Бишкекте эл аралык Алтай таануу шеринеси башталды. Ага дүйнөлүк Алтай таануучулардын эки мектебинен: Европа жана Борбор Азиянын окумуштуулары катышып жатат.
Ала качуунун курмандыгы болгон 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызы каза тапкандан бери дээрлик үч ай өттү.
Гитаранын же башка музыкалык аспаптардын коштоосунда обон созгон көчө музыканттары - Бишкектеги жаңы көрүнүш. Таланттуу жаштар чет элдик хиттерден тарта кыргыз ырларына чейин ырдап, Бишкектин көчөлөрүн шаңга бөлөп жатат.
Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры Чыңгыз Айтматовдун "Биринчи мугалим" повестин жаңыча сахналаштырды.
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги "Азаттыктын" журналисти Улан Эгизбаевдин өлүмүнүн себебин иликтеген экспертизанын бүтүмүн жарыялады.
Жогорку сот Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовду камакка алуу боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Райондук сот Ибраимовду 29-августка чейин камакка алуу чечимин чыгарган.
28-июлда жапон элинин маданиятын тартуулаган иш-чара өттү. "Музыкалык Эркиндик" деп аталган иш-чарага шаардыктар, ордо калаанын коноктору катышты. Көрөрмандар жапон аспаптарында да ойноп көрүштү.
28-июлга караган түнү кыргызстандыктар тутулган айды көрө алышты. Бул жолку айдын тутулушу - акыркы жүз жыл ичинде эң узакка созулганы болуп калды.
Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция мэрликке өз талапкерин көрсөттү. Жаңы мэрди шайлоо ушул жылдын 8-августуна белгиленген. Мунун алдында шаардыктарга “Бишкекке кандай мэр керек?” деген суроо узаттык.
Медреседе үч жыл билим алган соң окуучулар дин илимдерин окугандыгы тууралуу күбөлүккө ээ болот, бирок ал күбөлүктү мамлекеттик окуу жайлар тааныбайт. Ошондуктан алардын кошумча кесипке ээ болушу зарыл экендигин бир катар диний эксперттер айтып келет.
Быйыл Кыргызстанда сууга чөгүп өлгөндөрдүн саны 80ге жетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын көбү мас абалындагы эс алуучулар же кароосуз калтырылган балдар экенин эскертүүдө. Ал эми жарандар эс алуучу пансионаттардагы куткаруучулардын саны жана сапаты тууралуу маселе көтөрүшүүдө.
"Аз өмүрүң чоң сабак кайран жигит, Алтын башын мекенге сайган жигит. Чексиздикке талпынган бүркүт элең, Ала-Тооңду бүркүттөй айлан жигит..!" “Данистенин” бул жолку чыгарылышын толугу менен кесиптешибиз Уланбек Эгизбаевдин жаркын элесине арнадык.
Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимов тергөө аяктаганча деп, 29-августка чейин камалды. Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу 19-июлда Ибраимовдун бөгөт чарасын карап, ушундай чечим чыгарды.
Чүй боорундагы Төмөнкү Серафимовка айылында жайгашкан карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын интернатында 350 киши жашайт. Алардын 160ы төшөктөн тура албайт.
Түркия ушул аптада башкаруу системасын өзгөртүп, президенттик башкарууга өттү. Түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын ант берүү аземине Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков катышты.
Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевдин баласы Санжар Нариман уулунун атына катталган үйдү сот аткаруучулардын конфискация кылуу аракети чыр менен коштолду.
Азимбек Бекназаров мурунку ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишинин кыскарышын сындап чыкты.
Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган материалдардын чын- төгүнү иликтенет.
Бүгүн Ысык-Ата районунун Өтөгөн айылынын тургуну, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Муратаалы Будайчиев 99 жашында көз жумду. Аны акыркы сапарга узатууга Башкы штабдын оркестри жана Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн жоокерлери келишти.
Жеңижок акындын 168 жылдыгына карата өтө турган “Айтыш-2018” республикалык сынагына катышуучулар тандалды. Бишкекте өткөн тандоо сынагына кырктан ашык акын катышып, алардын ичинен он алты төкмө акын айтышка катышканга жолдомо алды. Ак таңдай акын Жеңижоктун жаркын элесине арналган республикалык айты
Дагы жүктөңүз