Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:06

Кыргызстанда коронавирус жуккандар алты кишиге жетти


Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.
Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Кыргызстанда коронавирустун жаңы үч учуру катталды. Бул тууралуу 20-марттагы басма сөз жыйынында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кабарлады.

Анын айтымында, ооруга чалдыккандар Ноокат районунан аныкталган. Алар да Сауд Арабиясына умрага барып келген.

Кыргызстанда коронавируска үч киши чалдыкканы тууралуу алгачкы маалымат 18-мартта тараган. Ага ылайык, үчөө тең Сауд Арабиясынан кичи ажылыкка барып, 12-мартта Шаржа-Бишкек каттамы менен кайтып келишкен.

Буга байланыштуу Ноокат райондук администрациясынын башчысы Давранбек Маматалиевдин буйругу боюнча Ош облусунун Ноокат районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Буйрукка ылайык, өзгөчө кырдаал учурунда төмөндөгүдөй чаралар жана убактылуу чектөөлөр киргизилет:

1) коомдук тартиптин сакталышы, өзгөчө маанилүү мамлекеттик жана стратегиялык объектилерди, ошондой эле калктын жашоо ишмердигин жана транспорттун иштешин камсыздоочу объектилерди коргоо күчөтүлсүн;

2) эл көп чогулган объектилердин ишмердүүлүгү токтотулсун;

3) райондук штабдык мүчөлөрүнөн сырткары, транспорттун бардык түрлөрү менен Ноокат районунун аймагына кирүүгө, ошондой эле анын аймагынан чыгууга чектөө киргизилсин.

Министрдин маалыматы

20-марттагы басма сөз жыйынында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавирус жаңы табылган үч жаран учурда толук текшерүүдөн өтүп жатканын, ал эми буга чейин аныкталган үч киши Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунда көрсөтүлгөндөй шартта дарыланып жатышканын билдирди. Алтоонун тең абалы канааттандырарлык.

Космосбек Чолпонбаев.
Космосбек Чолпонбаев.

«Азыр текшерүүдөн өтүп, бардык диагнозу аныкталып жатат. Азыр аларда клиникалык белгилер жок. Ал эми буга чейин аныкталгандар тийиштүү изоляциядагы палатада, тийиштүү дарылануудан өтүп жатат. Оорулар козголуп кетпеши үчүн вируска, бактерияга каршы дарылай баштадык. Алардын дене табы көтөрүлүп, түшүп жатат. Абалы канааттандырарлык», - деди Чолпонбаев.

Космосбек Чолпонбаев обсервация үчүн 2290 орун камдалганын кабарлады. Министрдин айтымында, 14 күндүк обсервацияда 410 киши жатат. Анын ичинде коронавирус илдети 18-мартта аныкталган үч жаран менен кошо бир учакта келген 142 киши да бар. Умрадан кайтып келген жарандар менен байланышта болгон 1042 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

Саламаттык сактоо министри умрага барып келгендерге кайрылып, үйдөн чыкпоого, эч ким менен байланышпоого чакырды. Чолпонбаев алардын дарыгерлер көзөмөлдөп тураарын белгиледи.

«Умрага барып келгендер, азыр үйдөн чыкпай отуруңуздар, эч кандай тойго, түлөөгө барбаңыздар. Ар кандай клиникалык белгилер болсо дарыгерлерге кайрылыңыздар. Эң негизгиси - үйдөн чыкпай отурууну суранам. Азыр дарыгерлер тизме боюнча үймө-үй кыдырып, абалыңарды карап, дагы бир жолу анализ алат. Текшерип бүткөндөн кийин сиздерге кеңеш берет», - деди министр.

Өкмөткө түшкөн түйшүк

Өкмөт 19-мартта коронавирус илдетинин жайылышына каршы көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Жогорку Кеңеште маалымат берди. Мунун алдында президент баш болгон бийлик жетекчилери Кыргызстанда COVID-19 вирусу аныкталганына байланыштуу абалды талкуулаган.

Вирус экономикалык тармакка да сокку уруп бир топ эле түйшүк жаратканы калды. Муну өкмөт да алдын ала эскертип, баштапкы эсеп менен быйыл бюджетке 450 млн. доллар түшпөй калышы мүмкүн экенин жарыялады.

Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөткө берген суроо-сунуштарын негизги үч бөлүккө бөлсөк болот. Алар: коронавируска байланыштуу өлкөдөгү кырдаал, анын экономикага тийгизген таасири жана апрель айына белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоо.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттеги баяндамасында умрадан келгендер эмне себептен обсервацияга алынбаганын мындайча түшүндүрдү:

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

«Алар 3-категориядагы мамлекеттен келишкен. Биринчи категориядагылар дароо обсервацияга жаткырылчу. Экинчи категориядагылар 14 күн үй карантинге алынып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жаткан. Үчүнчү топко оору жайылбаган өлкөлөр кирген. Бирок алар да биздин көзөмөлдө болчу. Шаржадан учуп келгендер ушул топко тиешелүү. Алар 12-мартта Сауд Арабиясынан 19 киши болуп бир эле жерден чыгышкан».

Коронавирус катталган Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кырдаал өзгөчө көзөмөлдө турат. Дарыгерлер 24 саат бою санитардык-эпидемиологиялык иштерди, дезинфекциялык чараларды жүргүзүүдө. Облуста эки көчмө лаборатория иштеп жатат.

Өкмөт өлкөдө дары-дармек жетиштүү экенин билдирүүдө, бирок медициналык беткаптарга таңкыстык болуп жатканын мойнуна алат. Жогорку Кеңеште айтылган маалыматтар боюнча, коронавируска байланыштуу дүрбөлөңгө түшкөн кезде Кыргызстанда 3,5 миллион беткап үч күндүн ичинде түгөнүп калган. Анын ичинен 1,5 млн. беткап чет өлкөгө алып кетиш үчүн же алдын-ала алып коюп кийин кымбат сатканы жаткандардан табылган. Ишти Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) иликтеп жатат. Кырдаалга байланыштуу ата мекендик ишканалар беткап чыгара баштады. Алар бир күндө 70 миңдей беткап тигип жатышат.

Жогорку Кеңеште бир катар депутаттар өлкөдө коронавирустун жайылышынын алдын алыш үчүн Кыргызстанда өзгөчө абал жарыялоону сунуш кылышты. Өкмөт азырынча буга негиз жок деп эсептейт.

«Сузак районуна өзгөчө кырдаал киргиздик. Эми умрадан келген 144 адам кимдер менен байланышта болгон, кимдерге жолуккан - ошону аныктап чыгышыбыз керек. Эгерде абал курчуп кете турган болсо өзгөчө абал киргизүү маселесин карап чыгышыбыз керек», - деди Абылгазиев.

Экинчи маселе - коронавирус Кыргызстандын экономикасына да кесепетин тийгизип жатат. Буга байланыштуу жыл башынан бери эле бюджетке 2,5 млрд. сомдон ашык салык түшпөй калды. Аткаруу бийлигинин баштапкы эсебине ылайык, казына быйыл 28 млрд. сомдон ашык каражаттан куру калат. Финансы министрлиги мындай жүрүштө бюджеттин аткарылышы 85% айланасында болорун билдирди.

Экономикадагы дагы бир маселе - мамлекеттик карыз болуп турат. Депутат Дастан Бекешев казына толбой турган учурда карыздарды төлөөнүн шарттарын өзгөртүү маселесин көтөрдү.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

«Эл аралык финансы институттарынан карыздын үстө пайыздарын токтото туруу, негизги карыздарды бир-эки жылга жылдыруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүү керек», - деди ал.

2020-жылдын 31-январына карата Кыргызстандын мамлекеттик (тышкы, ички) карызы 4 млрд. 616,56 млн. АКШ долларын түзөт. Анын ичинен 3 млрд. 874 млн. доллары тышкы, 742 млн. АКШ долларына жакыны ички карыз.

«Быйыл тышкы жана ички карызга 28 млрд. сом керектелет. Анын теңи доллар менен төлөнөт. Экономика сом менен болгондон кийин карызды доллар жана башка валюта менен төлөгөн оор. Сомдун курсунун түшкөнү абдан оор болуп жатат», - деди өкмөт башчы Абылгазиев.

Өлкөдөгү экономикалык шартка байланыштуу Улуттук банк коммерциялык банктардан жана башка каржы-насыя уюмдарынан насыя алган ишкерлерди колдоо тууралуу токтом чыгарды. Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 19-мартта парламентте сүйлөп жатып насыя келишиминин шарттары кайра каралып чыга турган болсо кошумча төлөмдөрдү алууга, насыясын убагында төлөй албай калгандарды айыппул төлөтүүгө убактылуу тыюу салынганын билдирди.

Коронавирустан улам арасат жолдо турган дагы бир маселе - бул 12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоо. Айрым депутаттар вирустун жайылышын алдын алыш үчүн билим берүү мекемелери каникулга таратылып, той-аштарга тыюу салынганын эске салып, эми шайлоону да жылдырууну сунуш кылып жатышат. Бул демилгени көтөрүп чыккандардын бири - депутат Канатбек Исаев.

Канатбек Исаев.
Канатбек Исаев.

«12-апрелде беш чоң шаарда шайлоо өтөт, - деди ал. - Алардын ичинде Ош жана Токмок шаары коңшу Казакстан менен Өзбекстанга жакын жайгашкан. Ал өлкөлөрдө да вирус чыкты. Шайлоодо бир шайлоо участогунда 2000ден киши чогултабыз. Андан тышкары үгүт иштери болуп жатат. Үгүт кылып жүргөн адамдар ар бир үйгө кирет. Акча таркатылат. Бул илдет акча менен да жугат деп сөз болуп жатат».

Бул маселе президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана парламенттин фракция жетекчилери менен өлкө аймагында коронавирус аныкталганына байланыштуу абалды талкуулаганда да сөз болгону айтылды. Премьер-министр анда шайлоону жылдыруу же өз убагында өткөрүү маселеси кырдаалга жараша бир жумада белгилүү болорун билдирди. Шайлоо боюнча дагы бир депутат Руслан Чойбеков пикири менен бөлүштү:

Руслан Чойбеков.
Руслан Чойбеков.

«Шайлоого бир ай калды. Биз азыр чечим кабыл алышыбыз керек. Шайлоого 64 млн. сом сарпталат экен. Андан көрө бул каражатты вирус менен күрөшүүгө жумшайлы. Шайлоону жылдырууну суранабыз».

Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш өкмөткө оорунун жайылышына жол бербөө, калкты дары-дармек жана азык-түлүк менен өз маалында камсыз кылуу, тартип жана жоопкерчилик чараларын катуулатуу, чек арадан өткөн жарандарга көзөмөлдү күчөтүү жаатында бир катар тапшырмаларды берип, токтом кабыл алды.

Парламент өкмөттүн өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсепти толуктоо үчүн мамлекеттик бюджеттик резервден 200 млн. сом бөлүп берүү жөнүндө сунушуна да макулдук берди.

Коронавирус аныкталган адамдардын кичи мекени болгон Сузак районундагы Благовещенка, Орто Азия жана Бостон айылдарында өзгөчө кырдаал киргизилген.

Декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында башталган коронавирус илдети тездик менен дүйнөгө тарап, үч айдын ичинде дээрлик он миң кишинин өмүрүн жалмады. 20-мартка карата оору дүйнөнүн 156 өлкөсүндө катталды. Акыркы суткада илдеттен 997 киши жарык дүйнө менен кош айтышты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG