Мамлекеттик тил комиссиясы президенттикке талапкерлигин көрсөткөн Акбаралы Айтикеевге сөз бергенде, ал жакында эле райондорду кыдырып эл менен жолугушуп келгенин, калк арасында коррупция гүлдөп, бийликтегилерге кошоматчылык күч алып баратканын белгиледи.
Айтикеев мындан төрт жыл мурда президенттикке талапкер болуп мамлекеттик тил сынагынан ийгиликтүү өтүп, күбөлүк алганын комиссиянын эстерине салып, президенттик шайлоого талапкерлигин коюп мурда тил сынагынан өткөндөр беш жылда бир эмес, он жылда бир кыргыз тил сынагынан өтүшү керек деген талабын койду.
Тил комиссиясынын төрагасы Ташбоо Жумагулов бул үчүн Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизип, аны Жогорку Кеңеш гана кабыл аларын белгилеп, ага бөлүнгөн убактысын текке кетирбей жазуу ишине киришүүсүн өтүндү.
А.Айтикеев биринчи тапшырма боюнча 45 мүнөттө өзүнүн шайлоо алдындагы программасын жазып, тил комиссияна тапшырды. Сынакатын шарты боюнча кагаз бетине түшүргөн өзүнүн президенттик шайлоо алдындагы программасын 15 мүнөт оозеки айтып берүүсү керек.
Акбаралы Айтикеев болсо мындан төрт жыл мыурда президенттик шайлоодогу теледебаттагы алып баруучунун «Кандай башкаруу формасы туура келет?»-деген суроосуна кандай жооп бергенин эскерди.
-Менин жообум мындай болгон. Бир форма элдин бийлиги. Бирок «Бакиевсиз бийлик»,-деп.
Айтикеев ошондой эле кыргыз элин шайлоого активдүү катышууга үндөп, татыктуу талапкерге добуш берүүгө чакырды. Кыргызстандын алыскы аймактарына маалымат жетпей жатканын дагы жашырган жок.
Андан соң Акбаралы Айтикеев көркөм окуу бөлүгүндө белгилүү жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун «Тилге өбөлгө» деген аталыштагы кыргыз тилине байланыштуу публистикасынан үзүндү окуду.
Тил комиссиясы тарабынан берилген үч тапшырманы А. Айтикеев толук аткаргандан кийин, тогуз кишиден турган комиссия ага мамлекеттик тилди билет деген баасын беришти.
Тил комиссиясынын төрагасы Ташбоо Жумагулов сынакты жыйынтыктап жатып, Айтикеев экинчи тапшырманы шарт боюнча программасын айта баштап, көбүн эсе үгүт ишине кайрылып кеткенин, айрым бир адамдардын дарегине сын-пикирлерди айтканын эсине салып, мындан кийин программадан бүгүнкүдөй башка нукка кеткен талапкерликке ат салышкандарга шарт боюнча жол берилбестигин айтты.
Коомчулукта президенттикке талапкерди мамлекеттик тил комиссиясынан өткөрүү боюнча ар кандай көз караштар айтылууда. Айрымдары муну шайлоо алдындагы теле-шоу катары кабыл алып, башка өлкөлөргө шылдың болобуз дешсе, айрымдары эл башкарган адамдын кыргыз тилин билер-билбесин коомчулук ачык билиши керек дешүүдө.
Президенттикке талапкерлиги көрсөтүлгөн дарыгер Жеңишбек Назаралиев мындан эки күн мурда БШКнын жана Мамлекеттик тил комиссиясынын жетекчилерине ачык кат жолдоп, президенттикке ат салышууга карата кыргыз тилинин киргизилиши мурдагы президент А. Акаев тарабынан таңууланганын, атаандаштарынан коркуп азыркы өлкө башчы К. Бакиев дагы бул иш чараны колдоп, коргоп жатат деген пикирин айткан. Ал ошондой эле Мамлекеттик тил комиссиясын талапкерлерди сынактан өткөрүү менен чектелбей, кыргыз тилинин грамматикасына, фонетика, орфографиясына көңүл бурууга чакырып, сөз байлыгын өстүрүүгө, орус-кыргыз сөздүгүн көбөйтүү зарылчылыгы келип чыкканын белгилеген.
Жогорку Кеңештеги Кыргызстан коммунисттери фракциясынын лидери Искак Масалиев депутаттык топ тил сынагынан жарандарды өткөрүүнү туруктуу жараянга айландырып, талапкерлердин билим деңгээлин сертификат аркылуу бышыктоо максатында мыйзам долбоору даярдалып жатканын «Азаттыкка» берген маегинде билдирди. Анын айтымында, президенттикке талапкерлердин тил сынагын турукташтыруучу мыйзам долбоору күзүндө парламент сынына коюлушу күтүлүүдө.
Президенттик шайлоого болсо туура алтымыш күн калды.