- Жогорку Соттун Ноокат окуясына байланыштуу чечими боюнча эмне айта аласыз?
- Жогорку Соттун бул чечимин элдин тагдырына кайдыгер мамиле менен кароо деп ойлойм.
-Соттолуучулардын айрымдарынын жаза мөөнөтү кыскартылганы тууралуу айтылды эле...
- Бул окуя боюнча айыпталган 32 адамдын 28и гана Жогорку Сотко биринчи жана экинчи баскычтагы соттук кароодо Жазык процессуалдык кодексинин нормалары одоно түрүндө бузулгандыгын жана адам тагдырын чечип аткан лотерея билетинин түп нускасынын жоктугун, андан башка эч кандай далилдин жок экендигин тагыраак жазып туруп, кайра тергөөгө суранган болчу. А бул жерде Жогорку Сот болсо ал арыздарга көңүл бурбастан өздөрү каалагандай чечим кабыл алып, биринчи-экинчи статияда берилген 20 жылга кесилген өкүмдөрдү 17 жылга, кээ бирлерин 13 жылга, кээ бирлерин 14-15 жылга, эки аялга болсо 7 жыл жана эки кичинекей жаш өспүрүм балдарга 5 жыл калтырып, ушундай 5 чечим кабыл алды. Бул чечим туура эмес, себеби дегенде эч кандай далилдердин, так маалыматтын жок экенине карабастан эмненин негизинде 20 жылды, же болбосо 18 жылды 13 жыл кылганы түшүнүксүз болуп калды. Бул негизсиз деп ойлойм.
-Жогорку Сотто мамлекеттик айыптоочу, башкы прокуратуранын өкүлү Жорокул Кубатов “Булар хизбутчулардын ураанын чакырып, аллаху акбар” деген ураанды кыйкырып чыгышкан, ошон үчүн булар хизбутчулар”, - деп айтпадыбы. Бул эмненин негизинде айтылууда?
-Бул киши башкы прокуратуранын соттук тергөөгө катышып аткан прокурору болгондугуна карабастан так маалыматтарды, соттолуучулардын айыбын аныктагандын ордуна ошол катышып аткан укук коргоочулардын баарын силер хизбутчуларсыңар, силер хизбутчуларга кошулгансыңар дегендей айтты. Ал Ноокат окуясы жөнүндө так эте турган эч нерсени айта алган жок.
-Эми сиздер Ноокат окуясы боюнча эл аралык уюмдарга да кайрыласыңарбы?
- Биздин республикада эң акыркы кайрыла турган инстанция экенине карабастан Жогорку Сот ушундай мыйзамсыз чечим кабыл алганына байланыштуу башка жактарга кайрылууга туура келет.
- Маегиңизге рахмат.