Канатбектин жаза мөөнөтү дагы 5 жылдан кийин аяктайт. Ал 72деги апасынын жанында болуш үчүн Кыргызстандагы абакка которулууга аракет жасап жүрөт. Канатбек Башкы прокуратурага бир нече жолу кайрылганын, бирок оң жооп ала электигин билдирди.
"2013-жылы февраль айында атам кайтыш болду. Атамдын бир тууган карындашы бар эле. “Кайсы маалга чейин ушинтип жүрөсүңөр? Иштегиле, үй-жай салгыла. Мен силерге жардам берейин”, - деп өзүнүн машинесин берди. “Ушуну менен Москвага каттап иште. Балдарым сени менен кошо барат”, - деди. Ал кезде 38 жашта элем. Ошого чейин маңзат эмне экенин укпаган экенмин. Элге окшоп үйүбүздө сыналгы, үналгы болбогон. Жашообуз оор эле. Ошентип, атамды көмдүк. Мени бул жакка жиберди да. Келдик, үч күн туруп, кайра кеттик. Мен жөн эле барып келе беремби деп сурасам, “балдарым бир фурада дарбыз-коон алып кетишкен, ошолорду коштоп барасыңар, келесиңер, болду” деди. “Алар менен ишиң болбойт, сен машине айдап барып, айдап келесиң” деп айтты. Макул дедим. Маңыроо болбосом, ошонун баарын түшүнүп, билмекмин да".
Ошентип, Канатбек ал машинени айдап, Орусияга бир жолу барып келген. Экинчи сапарында полиция кармап, ал айдаган унаадан чоң өлчөмдө маңзат табылган.
"Орусча билбейм. Бир нерселерди сурашат, башымды чайкап коём, ийкеп коём. Менден кийинки бир тууган иним бар эле. Ал “байке, ооруп жатам, мени Кыргызстанга ала кетиңиз” дегендиктен, аны да ээрчитип алган элем. Инимди да кошо кармады. Ал бир аз орусча билчү. Иним: “Байке, машиненин артынан баштыктарды тааптыр. Бул эмне деп сурап жатат”, - деди. Мен кайдан билейин дедим. Тоголок-тоголок болуп турса кумшекер окшойт деп айттым. “Кайдагы кумшекер, булар маңзат алып келиптир деп айтып жатышат го?” - деди. Мен аны кайдан билем? Кошо келген дагы бир бала бар эле. Ал бала “бул орусча билбейт. Баарын өзүм түшүндүрөм” деп өздөрү бир кабинетке кирип кетти. Ал орусчаны жакшы билет экен. Билбейм эми, эмне деп айтты, эмне деп койду. Ал мен үчүн бүдөмүк. Эч нерсе уккан жокмун".
Полиция бул иш боюнча төрт кишиге айып таккан: бир орусиялык, бир тажикстандык жаран жана Канатбек менен кошо келген дагы бир кыргызстандык жигит камакка алынган. Көп өтпөй Канатбектин бир тууган инисин коё беришкен. Канатбек 17 жылга кесилген.
"[Туугандарыма] эч нерсе болгон жок. Мени менен кошо келген шерик бала кесилди. Гаражда жүктү түшүрүп алган бала кесилди. Гараждын кожоюну болуп төртөөбүз соттолдук. Тажик бала 20 жылга, андан кийин орус 18 жылга кесилди. Берки кыргыз бала экөөбүз 17 жылга камалдык. Биринчи рейске барганымда 500 долларга келишкенбиз. Бирок 500 доллар берген эмес. 300 доллар берген. 2013-жылы доллар күчүндө эле. Кийинки рейсте мурунку 500 доллардын калганын кошуп беребиз деген. Макул деп, экинчи жолу келгенде кармалып жатпаймынбы. Эч нерсе билбей, түшүнбөй, орусча билбегенимдин айынан, маңзат дегенди укпаганымдын айынан... Ошого гана өкүнөм".
Канатбек азыр жазасын жеңилдетилген тартипте өтөп жатат. Тиешелүү органдын тыкыр көзөмөлү менен анча алыс эмес жерге жумушка барып, кайра жатаканага келет. Эгер тартип бузчу болсо, аны кайра шарты катаал абакка которуп коюшу мүмкүн. Ошондуктан ал эрежени так сактап жүрүшү керек.
"Ушундай кампада иштейм. Бул жак машине, чоң техниканын тетиктерин бөлүштүрүп берүүчү жай. Кимге кандай тетик керек болсо, ошолорду жазып, тизмесин түзүп, алып берем. Бул жерге келгениме аз эле убакыт болду. Үчүнчү айга баратат. Мурда башка жерде иштеп жүрдүм эле. Мына, бизде аба ырайы ушундай. Ушул режимди бузбаш үчүн жакшы жүрүшүбүз керек. Режимди бузбай ишке убагында барып, убагында кайра жатаканага келип, нөөмөткө туруу керек. Бир бөлмөдө канча адам жашаса, күндө бир адам кезметке турат. Полун жууп, текчелерди аарчып, жаткан жерибизди таза күтүшүбүз керек. Булардын талабы ошондой. Жаман балдарга кошулуп, арак ичип, маңзат пайдалансаң, анда тартип бузуу болот. Бизди кайра лагерге жөнөтүп коюшу мүмкүн. Азык-түлүктү деле азыраак алам. Чынын айтканда, акчам жетишпейт. Бул жерде көбүрөөк иштеш керекпи, билбейм. Соттун өкүмү боюнча 15% өкмөт өзү алып калабы, же мага 15% береби, билбейм. Айына ашып баратса 22-23 миң рубль болот. Ошого эптеп жашайм. Азык-түлүк, жол кире баары өз чөнтөгүмдөн".
Канатбек жатаканасын да көрсөтүп берди.
"Мынакей, биз жашаган, тамактанган жайыбыз. Бул жер болсо тамак жасаган жай. Балдар жумуштан келип, тамак жасап жатышат. Мен №17 бөлмөдө жашайм. Кесме жибитип койдум эле, азыр муну жейм".
Канатбек абакка кесилгенден бери жакындары менен эки жолу гана жолуккан. Биринчисинде иниси, кийинчерээк уулу келип, түрмөнүн жолугушуу бөлмөсүндө көрүп кетишкен. Ал эми 72деги апасы менен камакка алынгандан бери жүзмө-жүз көрүшө элек. Телефон колдонууга уруксат алып, апасы менен сүйлөшүп калганына да аз эле убакыт болду.
"Апам оорукчан, эки кулагы укпайт. 2-топтогу майыптыгы бар. Балдакчан жүрөт, буту-колу ооруйт. Мага келе албайт. Жашоо-шартыбыз аябай начар. Үйдүн абалын эми айтпай койсом деле болот. Баары бир эне экен да. Апам бечара кулагы катуу болсо да абалымды сурап турат. “Балам, кантип жатасың? Оорубай эле жүрөсүңбү?” - дейт. “Сенин ден соолугуң керек, аман-эсен чыгып калсаң экен. Атаң өлгөндө түрмөгө түштүң, эми мен өлгөндө келип жүрбө, балам. Көзүм тирүүсүндө эле келсең жакшы болот эле”, - дейт. Азыр апам мага ушунчалык керек болуп турат. Апамдын жакшы сөзү, дубасы керек болуп турат. Түрмөгө отургандан баштап тууган-урук, ата-эне, бала-чака, аялдын кадырын билдим. Чынын айтсам, түрмөгө отурбасам, минтип ата-энемдин деле кадырын билбейт белем", - деп көзүнө жаш алды ал.
Канатбек атасы каза болгондон кийин эле камалып кеткенине, апасы дале оор шартта жашап жатканына кейийт. Соңку жылдары ал Кыргызстандагы абакка которулуп, апасына жакын болууну гана ойлонуп калды. Канатбек мындай максат менен Башкы прокуратурага кайрылган, бирок оң жооп ала элекмин дейт.
"Бул документте “30 миң карызы бар, ошондуктан Кыргызстанга которо албайбыз” деген жооп келген. Мен муну териштирип сурадым. Көрсө, менин карызым жок экен. Мына, карызы жок деген документ. Доо арыз жок, алимент карызы жок, эч кандай карызы жок деген кагаз. Ушул документти алып, “карызым жок” деп арыздансам дагы эч кандай тыянак жок. Мен эми эмне кылышым керек? Туулган жериме баргым келет. Түрмөдө үч жыл отурдум. Лагерде жети жыл отурдум. Бул жерге келгениме 12 жыл үч ай болду. Сейилдөөгө чыгарышчу эле. Ал маалда орусча түшүнбөй, “да”, “нет” деген гана сөздү билчү элем. “Сейилдөөгө чыгасыңбы, саат сегизге” деп келишсе, өзүмчө сегиз саат эшикте жүрөт белем, андан көрө чыкпайм деп баш тарта берипмин да. Ошентип, үч жыл сейилдөөгө да чыкпай, бир камерада отурдум".
Канатбек эки балалуу болгондон кийин камалган. Алар азыр үй-бүлө күтүп калган. Маал-маалы менен кабарлашып турушат.
"Бир уул, бир кызым бар. Кызым 20га чыкты. Балам 24 жашка чыкты. Алар апасы менен. Апасы, балам, келиним азыр Москвада. Балам 12 жашында түрмөгө отургам. Азыр 24кө чыгып, эки балалуу болуп калды. Небере көрдүм. Аларды балам менен сүйлөшкөндө сурап коём".
Канатбек Орусияда абакка кесилгенде 38 жашта болсо, азыр 49га чыкты. Кыргызстанга качан которулары, сагынган апасы, жакындары менен качан жолугары белгисиз.
"Которулуп кетип калсам жакшы болот эле. Кыйналдым... Өз элимде иштеп, бир туугандарымдын, ата-энемин маңдайында болсом... Эх, кайран жаштык. Билинбей өтүп кетет турбайбы. Жаш кезде эч нерсе менен ишибиз жок. Адам баласы качан башына түйшүк түшкөндө бардык кыйынчылыкты сезет экен", - дейт Канатбек.