Медицина жаатындагы эксперттер вирус жуккандар кескин көбөйөрүн эскертип жатышат. Өкмөт кырдаал өзгөрбөсө мындан да катаал чара көрүүгө мажбур болорун билдирди.
Кыргызстанда Коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча республикалык штаб 30-мартта өлкөдө СOVID-19 вирусу дагы 10 кишиден аныкталганын кабарлады. Алардын баары тең Жалал-Абад облусунун Сузак районунда.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус 94 кишиге жугуп, алардын ичинен Сузактан үч бейтап айыгып чыкты. Вирус табылгандардын ичинен Жалал-Абад облусунда 50 киши, Ош облусунда – 24, Чүй облусунда – 3, Баткен облусунда – 1, Ош шаарында – 8, Бишкек шаарында – 7, Нарын облусунда – 1 киши катталган. Коронавирус аныкталгандардын 53ү аялдар, 41и эркектер.
Вирус жуккандардын эң кичүүлөрү - бирге толо элек эки ымыркай. Дагы жети бала 15ке чыга элек. 16дан 19 жашка чейинкилер төртөө, 20-35 жаштагылар 29 адам, 35-55 жаштагылар 23 киши. Ал эми 55 жаштан жогору курактагылар 29 киши.
Өлкөдө вирустун биринчи учуру 18-мартта катталып, илдет үч адамга жукканы аныкталган. Андан бери 13 күндүн ичинде бейтаптардын саны 94 кишиге жетип, СOVID-19 вирусу беш облуска жайылды. Ысык-Көл жана Талас облустарында вирус чыккан жок.
Илдеттин жайылышынын алдын алыш үчүн бийлик 25-марттан тартып Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондоруна, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районуна өзгөчө абал киргизген. Ага ылайык коменданттык саат бекитилип, өзгөчө абал режими киргизилген аймактарда кечки саат 8ден таңкы 7ге чейин бардык кыймылга тыюу салынган. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов эгерде өлкөдө абал өзгөрбөсө катаал чара көрүүгө туура келерин эскертти:
«Коменданттык саат киргизип, элди «түндө көчөгө чыкпагыла» деп отургузуп, күндүз бардык кыймылга уруксат берип койсок натыйжасы начар болот. Ал эми күндүз да кыймылды тыйып, жашоону токтотуп койгонго да мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан азырынча күндүз кыймылды толук токтотпой, элдин көчөгө чыгышын болушунча азайтып жатабыз. Карантиндин тартибин жөнгө салуу жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Бишкекте 410 жөө кайгуул түзүлдү. Бир офицер менен эки сержанттан турган топ шаарды кыдырып, сыртка чыккандардын себебин тактап, үйлөрүнө киргизет. Эгерде абал мындан да оорлоп кетсе азыркы айтылган шартка (24 саат бою коменданттык саат киргизүү) барууга туура келет. Анда бизде өзгөчө абал киргизилген аймакта жашоо толук токтошу керек. Ошондуктан ар бир адам өзүнө чектөө коюшу зарыл».
Буга чейин коронавирус негизинен Сауд Арабиясына умрага баргандар менен чет өлкөдөн келгендерден чыгып жаткан. Бирок акыркы убакта өлкөдө илдетти бири-биринен жугузгандар чыга баштады. Республикалык штабдын маалыматы боюнча, Кыргызстанда экспресс-ыкма менен лабораториялык изилдөөлөрдөн 5380 адам өткөн. Ал эми ПЦР-тест аркылуу 13 682 адамдан анализ алынган.
Медицина жаатындагы эксперт Айбар Султангазиев Кыргызстандагы акыркы кырдаалды эске алганда илдет жуккандар кескин көбөйүшү мүмкүн экенин айтты:
«Вирусологдордун маалыматы боюнча вирус жуккандардын саны 100дөн ашкандан кийин коронавирус аныкталгандар тез көбөйөт. Мисалы, башка мамлекеттерди карасак 100дөн 1000ге чейинки аралыкта 7-10 күндөй убакыт өтөт. 1000ден 20-30 миңге чейин дагы 10 күн кетет. Азыр күнүгө 10-20 бейтап деп жатсак, кийин жүздөп санап калабыз. Анткени вирусту биринчи жугузгандар кичи ажыдан 12-13-мартта келишкен. Андан кийин алар туугандарын, кошуналарын чакырып той өткөрүштү. Андан бери 13-14 күн өттү. 26-28-март күндөрү вирус жугузгандар көп чыга баштады. Анын үстүнө эти ысыгандар ооруканага дароо келбейт. Алар оору өтүшүп баратканда гана келет. Ошондо 30-марттан баштап 5-апрелдин тегерегинде бейтаптар кескин көбөйөт. Алардын 20% вирустун оор формасы менен оорушу мүмкүн».
Султангазиев ушундан улам Кыргызстан боюнча өзгөчө абал киргизиш керек деп эсептейт.
«Үч шаарга жана айрым райондорго өзгөчө абал киргизгенден кийин деле вирус Нарынга да жетти. Ошондуктан өзгөчө абалды республика боюнча жарыялаш керек. Бир ай үйдө отурсак вирус жугуу коркунучу азаят. Бирок айыл чарбасы менен алектенгендердин иштешине уруксат бериш керек. Алар да эч ким менен контактта болбошу зарыл. Экинчиден, коронавирус жуккан адамдар менен байланышта болгондорду издөө жакын арада мүмкүн болбой калат. Анткени бизде эпидемиологдор жетишсиз. Андыктан адамдарды изоляция кылыш керек. Андан тышкары дарыгерлер үй карантининде жаткан адамдарды тез-тез карап турууга туура келет. Бирок ал үчүн дарыгерлердин атайын кийимдери жок. Аларды камсыз кылыш керек».
Коронавирустун жайылышын токтотуш үчүн өзгөчө абал киргизип, адамдарды үйүндө кармоодон тышкары дагы кандай чара көрүш керек деген маанидеги талкуулар болуп жатат. Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев өлкөдө бардык жеке менчик медициналык мекемелерге коронавирусту аныктоого уруксат берүүнү сунуш кылды:
«Эгерде оорулуулар көбөйүп кетсе биздин саламаттык сактоо тармагыбыз аны көтөрө албайт. Кошумча каражат берүүгө өкмөттө акча да жок. Ошондуктан айрым маселелердин алдын алууну өкмөт тез арада чече албай жатат. Мен бул боюнча өкмөткө сунуш киргиздим. Жеке менчик ишканалар жумушчуларынын саламаттыгына кызыкчылыгы болуп кызматкерлерин текшертсе жакшы болот да. Муну мамлекет ишке ашыра албайт. Узун кезек болуп кетет. Эгерде жеке менчик медициналык мекемелер да вирусту аныктаса, биз оорулууларды тезирээк таап алмакпыз да, аларды изоляция кылмакпыз».
Адистердин көбү бул боюнча Түштүк Кореянын тажрыйбасын мисал келтирип жатышат. Түштүк Кореяда коронавирус чыккандан көп өтпөй медициналык мекемелерге вирусту аныктоочу экспресс-тесттерди чыгаруу тапшырылган. Ал тесттер бардыгына жеткиликтүү болуп, тест тапшырыш үчүн атайын жайлар ачылган.
Экспресс-тест демекчи, Кыргызстан Беларустан коронавирусту аныктай турган 25 миң тест алдырганы жатат. Буга чейин Кытайдан 112 500 долларга (ташып келүү баасын кошпогондо) 30 миң экспресс-тест сатып алуу маселеси чечилгени кабарланган. Андан мурдараак 5 миң экспресс-тест сатып алынып, анын көбү Жалал-Абад облусуна жөнөтүлгөн.
Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менчик медициналык мекемелерге коронавирусту аныктоого уруксат берүү боюнча депутат Нурбаевдин сунушуна жооп берди:
«Дүйнөлүк тажрыйбада инфекциялык ооруларды аныкташ үчүн анализдерди мамлекет жүргүзөт. Кыргызстанда 9 лабораторияда 13 ПЦР менен изилдөөгө мүмкүнчүлүк бар. Экспресс-тесттерди да берип жатабыз. Анын баары мамлекет тарабынан бекер болууда. Жеке менчик медициналык мекемелер анализ кылса туура эмес иштер болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан мамлекет гана жасайт. Жеке жактар да жасайбыз десе, анда кандайдыр бир келишим болушу керек. Анткени бул иш мамлекеттин көзөмөлүндө болушу зарыл».
Дүйнө жүзү боюнча коронавирус 720 миңден ашык кишиге жукту жана бул оору 34 миңдей адамдын өмүрүн алды. Кыргызстандын коңшусу Казакстанда 265 кишиден, Өзбекстанда 133 адамдан вирус табылды.