Аткаруу бийлиги жакын арада бюджеттин чыгашаларын кыскартып, ага өзгөртүү киргизүүнү Жогорку Кеңешке сунуштай турганы белгилүү болду.
Өкмөт кыргыз-орус өнүктүрүү фондунда колдонулбай жаткан каражаттын 200-250 млн. долларын экономикага тартуу жолун карап жатат. Андан тышкары донорлор, эл аралык каржы булактардан акча алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев 7-апрелде брифингде айтты.
Анын маалыматына караганда, Эл аралык Валюта Фонду Кыргызстанга бөлгөн 120,9 млн. доллардын алгачкы бөлүгү өлкөнүн эсебине 31-мартта түштү. Бул каражат бюджетти колдоого жана коронавируска каршы иштерге сарпталат.
«Ушу тапта Азия өнүктүрүү банкынан 100 млн. доллар, Европа өнүктүрүү банкынан 100-150 млн. доллар алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Дүйнөлүк банктын буга чейин Кыргызстанда колдонулбай калган 9 млн. долларын колдонуу максатын өзгөртүп, дары-дармек алууга жумшоого макулдук алдык. Аталган банк бизге дагы 12 млн. доллар бөлүп берүүнү чечти. Андан тышкары Ислам өнүктүрүү банкы менен да сүйлөшүүлөр болуп жатат», - деди Асрандиев.
Каражаттар насыя жана грант түрүндө алынууда. Коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам президент Сооронбай Жээнбеков да эл аралык каржы институттарынын Кыргызстандагы өкүлдөрү менен тез-тез жолугуп финансылык колдоо көрсөтүүнү сурап жатат.
Экономист Мейманбек Абдылдаев Кыргызстанга окшогон экономикасы чабал мамлекеттер насыя алууга, жардам суроого мажбур экенин билдирип, бирок аны колдонуу, бөлүштүрүү ишине көңүл бурууга чакырды.
«Мурда бюджеттен каражат уурдап жүргөндөр кайра эле келген акчаны көзөмөлдөп жатса, аларга канчалык ишеним бар? Айла жок, эми иштин баарын ошолор тейлейт. Акчаны бөлүштүрүүнү, аны колдонууну коомчулук тыкыр көзөмөлдөш керек. Бирок коомчулук аны камсыз кыла аларына ишенбейм».
Кыргыз өкмөтүнүн алдын ала эсеби боюнча коронавирустун кесепетинен быйыл өлкө бюджетине 28 млрд. сом же 400 млн. доллар түшпөй калышы мүмкүн.
Буга кошумча аткаруу бийлигинде чет жактагы мигранттардан келген акча 15 пайызга чейин кыскарат деген божомол бар. Быйыл январь айында эле мурдагы жылдарга караганда акча которуу 14% кемиген. Расмий маалымат боюнча эмгек мигранттары өлкөгө жыл сайын 2 млрд. доллардан ашык акча салат.
Талдоочу Сейтек Качкынбай кыргыз мигранттарынын көбү Орусияда экенин жана аталган өлкөдө жумуш апрель айынын аягына чейин токтогонун эске салды. Андыктан мигранттар которчу акча бир топ эле азаярын жана өлкөдө бюджеттик жоготуулар мындан да көп болушу мүмкүн экенин болжоп жатат.
«Өкмөт «бюджетке 400 млн. доллар түшпөй калышы мүмкүн» деди. Бирок жоготуу мындан да көп болот. Азыр 18% инфляция эле 400 млн. долларга чыкты. Демек, бюджетке түшпөй калган акча менен инфляция эле 800 млн. долларды түзөт. Ага кошумча бизде жыл сайын бюджет 300 млн. доллардын тегерегинде дефицит менен жабылат. Ушуну менен быйыл казынада баш-аягы 1 млрд. 100 млн. доллар жоготуу болот».
Өкмөт бюджеттин чама-чаркын эске алып эл аралык каржы уюмдардан алынган грант, насыяларды мамлекеттик кызматкерлерге айлык, жарандарга жөлөк пул, пенсия бериш үчүн короткону жатат.
Алынган каражаттын бир бөлүгү дары-дармек сатып алууга, медицина тармагына бөлүнөрү сөз болду. Эркин Асрандиев өкмөттүн бизнеске акчалай колдоо көрсөтүүгө чамасы чак экенин дагы бир жолу кайталады.
«Биз башка өнүккөн мамлекеттерге окшоп ишкерлерге бюджеттен бекер насыя, акча берип же толугу менен салыктан бошото албайбыз. Муну ачык айтышыбыз керек».
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да буга чейин өкмөт бизнести колдош үчүн бардык чараларды көрө турганын, бирок финансылык жактан жардам берүүгө мүмкүнчүлүк жок экенин билдирген. Аткаруу бийлиги ишкерлерди колдоо катары бизнес чөйрөсүн текшерүүгө киргизилген мораторий 2021-жылдын аягына чейин узартылганын кабарлады.
1-октябрга чейин ишканаларды туум менен айып пулдан, жеке ишкерлерди камсыздандыруу полисинен бошотуу, кичи жана орто бизнестегилерге камсыздандыруу акысынын тарифин беш пайызга арзандатуу чечимдери да бар.
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров өкмөттүн бизнес чөйрөсү боюнча турумун сынга алып, Кыргызстанда ишкерлерди колдоого ички ресурстар жетиштүү экенин айтып жатат.
«Эркин Асрандиевдин «бизде акча жок, бизнеске жардам бере албайбыз» дегени саясий жактан да туура эмес. Бул – ал бюджетти билбегендигин жана кызматка жаңы гана барганын көрсөтүп турат. Анткени өзгөчө абал мындан ары да узара турган болсо да өкмөттүн мүмкүнчүлүгү жетет. Биз бюджетти бекитип жатканда тышкы карызды төлөгөн күндө да жалаң корголгон беренелер менен 16 млрд. сом запасы менен бекитип бергенбиз. Андан тышкары резервде 1 млрд. 25 млн. сом бар. Асрандиев элге үмүт берүү ордуна «биз байкушпуз, эч нерсебиз жок» дегени вице-премьер-министрге жарашпайт», - деди депутат.
Аткаруу бийлиги Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында өзгөчө абал киргизилгенине байланыштуу кыска мөөнөттүү антикризистик планын бекиткен. Өкмөттүн маалыматы боюнча, эми 2020-жылдын аягына чейин аткарыла турчу иштер, тобокелдиктер камтылган план иштелип жатат.
Эркин Асрандиев аткаруу бийлиги бир катар чыгашаларды кыскартууга барарын жана бюджетке өзгөртүү киргизүү сунушу жакын арада парламентке киргизилерин кошумчалады. Бирок чыгашаларды кыскартуу боюнча так сандарды айткан жок. Акылбек Жапаров артыкбаш чыгымдарды азайтуу боюнча өкмөткө сунуштарын берди.
«Бюджетте ички карызды тейлөө үчүн 12,6 млрд. сом бар болчу. Ички карызды төлөөнү кийинки жылга жылдырып ал акчаны бизнести колдоого жумшаш керек. Бул карыздар өзүбүздүн эле коммерциялык банктардын алдындагы карызыбыз. Ошондуктан ички карыз күтө турат. Мындан тышкары тышка карызга 16 млрд. сом каралган. Тышкы карызды төлөөнү да токтоту туруп, биз карыз алган каржылык уюмдар, өнөктөштөргө кат жиберип, «быйыл төлөй албайбыз келерки жылга калтыргыла» деп сурашыбыз керек. Эгерде сарптап жиберишпесе эле ушуларды эске алганда өкмөттүн эсебинде 160 млн. доллар акча турат. Мындан тышкары быйыл ар кандай жабдыктарды алганга деп 20 млрд. сомду өзүнчө бөлүп койгонбуз. Биз 58 млрд. сомду маянага бөлөбүз. Андан тышкары кызматкерлердин муктаждыктары үчүн 22 млрд. сом каралат. Мен ошонун жарымын – 10 млрд. сомду кыскарткыла деп сунуш кылгам. Кызматтык сапарларды, ар кандай сатып алууну толук токтотуш керек. Башкача айтканда, обу жок чыгашаларды азайтыш керек. Бизде акыркы тапта чыгаша жагы такыр эле иреттелбей калды».
Жапаров өкмөттүн өзгөчө абал учурундагы бюджети кечигип жатканын, ошондуктан кийин биринчи кварталдын чыгашалары боюнча Финансы министрлиги укук коргоо органдарына жооп бериши керектигин эскертти.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.