"Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист, педагог-режиссер.
Жогорку Кеңеш кабыл алган “Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө” мыйзамга жарандык коомдун өкүлдөрү тынчсыздануусун билдирүүдө. Алар бул мыйзамдын кабыл алынышы менен жеке мүлктөрдү тартып алууга Куралдуу Күчтөргө жол ачылат деген кооптонууларын айтышууда.
Саясат таануучулар Пакистандагы талиптердин согушу Орто Азия чөлкөмүнө, анын ичинде Кыргызстанга дагы терс таасирин тийгизүүсү мүмкүн деген божомолдорун айтышууда. Президент К.Бакиев дагы Нарын облусундагы иш сапарында Пакистан менен Ооганстандагы кырдаал кыйындап баратканын, бул маселе жакында Шанхай кызматташтык уюмунун жыйынында козголорун билдирди.
Президенттик шайлоого карата бардык талапкерлерге мыйзамга ылайык бирдей шарттар түзүлбөй, өлкө башчысы Курманбек Бакиевге өзгөчө мүмкүнчүлүктөр берилип, административдик ресурстар иштеп жатканын БЭКтин мүчөлөрү жана жарандык коомдун өкүлдөрү айтышууда.
Бүгүн премьер-министр Игорь Чудинов президенттик шайлоого карата даярдыктар боюнча республикалык штабдын отурумун өткөрүп, Ысык-Көл облусунун жана Ош шаарынын администрациясы шайлоочулардын тизмесин түзүүдө калпыстыктарды кетирип жатканын айтып сынга алды.
Бүгүн Бириккен Элдик Кыймылдын саясий бюросу аймактык курултай өткөрүүгө Түп районунда жергиликтүү бийлик тоскоолдук кылганын талкуулады. Саясат таануучулар жергиликтүү бийликтин жана милиция кызматкерлеринин оппозицияга карата кысымы элди иренжитип, бийликке болгон ишенимин жоготот деген көз караштарын айтышууда.
30-май күнү кечки саат тогуздарда Түпкө курултайга бараткан "Ата Мекен" партиясынын эки чакан автобуска түшкөн мүчөлөрүн райондук милиция кармап суракка алып, күчкө салып кайра артка кайтарды. "Ата Мекендин" лидерлеринин бири Б.Шерниязовдун "Азаттыкка" телефон аркылуу учкай айтканына караганда, милиция кызматкерлери менен кошо келген ак кепкачан жигиттер, аялдардын колун толгоп машинадан түшүрүп, каалагандай мазакташты.
27-майда мамлекеттик тил комиссиясынын сынагынан президенттикке бирдиктүү оппозициядын талапкер болгон Алмазбек Атамбаев ийгиликтүү өттү. Комиссиянын 9 мүчөсү тең аны кыргыз тилин билет деп баалашты. Талапкердин өзү болсо Кыргызстандын башкы башоорусу дүйнөлүк кризис эмес, үй-бүлөлүк башкаруу болуп жатканын, эгер президент болуп калса анда ага чекит коёрун билдирди.
Өзбекстандын Ханабад шаарында чыккан тополоңго байланыштуу эки өлкөнүн чек арасын кайтаруу күчөтүлгөн тартипке өткөрүлдү. Өткөн түнү Ханабадда жардыруу болуп, адамдар өлгөнү жөнүндө айтылууда.
Өлкө президенттигине талапкерлердин бири - Акбаралы Айтикеев ишембиде мамлекеттик тил боюнча сынактан өттү. Мындай сынактан буга чейин эки талапкер өткөн.
Президенттикке талапкерлердин бири Жеңишбек Назаралиев кечээ БШК менен Тил комиссиясына кат жолдоп талапкерлерди тил боюнча сынактан өткөрүүнүн азыркы шарттарына макул эместигин айтты. Бул маселеге байланыштуу филология илимдеринин доктору Лайли Үкүбаеваны “Азаттыктын” таңкы түз обосунда кепке тарттык.
Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов өлкөдөгү коомдук-саясий абал, алдыдагы президенттик шайлоо тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна жооп берди. Саясатчынын пикиринде, Кыргызстанды азыркыдай кыйын абалдан чыгаруу үчүн жаңы күч келиши керек.
Кечээ Жогорку Сот Ноокат окуясы боюнча ишти кароону аяктап чечим чыгарды. Аталган окуя боюнча айыпталып жаткандардын жактоочусу Айсалкын Карабаеваны бул чечим тууралуу “Азаттыктын” түз обосунда кепке тарттык.
Жогорку Сотто Ноокат окуясы боюнча сот жараяны уланууда. Бир катар укук коргочуулар менен айыпталып жаткандардын жактоочулары Жогорку Сотко буга чейинки сот чечимдерин жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылышкан. Буга байланыштуу жактоочу Нурдин Чыдыновду “Азаттыктын” таңкы түз обосунда кепке тарттык.
Бүгүн президенттик шайлоого талапкер көрсөтүү мөөнөтү аяктайт. Буга байланыштуу “Азаттыктын” таңкы түз обосунда БШКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Бакытбек Жумагуловго буга чейин канча талапкер арыз бергени, шайлоого даярдыктар тууралуу суроо узаттык.
Жогорку Cотто Ноокат окуясы боюнча соттолуп жаткан 22 адамдын аппеляциялык арызын кароо башталды.
Бүгүн Анижиян окуясына төрт жыл толду. Жүздөгөн адамдардын өмүрүн алган бул кандуу окуянын төрт жылдыгына байланыштуу учурда Бишкекте баш калкалап жүргөн өзбекстандык серепчи Ташпулат Юлдашевди сөзгө тарттык.
Саясий куугунтукка каршы күрөшүү комитети (СаККК) камактагы А. Жекшенкуловду, С.Аргынбаевди, Э.Бөлөкбаевди саясий туткун катары тааныган чечимин жарыя кылды. Аталган комитет бул маселеге эл аралык уюмдарды көңүл бурууга чакырып, бийликтен саясий куугунтукту токтотууну талап кылууда.
Мындан 16 жыл мурда, 1993-жылдын 10-майында Кыргызстан улуттук акчасын - сомду жүгүртүүгө чыгарган. Улуттук Банктын төрагасы Марат Алапаев сомдун азыркы абалы, анын курсун керектүү деңгээлде кармаганга өлкөнүн алтын-акча запастары жетишээри тууралуу "Азаттыкка" кеп салып берди.
Бүгүн Кыргызстанда байланыш жана радио күнү. Отуз жылдан ашуун өмүрүн радио тармагына арнаган ардагер Тенти Орокчиев азыркы учурдагы кыргыз үн алгысынын абалы жөнүндө “Азаттыкка” кеп салып берди.
“Жашылдар” партиясынын мүчөлөрү Петровка чатагына партия төрагасы Эркин Бөлөкбаевдин эч кандай тиешеси жоктугун айтышып, аны тез арада камактан бошотуу талабын коюшууда. Алар бул талап аткарылбаса ар кандай саясий акцияларды өткөрүшөөрүн айтып жатышат. Укук коргоо органдары болсо Эркин Бөлөкбаевди “массалык баш аламандыкты” уюштурууга катыштыгы бар деп айыптоодо.
Дагы жүктөңүз