"Азаттык": - Смолар мырза, Польша орус-грузин чатагына кандай мамиледе?
Е. Смолар: - Орусиянын согуштук интервенциясы жана анын грузин жергесин басып турушунан алып караганда, Польшада элдик пикир жана өкмөт өтө сын мамиледе. Президент Лех Качинский менен өкмөттүн мамилесинде белгилүү айырмачылык бар. Эркиндик үчүн келишпес күрөштүн романтикалык салтын карманган Лех Качинский Дональд Тусктун өкмөтүнө караганда алда канча радикалдуу кийлигишүүгө, айрыкча сөз менен кийлигишүүгө даяр. Өкмөт болсо Европа биримдигинин жана НАТОнун чегинде жана ушул уюмдар аркылуу аракет кылыш керек деп эсептейт.
"Азаттык": - Бирок "Эски Европага" башкача айтканда Европа биримдигин түзгөн эски мүчөлөргө салыштырмалуу Польшанын туруму көп жагынан айырмалуу. Мисалы Варшаванын туруму Римдин турумунан кескин айырмаланат. Польшанын санаалаштары кимдер?
Е. Смолар: - Ким Польшага союздаш экенин 1-сентябрдагы жыйында көрө жатаарбыз. Менимче, Орусиянын Грузиядагы аракеттери Европа Биримдигинин мүчө-өлкөлөрү арасында буга чейинкиден радикалдуу жана Кремлди сындаган бирдиктүү майданды жаратууда. Анткени грузин жергесин оккупациялоонун уланышын, Грузиянын шайланма өкмөтүнүн жана президентинин мыйзамдуулугун өзгөртүү аракеттерин учурда Европа Биримдигинин президенти болгон Франция да таптакыр кабылдай албайт. Азыр бир пикирге келүү тенденциясы бар, мындай бириктүү позиция Орусиянын ишмердүүлүгүнө карата өтө сын мамиледе болот.
"Азаттык": - Сиздин пикириңизде, Орусияга карата этиет мамилени жактаган өлкөлөр менен Польша, Балтика жумурияттары сыяктуу Орусиянын Грузиядагы саясатына айрыкча каршы болгондордун ортосунда карама-каршылык барбы?
Е. Смолар: - Самитте өтө динамикалуу жана терең талкуу болоорунан мен шек санабайм. Бир жагынан, Польша, Балтия өлкөлөрү болот. Алар эски мүчөлөрдү, айрыкча орустарга жан тарткандарды позицияларын катаалдантууга көндүрүүгө аракет кылышмакчы. Айрымдар алтургай Литванын президенти айткан санкция киргизүүнү айтышы мүмкүн. Башка өлкөлөр Польша менен, Балтияны сынга алышаары бышык.
"Азаттык": - Бул Евросоюздун өзүндө кризиске алып келиши мүмкүнбү?
Е. Смолар: - Жок, мындан кризис болбойт. Бул абал белгилүү көңүл калуучулукту жаратат. Арабызда "күндүн эң маанилүү маселесинде мунасага келе албайбыз" деген сезимди пайда кылат. Москвага сөзү өтө турган өлкөлөр эмнеге жетише алаарын көрө жатаарбыз. Мындан мен биринчи кезекте, Кошмо Штаттары тууралуу айтып жатам. Бул НАТОнун контексинде өтө маанилүү. Жакында НАТОдо да жыйналыш болот, анда Германия менен Франция кандай сөз айтаарын көрүш керек. Өзүңөр билгендей, Литванын же ал тургай Польшанын айтканына Москва көп маани бербейт. Москвага Берлинден, Парижден же Вашингтондон гана таасир этсе болот.