Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:38

К.Бакиев үгүт иштерин эртелеп баштадыбы?


Бакиев баштаган бийликтин колунда административдик ресурс толтура
Бакиев баштаган бийликтин колунда административдик ресурс толтура

Президенттик шайлоого карата бардык талапкерлерге мыйзамга ылайык бирдей шарттар түзүлбөй, өлкө башчысы Курманбек Бакиевге өзгөчө мүмкүнчүлүктөр берилип, административдик ресурстар иштеп жатканын БЭКтин мүчөлөрү жана жарандык коомдун өкүлдөрү айтышууда.

«Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы мамлекет башчысы менен укук коргоо органдарын мыйзамдын чегинде шайлоону эркин жана акыйкат өткөрүү үчүн бардык шарттарды камсыз кылууга үндөгөн билдирүү таратты.

Билдирүүдө аталган уюм көз карандысыз журналисттерге кол салууга, БЭКтин курултайына каршы уюштурулган Түп районундагы окуяга тынчсыздануусун билдиришкен.

Укук коргоочулар президенттик шайлоодо бардык атуулдардын укугун жана эркиндигин коргоого жана укуктук мамлекеттин негиздерин сактоого өлкө башчысы Курманбек Бакиевди кепилдик берүүгө чакырды.

Жогорку Кеңештин СДП фракциясынын лидери Бакыт Бешимов болсо мамлекет башчы К.Бакиев бийликке келгенден кийин өзү баш болуп мыйзамдарды бузуп жатканын белгилеп, президенттик шайлоо таза, акыйкат өтөөрүнө ишенбестигин айтты.

Анын пикиринде бийлик алдыдагы шайлоодо талапкерлерге бирдей шарт түзүүнүн ордуна, Бириккен элдик кыймылдын мүчөлөрүнө тоскоолдук кылып, карапайым калкты коркутуп-үркүтүүгө өттү:

-Биздин СДПнын штабын Караколдо талкалап атса, депутатыбызга расмий адамдар кол салып жатса, биздин жүрүш-турушубузга бүт бардык жерде тоскоолдуктар болуп атса, кол тамга чогулткан биздин агитаторлорду күч органдары, айрыкча түштүктө массалык түрдө коркутуп атса, партиянын мүчөлөрүн СДПдан чыккыла деп басым болуп жатса, анан кайдагы мыйзамдуулукту айтууга болот.

Бакыт Бешимов белгилегендей бийлик төбөлдөрү өтө эле аша-чаап президентке кошомат кылып, өздөрүнүн кызмат ордуларын ыпылас жол менен болсо дагы сактап калуу аракетин көрүп жатканы элдин кыжырын келтирүүдө.

Kyrgyzstan -- Bakyt Beshimov, head of the parliamentary group of opposition SDP, 20apr2009
Бийлик кыргыз коомчулугун жарандык согушка түртүп жатат.











-Азыр коркутуп-үркүтүү, кол салуулар бардык жерде массалык түрдө болуп жатат. ошондуктан эл аябагандай тажады. Азыр алар зорго чыдап турат. Бийлик кыргыз коомчулугун жарандык согушка түртүп жатат, - деди Бакыт Бешимов.

Айрым байкоочулар президент Курманбек Бакиевдин өткөн аптадагы Ысык-Көлдөгү жана ушу тапта Нарын облусундагы иш сапарын түздөн-түз президенттик шайлоого үгүт иштеринин башталышы катары карашууда.

Талдоочулар жергиликтүү администрация президенттикке талапкерлиги көрсөтүлгөн Курманбек Бакиевдин чоңойтулган ондогон сүрөттөрүн жол жээктерине, шаарлардын адамдар көп чогулган жерлерине илип, жолугушууга жүздөгөн адамдарды чогултуусу президенттик шайлоо алдында административдик ресурстардын колдонула баштаганы катары сыпатташууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат жана аналитикалык бөлүмүнүн башчысы Бакыт Жумагулов болсо өлкө башчысынын аймактардагы иш сапарын президенттик шайлоого үгүт иштери катары кароого болбостугун айтты:

-Президенттин бул иш сапары үгүт иштерине кирбейт. Эгерде мага добуш бергиле деп талапкер катары иш аракеттерди жүргүзсө же ошонун айланасында баракчаларды тарката турган болсо анда үгүт иштерине кирип калат.

«Кылым шамы» укуктук борбордун жетекчиси Азиза Абдырасулова Шайлоо Кодексинин 27-беренесинде президенттикке бардык талапкерлерге бирдей шарттар, бирдей мүмкүнчүлүктөр берилет деп туура көрсөтүлгөндүгүн белгиледи.

Анын айтымында, жогорудагы беренедеги шайлоо учурунда президент жана Жогорку Кеңештин депутаттары өздөрүнүн ыйгарым укуктарын аткара беришет деген норма Курманбек Бакиевге жакшы аброй алып келбейт:

-Бул президентке карата өтө коркунучтуу тенденция болуп калып атат. Себеби Кыргызстандагы бүтүндөй административдик
ресурстар президенттин жана президенттик администрациянын колунда. Буга «кошомат кылып кой сойгон» жетекчилер деле өздөрүн көрсөтүп койбодубу. Мына, Түп районундагы окуяда колдонгондой, кошоматтанышып административдик ресурстар колдонулбайт дегенге эч бир кепилдик жок болуп жатпайбы. Анан талапкерлердин элдер менен жолугушуусуна дагы бирдей шарт болбойт. Себеби, жергиликтүү бийлик кимдир бирөөгө тоскоолдук кылып, элдерди чогултууга мүмкүнчүлүк бербей коет. Ал эми президент үчүн андай тоскоолдуктар болбойт. Тескерисинче жергиликтүү администрациялар элди чогултуп келип, бардыгын уюштуруп турушат. Ошондуктан Конституцияны сыйлап, талапкерликти сыйлап, шайлоочуларды сыйлап президент бардык ыйгарым укуктуу иштерин токтотушу керек. Азыркы ишин токтотуп бардыгы менен бирдей талапкерликке аттанышы керек.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат жана аналитикалык бөлүмдүн башчысы Бакыт Жумагулов белгилегендей, Шайлоо Кодексине ылайык шайлоо компаниясы маалында президент өзүнүн милдетин аткара берет.

XS
SM
MD
LG