк Корея сыяктуу өлкөлөрдүн алыска атуучу ракеталарынан коргонууга мүмкүндүк берет», -деди Райс.
Ошого карабастан, көп байкоочулар эбак башталып, көптөн бери токтоп калган радар боюнча сүйлөшүүлөр алеки заматта бүтүп, Варшава тез эле ага макул болушун Грузиядагы кырдаалга байланыштырууда. Айтор Польша өйүз-бүйүздүн батыш тарабына биротоло өткөндүгү анык болууда.
Сыналгыдан элге кайрылуусунда Польшанын президенти Лех Качинскийдин бул айткандары Москванын дарегине багытталгандыгын баамдоо кыйын болгон жок:
- Бул маселеде Польша өз алдынча чечим кабыл алды. Көз карандысыз мамлекеттин буга укугу бар, ал өз иштерин өзү чечет. Эч ким Польшага ант-минт деп буйрук бере албайт. Андай мезгил өткөн, ар бир коңшубуз биздин өлкөнү эч ким баш ийдирип, же коркута албастыгын моюнга алышы керек.
20-августта кол коюлган макулдашууга ылайык, Вашингтон 2011-2013-жылдары Польшада ракета тосуучу 10 калканч орнотмокчу. Алар коңшулаш Чехияда жайгаша турган радар системасы менен айкаш иштейт. Польша өз кезегинде Кошмо Штаттарынан Патриот системасындагы абадан коргонуучу 96 ракета алат. Алгачкы жылдары ал ракеталарга америкалык куралдуу күчтөр көзөмөл кылат.
Кечээки кол коюу салтанатында Польшанын өкмөт башчысы Доналд Туск Варшава менен Вашингтон ар кырдуу коопсуздук маселелери боюнча кызматташтыгын күч алдыраарын бышыктады:
- Польша менен Кошмо Штаттары саясий-аскердик, маалымат алмашуу, коргонуу, өнөр-жай, изилдөө-технологиялар тармактарындагы кызматташттык аркылуу өздөрүнүн коопсуздугун бекемдейт.
Ал эми АКШнын Мамкатчысы Польшаны АКШнын ишенимдүү союздашы деп баалады.