Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Өзгөчө абал шартына карабай Эл артисти менен коштошуу зыйнатына келгендер көп болду.
Кыргызстандын медиа коомчулугу өзгөчө абал учурунда ЖМКнын ишин жөнгө салуунун жолун сунуш кылды.
Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов камакка алынды.
Ошто коронавирус жугузуп алганын билип туруп, аны жашырган деген шек менен бир адамга кылмыш иши козголду.
Аткаруу бийлиги жакын арада бюджеттин чыгашаларын кыскартып, ага өзгөртүү киргизүүнү сунуштай турганы белгилүү болду.
Пандемияга байланыштуу коомчулукта дагы эле толгон-токой суроолор бар.
Коронавируска байланыштуу кырдаал өлкөдөгү кадр саясатына карата сынды күчөттү.
Бишкекте милиция кызматкери өткөрмө кагазын сатуу үчүн шектүү катары кармалды.
Президенттин сынынан кийин вице-премьер-министр жана саламаттык сактоо министри алмашты.
Дааватка барып келген кишилерден коронавирус чыкканы Интернетте талкууланууда.
Кыргызстанда 30-мартка карата дагы 10 кишиден коронавирус табылды.
Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп спикердин мурдагы кеңешчиси Алмазбек Сабырбеков бекитилди.
Кыргызстанда коронавирус аныкталган 44 адамдын алтоо реанимацияга которулду.
Кыргызстанда саат кечки 8ден эртең мененки 7ге чейин коменданттык саат болот.
Кыргызстанда дагы 26 адамдан коронавирус табылды. Өлкөдө COVID-19 вирусу жуккандардын саны 42 адамга жетти.
Кыргызстанда дагы эки кишиден коронавирус чыкты.
Коронавирустан улам «кичи ажылыктын» жоопкерчилиги боюнча ар кандай суроолор берилип жатат.
Өлкөдө коронавирус жуккан жаңы үч киши аныкталды. Алар да Сауд Арабиясына умрага барып келген.
Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган COVID-19 вирусунан ар ким ар кандай коргонуп жатат. Жогорку Кеңештин депутаттары вирустун кантип алдын алып жатат?
Чек аралар жабылгандыктан чет өлкөгө саякаттоо үчүн барган кыргызстандыктар келе албай жатат.
Дагы жүктөңүз