Сүрөттөгү эки наристе кыздын бири азыр жогорку окуу жайды аяктап, чоң турмушка аттанды. Кенжеси студент. Энеси Динара Мадиярова эки кызын багам деп, 20 жылдык жашоосун, кырчын жаштыгын миграцияда жүрүп өткөрдү:
"Мен алардын күлгөнүн, ыйлаганын көргөн жокмун. Алар мектептен үйгө келгенде жанында болгон жокмун. Башка балдар менен мамилесин билбедим. Кичинекей убагында кыздарымдын жанында болбогонум - жашоомдогу чоң өксүгүм. Кем-карчысын толуктап, баарын жасадым. Бирок менден алыс чоңойгону азыркыга чейин сезилет. Алар азыр сырын ачпайт, бөлүшпөйт. Таенеси менен өскөн үчүн алар мага караганда сырын ата-энеме оңой айтат. Өкүнүчүм ушул".
Динара кыздарынын балалыгын эстеп, көзүнө жаш алды. Ал азыр 42 жашта. Алгачкы жолу чет өлкөгө чыкканда 22 жашта гана болчу.
"18 жашымда мени ала качып кетишти. Жолдошум менен мамилебиз келишпеди. Эки кыздуу болгондон кийин ажыраштык. Ошентип, элчилеп Москвага келдим. Башында күндүз ресторанда официант болуп иштедим. Түнкүсүн подъезд жуудум. Бир түндө 5-6 подъездди жууп жетишчүмүн. Ал учурда бир батирде 30дай кыргыз аял жашачубуз. Теңи күндүз, теңи түнкүсүн иштечү. Кээде батирде дааратканага, ашканага кезек күтүп туруп калчубуз. Официант болуп иштеп жүрүп, көтөрүлүп, администратор болдум. Ал учурда кыздарым кичинекей. Улуусу беште, кичүүсү экиде эле. Экөөнү жаныма алып келип, батирге чыктык. Күндүз ашпозчу, кечкисин администратор болуп иштедим. Эки баламды багам деп такыр тыным жок болду. Тийишкендер, сөз айткандар, ушактагандар көп болду. "Силердин эркектериңер бакпайбы?" деп кемсинткендер да чыкты. Бир нече жылдан кийин балдар менен Кыргызстанга кайтып келип, иш баштадым. Бирок ал оңунан чыккан жок. Ошентип, кайрадан миграцияга кеттим".
Динара азыр эми Анкарада. Түркияга келгенине сегиз жыл болду. Ал түрк үй-бүлөнүн баласын багып иштейт.
"Түркияда өзүңө тың болсоң, сага эч ким жаман сөз сүйлөбөйт, жаман көз менен карабайт. Бул жакта кожоюндар менен кошо жашайсың. Дем алыш күндөрү гана сыртка чыгасың. Калган күндөрү ошол үйдө болосуң. Тапкан акчамдын баарын ушул убакытка чейин үйгө жиберип жаттым. Кээде эртең мененки тамакты жеп, курсакты кампайтып, бир күн кечке акча үнөмдөп, ачка жүрчүмүн. 30 лирадан ( 1 доллар) чогултуп, кийим алчумун. Кышкысын эптеп чогулткан акчама куртка, бут кийим алган күндөрүм болду. Ата-энем балдарымды багып жаткандан кийин алар менен акчаны деле эсептешпейт экенсиң. Сурай албайсың. Улуусу болуп мен иштеп жүргөн чакта кичүү инимди, сиңдилеримди окуттук. Кыздарым чоңойду. Үй алдым, экөөнү окуттум. Азыр баары жакшы. Бирок кыздарыма үй алганга насыяга акча чогултуп, дагы деле кете элекмин. Алар турмуш курганда жер карап калбаса экен, өзүн элден кем сезип калбаса экен деген ой. Атасы жок өскөн кыздарга менин колдоом ошол болсун деп ойлодум. Кээде 20 жылымды миграцияга арнап койгонума ичим ачышат", - деп арманын айтат Динара.
Динара Кыргызстанга, кыздарынын жанына качан кайтып келери белгисиз. Бул үй-бүлөсүн, жакындарын багам деп сыртка иштегени кеткен ондогон аялдын биринин гана баяны.
Расмий маалымат боюнча Түркияда иштеп, окуп жаткан кыргызстандыктардын саны 30 миңге жакын. Бейрасмий маалымат боюнча андан эки эсе көп. Түрк жергесиндеги мигранттардын көпчүлүгү кыз-келиндер. Алардын ичинен тейлөө тармагында иштегендерге караганда үйдө бала же карыларды баккан аялдар басымдуу.
"Москвада альфонс эркектер арбын"
Кийинки каарманыбыздын аты Надира. Ал 30 жашта. Орусиянын Москва шаарына мигрант болуп келгенине бир жылга жакындаганын айтат:
"Миграцияга чыгам, чет өлкөгө кетем деген оюм такыр жок болчу. Жашоомду Кыргызстандан гана көрүп келгем. Бирок кыстаган турмуш ушуга түрттү. Былтыр катуу ооруп калдым. Ооруканадан чыккандан кийин карасам, жашай турган үйүм же акчам жок экен. Ошондо сыртка чыгып иштеп келүүнү чечтим. Бирок акчадан да элдин сөзү жеп салды. Айылга барсам, ар бир экинчи киши "кандайсың?" дегендин ордуна "күйөөгө качан тиесиң?" деп сурай турган болду. Аябай арданчумун. Кыргызстандагы окуялар, зомбулук учурларды көрүп күйөөгө тийгим да келген эмес. Турмушка чыккандан чын эле корком. Ошондуктан баарынан качып, бул жакка кеттим окшойт".
Надира жогорку билимдүү. Кесиби боюнча режиссер. Ал азыр Москвадагы мекендеши ачкан тигүү цехтердин биринде иштеп жүрөт:
"Бир жылдан бери Москвадагы мигрант аялдардын түйшүгүн өз жонум менен сезип жатам. Бул жакта кимди гана көрбөйсүң. Мектепти бүтө электе келгени, ажырашып келгени, күйөөсүн издеп келгени бар. Аялдарга чындыгында оор. Алар Кыргызстанда чыркырап калган балдарын эмес, ата-эне, бир туугандарын көп багышат. Тааныш эже бар бул жакта. Төрт баласынан тышкары төрт бир тууганын багыш үчүн иштеп жүрөт. Күнү-түнү цехте иштеп отурат. Кант диабети бар. Кээде ооруп, төшөктө жатып калат. Жапжаш кыздарды ата-энелери бала бакканга жиберет. Алар мээримге канбай калган деп ойлойм. Ошондуктан тез алданышат, жакшы сөзгө макул болушат. Бирок мени иренжиткени - Москвада альфонс эркектердин көбөйгөнү. Улуу эжелерди аңдып, алдап, акчасына жашагысы келет. Мага дагы бир бала сунуштады. Менин үстүмө кирип алгысы бар. "Бул жакта эч ким көрбөйт, эмне болуп атасың?" деп басым көргөзүшөт. Ошолорду көрүп, кыздарды тыйгандар эмнеге аларды айтып чыкпайт деп ойлоп кетем. Мигрант аялдарды гана сөз ээрчийт. Ушактай беришет. Өзүм Кыргызстанга кетким келбейт. Ушул жакта үй алып, калсамбы деп ойлойм".
"Күйөөлөрүн издеп Москвага жөнөгөн аялдар"
Айжаркын алты ай мурун буту сынып, Москвадан Чүй облусуна кайтып келген. Эки баланын энеси күйөөсүнүн артынан миграцияга аттанганын айтып берди:
"Мигрант күйөөсү бар аялдарга өтө оор. Мисалы, азыр мен жашаган көчөдө 5-6 аял жалгыз турабыз. Күйөөлөрүбүз Москвада. Эркек жок, сороюп жалгыз жашайбыз. Бирок арабызда сөз кылганда кимдин күйөөсү кандай экени дароо билинет. Москвада жүргөн эркектер деле аялын жанына чакырганга шашпайт. Алар ыңгайлуу жашоого көнүшүптүр. Менин күйөөм жакшы. Мени "кел" деп улам чакырып турат. Тамак-аш жасап, пол жуусам да, күйөөмдүн жанында болгонума сүйүнөм. Кээ бир аялдар жылдап күйөөлөрүн көрбөйт. Артынан ээрчип, издеп баргандары көп. Барса, күйөөсү эбак эле үйлөнүп алган болот. Эл журттан уялып, өзү да Москвада калып кетет. Миграциянын арты ушундай болот экен".
Айжаркын өзү да мигранттын кызы. Кичинекейинде апасы Орусияга иштегени кеткен. Бир тууган сиңдиси азыр эки баласы менен Москвада иштейт экен:
"Апам менен атам ажырашканда эле Тюменге кетип калган. Ошол жакта иштеп жүрүп, синдим экөөбүздү чоңойтту. Кийин биз да Москвага барып, иштеп жүрдүк. Ошентип, мен турмуш курдум, күйөөм да мигрант болду. Бир тууган сиңдим азыр Москвадагы банктардын биринде иштейт. Эки баласын жанына алып барып алган. Ушунчалык боорум ооруйт. Кээде сүйлөгөнгө алы жок иштен чарчап келет. Бая күнү балдарынын бири иммунитети түшүп, ооруп калыптыр. Мага чалып, аябай ыйлады. Үйдө ысык тамак бергенге чамам жетпей, балдарды оорутуп алдым деп өзүн күнөөлөдү. Сиңдим ошол Москвадагы ондогон аялдын бири да. Тытынып, балдарын багам деп жүрөт. Зарылчылык, аргасыздыктан ошентип талаалап жүрөбүз. Башка айла жок экен".
Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматына караганда, чет жакка чыгып кеткен мигранттардын 53% аялдар. Мигрант кыз-келиндер укуктук жана моралдык колдоого муктаж экенин жарандык активисттер да белгилешет. Кыргызстандын 7 миллиондон ашуун калкынын 1 миллиондон көбү миграцияда жүрөт. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияда.
Өткөн аптада Орусияда кыргызстандык ондогон жигит интернетте кайрылуу жасап, Москвадагы “жүрүм-туруму бузулган кыргызстандык кыздарды” жазаларын эскертишти. Орусиядагы кыргызстандык "жарма патриоттор" кыргыз кыз-келиндерди "жаман жолдо жүрөт" деген шылтоо менен уруп-сабап, кордоп, видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялаган окуялар буга чейин маал-маалы менен кайталанып келген.
Мындай мыйзамсыз көрүнүштү көпчүлүк социалдык тармактарда “мыкаачы”, “жапайы” жана “кылмыш иш” деп сындаса, ошол эле маалда аларды “кыргыз элинин патриоттору” деп мактагандар да чыккан.