«Жашылдар» партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевдин жактоочусу Мукар Чолпонбаевдин айтымында, укук коргоо органдары Бөлөкбаевди мыйзамсыз түрдө, жашыруун уурдап кетишкен.
Жактоочу Эркин Бөлөкбаевдин камалышын бийлик тараптан болгон саясий тапшырма катары баалайт:
-Эркин Бөлөкбаев бүгүнкү күндө Бириккен элдик кыймылдын лидерлеринин бири, бюро мүчөсү болуп эсептелет. Экинчиден ал өзүнүн азыркы бийликке болгон, өзгөчө президентке болгон көз карашын ачык айтып, чындыкты эч качан жашырган эмес. Ошондуктан муну камоого аракет кылышты. Эптеп бир күнөөгө жыгууга аракет кылышты.
Мукар Чолпонбаев белгилегендей, Петровкадагы баш аламандык 26-апрелде башталган. Ал эми Эркин Бөлөкбаев Москва районунун тургундарынын өткүнүчү менен 27-апрелде түштөн кийин Петровкага барып, элди Бишкек-Ош жолун тоспоого үндөп, тынчытууга аракет кылган:
- Болгону ал жергиликтүү бийликтин жана укук коргоо органдарынын жоопкерчиликсиз мамилесинен, шалаакылыганан улам ушул окуя келип чыкканын бетине айтып, ал жерге барган президенттин администрация башчысы Данияр Үсөновдун кыматтан кетүүсүн талап кылган,-дейт Чолпонбаев.
Петровка окуясы боюнча өткөн аптада парламентте маалымат берген ички иштер министри Молдомуса Конгантиев, «бечара кичинекей орус кыз үчүн кыргыздар эмне үчүн мынчалык баш-аламдык уюштуруп жатат»,-деп нааразы болгон. Ал Петровкадагы окуянын чыгышына оппозиция себепкер болгонун айтып, оппозицияны күнөөлөгөн.
27-апрелде президент Курманбек Бакиев министр Молдомуса Конгантиевден Петровка айылында болуп өткөн баш-аламандык туурасында маалыматын уккандан кийин анын башкы себеби – жергиликтүү бийлик органдарынын кылмыш ишине эч кандай чара көрбөй узакка создуктуруп жибергендигинде экендигин белгилеген.
«Кылмыш иши болгонуна үч жума болуптур. Эмне үчүн ушул убакыт ичинде укук коргоо органдары эч кандай чара көрбөй, тиешелүү иштерди аткарбай, ошол наристенин үй-бүлөсүнүн гана эмес, башка адамдардын да суроо-талабына көңүл бурган эмес? Мында күнөөнү кыжырданган адамдарга эмес, акыйкаттыкты орнотууга көңүлкош мамиле жасаган, кылмыш ишин жымсалдап, жашырып-жабууга аракет кылган мерез чиновниктерге коюу керек”, - деген эле президент Курманбек Бакиев.
Ички иштер министринин орун басары Талант Исаев Петровкадагы массалык баш-аламандыкка байланыштуу Эркин Бөлөкбаев, Сапар Аргынбаев, Турат Мадылбеков кармалышып, алардын үстүнөн кылмыш иши козголуп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүлүп берилгенин билдирди:
- Тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жүргүзүп жатат. Мен ойлойм, тергөө бардыгын караштырып, ким канчалык күнөөлүү, же алардын кимисинин катыштыгы жок деген чечимин чыгарат.
Маалымат жыйынына катышкан Саясий куугунтукка каршы комитеттин жетекчиси Топчубек Тургуналиев Петровка чатагы боюнча эки айга УКМК абагына камалган Эркин Бөлөкбаевди саясий туткун катары баалап, бийлик оппозициячыл саясатчыларга укук коргоо органдары аркылуу кысым жасап жатканын билдирди.
Мукар Чолпонбаев болсо укук коргоо органдары учурда бийликтин жазалоочу куралына айланды деп эсептейт:
- Бүгүн бизде укук коргоо органдары Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоонун ордуна, бүгүнкү бийликтин жазалоочу куралы болуп калды. Ал эми сот болсо бийликке көз каранды болуп калган. Ошолордун оюн аткарып, адамдарды күнөөлүү деп таап бере турган органга айланып калды.
Чолпонбаев ушул убакка чейин коопсуздук комитетинде камакта жаткан Эркин Бөлөкбаевдин абалын билүүгө жактоочусу түгүл, туугандарын дагы жолуктурбай жатканын белгилеп, «өткөндө райсотто Бөлөкбаев аны укук коргоо органдарынын кызматкерлери ур-токмокко алганын айтты»,-деди.
«Жашылдар» партиясынын мүчөсү Мукадам Султанова партиянын төрагасы Эркин Бөлөкбаев саясий тапшырма менен жазыксыз камакка алынганын белгилеп, эгерде укук коргоо органдары жакын арада Бөлөкбаевди бошотушпаса, аталган партия ар кандай саясий акцияларды уюштурушарын билдирди.
Буга чейин Эркин Бөлөкбаевге президенттин аброюна шек келтирген делген айып тагылып, Биринчи май райондук сотунда бир нече ирет каралып, эч бир жыйынтык чыгарылбай келген.
Аны 26-апрелде Петровкадагы чатакка тиешеси бар деген шек менен тартип коргоо кызматкерлери 27-апрелде камакка алышкан. Массалык баш аламандыкты уюштурууга катыштыгы бар делип «Болуш» ассоциациясынын жетекчиси Сапар Аргынбаев, «Ата Мекен» партиясынын Чүй облусу боюнча координатору Турат Мадылбеков коопсуздук комитетинин абагында отурушат.