Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирген алтернативдүү жолдун 2014-жылы башталган курулушу аяктай элек.
2013-жылдан бери кыргызстандык "Салкын" текстил фабрикасы өндүргөн товарын КМШ өлкөлөрүнөн тышкары Европага чейин экспорттоп жатат. Эл аралык уюмдардын колдоосу менен фабрика быйыл жаңыланып, жылына 198 тонналык өндүрүмүн 408 тоннага чыгарды.
Бүгүн Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Башкы прокуратуранын казакстандык жаран, активист Муратбек Тунгышбаевди Казакстанга кайтарып берүү токтомун күчүндө калтырды.
Өзбек драмтургу Саид Ахмаддын "Келиндер козголоңу" аттуу легендарлуу комедиясы менен быйылкы театралдык сезонун жаап жаткан Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры элди шаңга бөлөдү.
Бишкекте 20-июнда Кошмо Штаттарынын жарандары асырап алган кыргызстандык балдар жана алардын үй-бүлөлөрү менен теле-көпүрө болду. Ондон ашык үй-бүлөнүн катышуусундагы бул иш-чараны АКШнын Кыргызстандагы элчилиги уюштуруп, Жогорку Кеңештин депутаттары, социалдык өнүгүү министри, бала асыроо боюнча эл
Бишкектин четиндеги жаңы конуштарда салынып жаткан үйлөрдүн дээрлик 80 пайызы ылайдан куюлган кирпич менен тургузулат. Баткактан кыш куйган жумуш бир жылда төрт айга гана созулат. Ушундан улам бул иш менен алектенгендер кышкысын башка экономикалык булак издөөгө аргасыз. Ошентсе да ылай кыштын киреше
Бишкекте "Айым баштайт" ишкер аялдардын жармаңкеси өттү. Анда шаар четиндеги беш жаңы конуштун аялдары бизнестери менен тааныштырды. Алар буга чейин социалдык ишкерлик курсун аякташкан.
Бүгүн Бишкек шаардык соту борбор калаанын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын жабык түрдө карап, соттун мурдагы чечимин күчүндө калтырды.
17-июнда Кыргызстандын Футбол федерациясынын оюн талаасында Кыйноонун курмандыктарын колдоонун эл аралык күнүнө карата футбол турнири өттү.
Бүгүн Бишкекте Балмуздак фестивалы өтүп жатат. Төрт жылдан бери уюштурулуп келаткан иш-чарага балмуздак чыгарган жергиликтүү фирмалар катышууда. Фестивалда миңден ашуун кишиге балмуздак акысыз берилип, тогуз сааттык концерттик программа тартууланууда.
Бишкекте айт намазын окуу үчүн Эски аянтка 30 миңден ашуун адам чогулду. Күбөлөрдүн айтымында, аянтка эл батпай, жол четтеринде да намаз окулду. Муфтий Максатбек ажы Токтомушев башында турган майрамдык намаз саат 7-30да башталды. Ага чейин дин аалымдарынын баяндары жана куттуктоолору айтылды.
Кыргызстанда 71 миңден ашуун акыл оорулуу адам каттоодо турат. Аларды баккан үй- бүлөлөрдүн көбүнүн жашоо-шарты начар. Айрыкча психикалык жактан майып баласын баккан ата-энелердин бирөө сөзсүз иштебейт. Мындай ата-энелерге жана бейтаптарга жардам иретинде 2007-жылдан бери "Менталдык көйгөйү бар жара
Адистер ала качкан кыз-келиндин кийинки тагдыры көп учурда оор болуп каларын белгилеп келишет. Ошондой оор тагдырга туш болгондордун бири "Азаттыктын" кабарчысы менен өзүнүн ымандай сыры менен бөлүштү. Белгилүү себептер менен өзүнүн чыныгы атын жашырып, шарттуу түрдө Айнура деп атаган.
Бишкекте жогорку окуу жайлардын эки миңге жакын студенти кыз ала качууга каршы акцияга чыкты.
Бажы кызматынын мурдагы төрагасы жана Бишкек шаарынын экс-мэри Кубанычбек Кулматов 28-июнга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн кабыл алды.
Бүгүн, 25-май Кыргызстанда миңдеген окуучулар билим уясынан учуп жатышат. Өлкөнүн бардык мектептерин “Акыркы коңгуроо” салтанаты өтүп, окуу жыйынтыкталды. Акыркы жылдары “Акыркы коңгуроого” кечесин өзгөчө шаан-шөкөт менен өткөрүү күчөп баратканы айтылат. Кабарчыбыз Токтосун Шамбетов айрым мектептерд
Болливуд режиссеру Кыргызстандын аймагында терроризм жана экстремизм темасына арналган тасма тартып жатат. Индиялык курч окуялуу фильмде жанкечтиликке даярдалган ооган балдарды куткарган, бейөкмөт уюмда иштеген айымдын окуясы баяндалат.
Илимдер академиясынын Автоматика жана маалымат технологиялары институтунун жамааты имаратты "Жогорку технологиялар паркынын" дирекциясына өткөрүп берүү тууралуу Сапар Исаков премьер-министр кезинде чыккан өкмөттүн токтомун жокко чыгаруу маселесин көтөрүп жатат.
Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов журналисттерге сүйлөп жатып, анын үйүндөгү тинтүү эреже менен жүргөнүн, бирок өзү мындай аракетти "психологиялык басым" катары кабыл алганын айтты.
Кыргыз академиялык драма театрында француз драматургу Жан Ануйдун “Антиго́на” спектакли өттү. Кыргызcтан – Швейцария долбоорунун негизинде даярдалган спектакль француз тилинде сунушталып, кыргыз актерлору да француз тилинде роль жаратты.
Дагы жүктөңүз