Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:26

КАРАЖИЧТЕН КИЙИН КЕЗЕК МЛАДИЧКЕ КЕЛДИБИ?


Белградда Босниялык сербдердин согуш мезгилиндеги жол башчысы Радован Каражич кармалгандан кийин, эми кезек анын мурдагы аскер башчысы Ратко Младичке кезек келгендиги болжолдонууда. Белградда Младич жакында кармалат деп көзү ачыктангандар көп, бирок, эч ким буга азырынча 100 пайыз кепил боло албайт.

Европалыктар обу жок аталыштарды жакшы көрүшөт. Мисалы Белградда «Жиндикана» деген бар бар. Анын төрүндө «касапчы» атыккан босниялык сербдердин жол башчысы Радован Каражичтин жана анын кол башчысы Ратко Младичтин сүрөтү илинип турат.

Боснияда миңдеген мусулмандардын кырылышы үчүн айыпталып Эл аралык Гаага трибуналы тарабынан издөө салынган Радован Каражич мына ушул «Жиндиканага» көп каттачу экен. Келип өзүнүн сүрөтүнүн алдында кызыл шарап ичип отурганды жакшы көрчү экен. Бирок ушул аптада камакка алынганга чейин аны эч ким тааныган эмес. Себеби куудай сакалын барпыратып өстүрүп, көз айнек тагынып алган. Ал гана эмес, өзүн Доктор Драган Дабич деп тааныштырып, кытай медицинасы боюнча лекция окуп, жергиликтүү гезиттердин бирине бул темада макала да жарыялап турган.

Каражичтин канча жылдар бою Македониядагы тоолордун үңкүрүндө эмес, Сербиянын баш калаасында ачык эле жүргөндүгү жумурияттын чалгын кызматтарынын жардамы менен мүмкүн болду деп санагандар чыгууда. Алардын бири "Време" жумалыгынын иликтөөчү улук кабарчысы Денжан Анастасиевич:

- Каражичке жалган иденттүүлүк алып, жасалма документтер менен жүрүшүнө кесипкөй жардам болгондугунда шек жок. Аны паспорт менен камсыздап, эл алдында өзүн кандай алып жүрүштү үйрөтүүдө чалгын кызматтарынын 'салымы' сөзсүз болгон.

Азыр эми Каражичти өз кишилери сатып кеткенден кийин, кезек Ратко Младичке келдиби деген суроо туулууда. Согуш бүткөндөн кийинки жылдары жашынбай эле жүргөн Младичти акыркы жолу 2000-жылы Белграддагы футбол мелдешинде көрүшкөн. Андан кийин Босниялык серб аскерлеринин кол башчысы көрүнбөй кеткен.

Бирок Сербиялык белгилүү укук коргоочу Наташа Кандич "Сербиянын бийликтери Младичтин кайда экендигин соп-сонун билишээрин, кааласа, аны каалаган күнү камакка алышмак, буга саясий нийет жетишпейт" деп эсептейт. Кандич 1995-жылы Сребреницада серб күчтөрү алты мусулман эркекти өлтүргөнү тартылган видеону Гаага трибуналына тапшырган. Бул тасма аталган шаарда 8 миң мусулмандын кырылып, өлтүрүлүшүнүн бирден бир далили болуп саналат. Трибунал Каражич менен Младичти бул кыргындын башкы уюштуруучулары деп айыптаган.

"Време" басылмасынын кабарчысы Анастасиевичтин ишениминде да, Младич Белградда эле түрүн өзгөртүп алып жүргөн болушу толук ыктымал. Каражичтин капилеттен кармалышынан улам көп байкоочулар Белградда ушул айда бийликке келген жаңы өкмөттүн туруму өзгөргөндүгүн белгилешүүдө. Болжолу, Сербиянын азыркы бийликтери үч, азыр эми эки кишинин жумурияттын Европага жолун тосушун каалабайт.

Бирок азырынча эч ким Младич эртең эле кармалат деп касам иче албайт, бирок ал кармалса, Белграддагы "Жиндикана" деп аталган бардын төрүндөгү Каражич менен Ратконун сүрөтү башка каармандардыкы менен алмашаарын болжолдоо мүмкүн.

XS
SM
MD
LG