Буга улай эле экөөнө ишенип отуруп өлкө азыркыдай кырдаалга кептелгенин айткан президент Сооронбай Жээнбековдун сөзү тарады.
Бул өкмөттөгү кадрдык алмашуулар менен COVID-19 вирусунун Кыргызстанда жайылышына жоопкер адамдардын маселесин кайра козгоду.
Коопсуздук кеңешинин катчылыгы экс-вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев эмнеге кызматтан кеткени боюнча кенен түшүндүрмө таратты.
Алардын орчундууларына токтолсок, Коопсуздук кеңешинин маалыматына караганда, 27-январдан 31-мартка чейин кеңеш коронавирус боюнча беш ирет отурум өткөргөн. Анда оорунун өлкө аймагына киришинин алдын алуу боюнча чечимдер кабыл алынып, республикалык штаб түзүлгөн. Алтынай Өмүрбекова анын жетекчиси болуп дайындалган.
Маалымат боюнча, штаб лабораторияларды, анын ичинде мобилдүү лабораторияларды уюштуруп, аларды зарыл болгон ПЦР-тесттер жана материалдар менен жетиштүү камсыздашы керек болчу. Бирок коронавирусту аныктоо үчүн болгону эки гана лаборатория иштетилип, кийин дагы үчөө кошулган. Ушу тапта 10 лаборатория иштеп жатат.
Январдын аягында реагенттердин жана вируска анализ алчу тесттердин баасы төмөн болгон. Бирок жабдыктар убагында алынбагандыктан пандемия жарыяланганда ага суроо-талап көбөйүп, баасы үч эсеге кымбаттап кеткен.
Ал эми январда вирусологдор менен лаборанттардын коронавирус жуктуруп алгандарды аныктоо жана алардын анализдерин алуу үчүн тест алуу боюнча Космосбек Чолпонбаевге бир нече жолу кайрылуусу жоопсуз калган.
Министрликке дарыгерлерге коргоочу атайын кийим, беткап, мээлей, дезинфекциялоо каражаттары, реагенттерди алуу тапшырылган. Ал да толук аткарылган эмес. Коопсуздук кеңеши Өмүрбекова менен Чолпонбаевдин шалаакылыгынан коронавируска чалдыккан адамдар өз убагында аныкталбай, толук айыкканга чейин обсервацияга жаткырылбаганын билдирди.
Бул билдирүүгө улай эле президент Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук кеңешинин акыркы жыйынында мурдагы эки чиновникти сындап сүйлөгөн сөзү чыкты.
«Лабораториялар убагында иштебей баары күтүп жатат. Алтынай Сейитбековна, штабдын жетекчиси катары сизге да айттым эле. Бүт күнөө силерден кетти! Силердин жоопкерчиликсиз мамилеңерден ушундай акыбалга келгенибизди ачык айтам. Мына ушуга чейин ПЦРлер (Полимераз чынжыр реакциясы) чыкпай турат. Телевизордон көрүп иштеп жатышат деп ишенгем силерге. Көрсө силер чечим кабыл албай эле жүрө бериптирсиңер. Маселени чечпей бирөөгө шылтаганды жакшы көрөсүңөр. Аким, губернатор же дагы бирөө иштебейт да, калган баарыңар эле иштеп жаткан болосуңар. Социалдык тармакты тейлеген Алтынай Сейитбековна, сизге саламаттык сактоо министрине баарыңарга «Шалаакылык үчүн керт башыңар менен жооп бересиңер. Вирус дүйнө жүзүнө кантип тарап жатканын көрүп жатасыңар. Кайдыгер мамиле кылганга болбойт. Муну алдын алып токтотуш керек» деп 27-январда эле айткам».
Президенттин сынынан кийин берген арыздарына ылайык 1-апрелде Алтынай Өмүрбекова вице-премьер-министрликтен жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматынан кетти. Ошол эле күнү Аида Исмаилова вице-премьер, Сабиржан Абдикаримов саламаттык сактоо министри болуп дайындалды.
Алтынай Өмүрбекова Коопсуздук кеңешинин соңку билдирүүсү боюнча комментарий берүүнү туура көргөн жок. Ал жумуштан бошотулгандан кийин Би-Би-Синин кыргыз кызматына курган маегинде медициналык каражаттар тууралуу буларга токтолгон.
«Менин түшүнгөнүмө караганда, COVID-19 вирусуна ылайык реагенттер дүйнөдө тартыш экен. Биздин ПЦР (Полимераз чынжыр реакциясы) анализ жасаган жабдыктар европалык стандарттар менен чыгарылыптыр. Аталган жабдыктардын техникалык өзгөчөлүктөрүнө бардык эле реагенттер туура келбейт экен. Реагентти аралашма деп койсок болот. Биздин жабдыктарга жарай турган реагенттерди жасаган Орусия менен Беларус аны сыртка ташууга тыюу салыптыр. Жетекчилер реагенттерди жеке сүйлөшүү жолу менен алып жаттык. Орусия жардам катары берди. Беларус менен да сүйлөшүүлөр жүргөн, алардан да реагент келмек».
Өмүрбекова жетектеген штаб COVID-19 вирусунун өлкөгө киришин алдын алуу боюнча утур-утур жыйындарды өткөрүп турган. Аталган штаб чет жактан Кыргызстанга келген адамдарды карантинге алуу, аларды обсервацияга жаткыруу тартибин аныктап, кырдаалга жараша чечимдерди кабыл алат.
Республикалык штабдын курамында министрликтердин өкүлдөрүнөн тышкары президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев да бар.
Саясат талдоочу Айданбек Акматов вирустан улам өлкөдө кырдаалдын оорлоп кетишине президенттин да күнөөсү бар деген пикирде.
«Кыргызстанда президенттер хандык башкарууга үйрөнүп, ушуга көнүп алышкан. «Буйрук бердим. Ушуну менен бардык ишти жасадым» деп ойлошот. Бирок ишке өзү да киришип маселе кандай чечилүүдө, кайсы облуста кандай иш аткарылды ар бирин карап, күн сайын текшерип, көзөмөл кылып сураган эч ким жок. «Мен буйрук бергем. Сен жасадыңбы?» деген үстүртөн мамиле. Экинчи жагынан көп нерсени жасаганга мамлекеттин финансылык чамасы аз болчу. Бирок ошол аз нерсени да туура пайдаланбай «мен сага айттым, сен кылган жоксуң» деген жоопкерчиликсиз мамиле менен азыркы акыбалга келдик. Коркунучтуу тумоо, калктын саламаттыгы боюнча сөз болуп жатканда Кыргызстандагы эң чоң маанилүү орган - Коопсуздук кеңешинин башында турган президент, өкмөт башчы республикалык штабдын ишин жеке өздөрү көзөмөл кылышы керек эле».
Коопсуздук кеңешинин акыркы билдирүүсү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге айтылган сындарды да күчөттү. Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев Абылгазиевдин өкмөтү боюнча буларды белгиледи.
«Азыркы кырдаалга премьер-министр толук өкмөт мүчөлөрү менен жооптуу. Премьер-министр Жогорку Кеңешке келгенде «биз бул оорунун алдын албай калдык. Отставкага кетүүгө даярбыз» деп айтышы керек эле. Эки-экиден министр, вице-премьер-министрлерди кызматтан алып жаман көнүп алышты. Иштей албаса өкмөт толук курамы менен кетиш керек. Аткаруу бийлигинин 90% курамы алмашты. Мурдагы министрлер начар чыгып премьер-министр өзү эле жакшы иштеп жаткандай кызматта отура бергени туура эмес. Командаң менен келгенден кийин иштей албасаң, командаң менен кетиш керек да. Ал эми Алтынай Сейитбековна боюнча социалдык тармакта жазылган пикирлерди окуп жатам. Бардыгы тең «аны кызматтан алуу туура эмес болду» деп айтышууда».
Коопсуздук кеңеши жогоруда кызматтан кеткен жетекчилердин жоопкерчиликсиз мамилесинен улам өлкөдө оор кырдаал жаралганын билдирди. Жарыяланган түшүндүрмөдө «бул эпидемиологиялык абалга терс таасирин тийгизип, ооруну жуктуруп алган жарандардын санынын өсүшүнө алып келди» деп жазылган.
Талдоочу Бакыт Рыспаев кадрларды иштен алуу менен маселе чечилбесин белгиледи.
«Коопсуздук кеңешинде көтөрүлгөн маселе туура. Бирок ишиндеги кемчилик үчүн кызматкерлерге чара көрүү жолго коюлган эмес. Эки кишини жумуштан алып койгон менен маселе чечилбейт. Мисалы, кызматтан кеткен эки адам ушул орунга сунушталып жатканда аларды мактап-жакташкан да. Аларды сунуш кылгандардын жоопкерчилиги каякта? Саламаттык сактоо министри «Баары жайында, баары көзөмөлдө» деп айтып жатып оору жайылып кетсе деле ал жумуштан кетүү менен чектелеби? Ушуну чара көрүлдү деп айтса болобу?».
Учурдагы өкмөттүн баштапкы курамынан Абылгазиев өзү, биринчи-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана ички иштер министри Кашкар Жунушалиев гана калды. Калган үч вице-премьер-министр, министрлер жана комитеттер менен агенттиктердин жетекчилери дээрлик толугу менен алмашты. Ишиндеги кемчиликтери жана чуулуу окуялар үчүн буга чейин да бир катар кызматкерлер жумушунан кол жууган.