Алматыдан АКШга жакшы жашоо издеп чыккан казакстандык үй-бүлөнүн башынан өткөн окуялардын негизинде көркөм тасма тартса болчудай... Алар мал-мүлкүн сатып, бир нече өлкөдөн мыйзамсыз кесип өтүп, деңиз аркылуу Америкага кайык менен бет алышкан. Бирок 9-июлда жыйырмадай мигрант түшкөн кичинекей кайык чөгүп кеткен. Бактыга жараша, казак үй-бүлө деңиздин ортосунда бензин куюлган челекке жармашып аман калган.
"Балдар биздей болуп кыйналбасын дедик"
- Мен дагы эле суунун жытын сезем, көзүмдү жумсам эле толкундар элестеп турат, - дейт 35 жаштагы Арай Жапаркулова.
Арай, анын 36 жаштагы күйөөсү Байхан Жапак жана эки уулу - Кариб деңизиндеги кырсыктан аман калган Казакстандын жарандары. Быйыл 9-июлда "Америка добушу" радиосу Никарагуанын чыгыш жээгиндеги Корн аралына 20 мигрант бараткан кайык чөгүп кеткенин кабарлаган.
Байхан менен Арай 16 жыл мурун баш кошкон. Алар Алматынын Шанырак кичи районунда турушкан. Төрт уулу бар. Улуусу 14тө, ортончулары 13 жана 10до, кичүүсү 5 жашта.
Байхан жүк ташуучу автоунаа айдап, Алматы аэропортунун логистика бөлүмүндө иштеген. "Айлыгым орточо болгону менен, үй-бүлөмө жетчү эмес", - дейт ал.
– Көп балалуу үй-бүлө болгондон кийин айлыкка карап отура бербейсиң, – дейт аялы Арай. - Ар бир балага алган жөлөк пулду батирге, балдардын кийимине, окууга жумшайбыз. Акча табуу үчүн үйдө токоч бышырып, сатчумун. Иштейсиң, иштейсиң, бирок акча жетпейт. Насыя, тамак-аш, карыз... Айына 600 миң теңге сарптачубуз, бирок кирешебиз андан аз болчу.
Байхан менен Арайдын айтымында, АКШда жашаган достору жакшы киреше таап, насыяларын төлөп, машине алганга үлгүрүшкөн. Буга кызыккан казак жубайлар акча топтоп, айылдагы үйүн күрөөгө коюп, дагы насыя алып, унаасын, мал-мүлкүн толугу менен сатышкан.
-Досубуздун балдары Америкада бекер окушат, кийим-кечесин беришет, автобус менен мектепке барышат экен. Бизге "келсеңер, жумуш бар" дешти. Балдар биздей кыйналып жашабай, келечеги жакшы болсун деген ой менен кеттик, - дейт Арай.
Байхан мындан эки жарым жыл мурун Түштүк Кореяга миграцияга баратканда, аэропорттон ошол өлкөнүн чек арачылары токтотуп, киргизген эмес. Анан ал Казакстанга кайтып келген. Кийинчерээк Европадан жумуш таап, Шенген визасын алуу үчүн документ тапшырып, бирок аны да ала албай калган. Карыздарын доолай баштаганда, Америкага кетүүнүн жолун издеген.
- Грин-картага (мыйзамдуу түрдө иммиграциялоону каалагандардын арасында АКШнын Мамлекеттик департаменти ойноткон жылдык лотерея – ред.) тапшырууну ойлондум, бирок аны утуп алуу мүмкүнчүлүгү аз, күтүүгө убакыт да жок болчу. Америкага үй-бүлөң менен кирүү оңой, жалгыз кыйын болот деп уктум. Бир жарым жыл мурун досумдун үй-бүлөсү менен саякатка чыгалы деп пландаганбыз, бирок каражаттын тартыштыгынан биз бара албай калганбыз. Досум азыр Америкада, - дейт Байхан.
Америкага жол
Байхан менен Арай төрт баласын АКШга алып кетүүнү көздөшкөн, бирок узак жол көп акчаны талап кылгандыктан, ортончу эки уулун чоң ата, чоң энесине таштап, улуусу менен кичүүсүн алып, жолго чыгышкан.
Аларга Алматыда ашпоз болуп иштеген Кабидолла Кали аттуу жаран кошулат. Байхандын айтымында, Кытайдан Казакстанга көчүп келген 46 жаштагы Кабидолла аны АКШга бараткан кишилер түзгөн онлайн тайпадан тапкан.
Байхан бул сапарга 35-40 миң доллар менен чыкканын, бирок жолдо тоскоолдуктарга учурап, чыгым көбөйгөнүн айтат. Алар оболу Алматыдан Ташкентке - Дохага - Сан-Паулуга (Бразилия) жана Рио-де-Жанейрого, андан ары Богота (Колумбия) - Сан-Сальвадор (Сальвадор) - Манагуа (Никарагуа) аркылуу өтүүнү пландашкан.
Риодогу эл аралык аэропортто Байхандын үй-бүлөсү менен Кабидолланын учакка кирүүсүнө уруксат берилген эмес. Никарагуанын Миграция кызматы Манагуа аэропортуна кирүүгө тыюу салынган жүргүнчүлөрдүн тизмесин жөнөткөн. Анда Байхан, Арай, эки уулу жана Кабидолла Кали баш болгон Казакстандын сегиз жаранынын аты-жөнү жазылган.
- Эч себепсиз бизди [учакка] киргизбей коюшту, биз жада калса учакка отургузуу талондорун да алган элек. Авиакомпаниянын кызматкерлери бешөөбүздүн аты-жөнүбүз жазылган тизмени көрсөтүп, "өтө албайсыңар" дешти. Биз нес болдук, - дейт Байхан. - Никарагуага визаны киргенде аласың деп уккам, мейманкананын акчасын төлөп, кайра кайтууга да билет алып койгонбуз, бирок өткөрбөй коюшту.
Ошондон кийин казак үй-бүлө Алматыга кайтууну ойлонгон. Алар менен чогуу жүргөн Кабидолла да мекенине билет сатып алган, бирок кийин алар бул ойдон баш тартууну чечишкен.
Америкага жетүүгө жардам берген ортомчулар аларга эки жолду сунушташкан: бири жунгли аркылуу, экинчиси кайык менен. Казак жубайлар экинчисин тандаган.
Байхан менен Арай кайык менен сүзүп өтүү үчүн эң коопсуз жол Колумбиянын Сан-Андрес аралынан өтүү деп укканын айтышат. Ошентип, алар Бразилия аркылуу Колумбияга жетет. Бешөө эми Никарагуанын Корн аралына өтмөкчү болот.
- Кайык үчүн алдын ала 8500 доллар төлөдүк, алданып калабызбы деп корктук. Күн сайын улам кийинкиге жылдырып атышты. Аба ырайы бузулду же чек арачылар текшерип жатат дешти. Бизди кийин башка үйгө алып барышканда нес болдук, – дейт Байхан. - Ал жакта жети мигрант бар болчу. Венесуэланын, Эквадордун, Колумбиянын жарандары. Баарыбызды бир үйгө чогултту.
Казакстандыктар ал жерде башкалар менен таанышып, сүйлөшкөндөн кийин тынчсызданбай калганын айтат. Ашпоз Кабидолла болсо чет элдиктерге тамак жасап, курсагын тойгузат.
8-июлда кечинде ортомчу алардын кетерин күтүүсүз кабарлаган.
"Бүттү"
Кайык алар ойлогондон таптакыр башкача болуп чыккан. Байхан аны "балык уулоого ылайыктуу кичинекей, отургучу жок, 20 киши араң батчу кайык" деп сүрөттөйт. "Бизди түз эле өлүмгө жөнөткөндөй сезилди" дейт казак жигит.
Жүргүнчүлөргө куткаруучу кемсел беришкен, бирок эки кишиге жетпей калган.
Бразилиядан Никарагуага уча албай калганда Байхандын үй-бүлөсү чемодандарын таштап, төрт эле кол баштык менен калган. Алар паспорт жана телефондорун кол сумкага салып, калган бардык документтерди бир баштыкка салып жүрүшкөн. Кийин сумкаларын кайыкка салып, куткаруучу чыптама кийишет. Бирок эки кишиге жетпей калган. Кайык сүзүп жөнөгөндө, алдыда Байхан, ортодо балдары менен Арай отурган. Капитан Кабидолла менен отурган Байханга "салмагың оор экен, алдыда жылып отур" деген.
- Кайык жүрө баштаганда "Ла илааха илллах!" дедим да, балдарымды кучактадым. Башкаларга көңүл бурган жокмун. Мен Сан-Андресте (ред. Колумбия) жүргөндө катуу жамгыр жаап жатты, жолдо бороон болбойт деп үмүттөндүм, - дейт Арай.
- Шамал жок. Аба, суу жылуу болчу. 10 чакырымдай өткөндөн кийин арал көрүнбөй, анан толкун көтөрүлө баштады, бирок биз анча маани берген жокпуз. Ар ким өз ою менен отурду. Бир маалда капитан алдыга чуркап келип, менин артыман бирдемелерди айтты. Биз түшүнбөй калдык, анан let's go деп баштыктарды сууга ыргыта баштады. Кийимибиздин баарын ыргытып жиберишти. Биз эч нерсе түшүнбөй калдык.
- Эмне болду? Эмне болду? – дедик.
- Ал кайыкты кайра артка бурду. 4-5 метр жүргөндөн кийин капитандын жардамчысы капысынан сууга секирип кетти. Бир убакта артыбыздан чоң толкун келип, кайыкты оодарып салды. Баарыбыз сууга чөгүп, ар жакка чачырап кеттик.
- Бекос, Дарынды карма! – деп кыйкырып атты Байхан.
- Ата, Дарын менин колумда! – деп кыйкырды улуу балам.
- Апаңды изде!
Түн бир оокумда алар бири-бирине кыйкырып отуруп табышат. Байхан балдарына, анан аялына жетет. Алар суунун бетине калкып чыккан бензин куюлган челекти кучактап, аман калышат.
- Кабидолла жоголуп кетти. Ошол учурда ичимде эмне болгонун сөз менен айтып жеткире албайм, - деди Байхан. - Менин бүт өмүрүм көз алдымдан өттү. Чөккөндө балдар үчүн аябай коркуп кеттим, "башынан эле артка кетишим керек болчу, ушул жерде калабызбы, ушуну менен бүттүбү" деп ойлодум.
- Ким тирүү экенин, ким сууга чөгүп кеткенин билбей калдык, - дейт Арай. - Өзүбүз корксок да, балдарды коркутуп албаш үчүн сооротуп турдук. "Биз сүзүп баратабыз, коркпо, кайык бизди көздөй келе жатат, көрдүңбү" деп кичүү уулубузду алаксыттык. Бирок "Канча мүнөттөн кийин о дүйнөгө кетебиз? Деңизде дагы канча мүнөт турабыз? Качан чөгүп кетебиз?" деп артыбызда калган балдарыбызды, жакындарыбызды ойлодук.
- Жарыкты да көрбөйсүң, толкун 5 метр көтөрүлсө эле чөгүп кетесиң, туздуу суу көздү ачыштырат, сууну улам жутуп аттык. Кустук. Балдарга эч нерсе болбосун деп утур-утуру өйдө көтөрүп турдук, - дейт Байхан.
- Толкун бизди көтөргөндө, алыстан жарык көрдүк, бирок арал экени белгисиз болчу. Араң күйгөн жарыктары бар, аны көздөй сүзүүнү чечтик. Сүзүп жетебизби-жокпу, белгисиз эле. Менин жанымда Венесуэладан бир жигит бар болчу, ал "набе, набе" ("сүз, сүз") дей баштады. Биз сүзөбүз, толкун улам бизди кайра артка түртүп атты. Биз бир жерде эле тургандай болдук. Чарчадык, убакыттын кантип өткөнүн билбей калдык. Анан улуу балам алыстан кайык келе жатканын айтты. Ал кызыл-жашыл жарыкты көрүптүр. "Help! Help!" деп кыйкырдык. Мен сууну жутуп аттым, үнүм чыкпай калды. Венесуэладан келген жигит мойнума асылып, мени коё бербей койду. Кыйкырып атабыз, бирок эч ким уккан жок. Ошентип, бир сааттай убакыт өттү.
- Кайык бир жолу бизге жакындап калгандай сезилди, бир убакта бир жерге токтоду. Көрсө, башка чакырган адамдарды куткарып жаткан экен.
Алар деңизде беш сааттай сүзүп жүрүшкөн.
Кайыкта жүргөн эквадордук жигит деңизге чыгарда телефонунан геолокация ачып, суу өткөрбөй турган капка салып койгон экен. Байхандын айтымында, анын Америкадагы иниси геолокацияны көзөмөлдөп турган.
- Кайык оодарылып кеткенде эквадордук жигит агасына телефон чалганга үлгүргөн экен, телефон байланышы болгон. Ошол маалда иниси Колумбиядагы куткаруу кызматына кайрылып, алар геолокация аркылуу издөө иштерин баштаган. Оболу ал жигитти табышкан, биз андан өтө алыс болчубуз. Бизден 100 метр алыстыкта башка кишилер да бар болчу. Бизди куткаруучулар үчүнчү ирет келип алып кетишти. Эквадордук жигиттин телефону жок болгондо, биз өлмөкпүз, - дейт Байхан.
- Куткаруучулар бизден кийин башкаларга кетишти, - дейт Арай. - Ал жерде бир киши чоочун бирөөнүн үч жаштагы баласын куткарып калыптыр, анын апасынын сөөгү сууда калкып жүргөнүн көрдүк. Атасын таппай калышты.
"Сөөгүн алып кетейин..."
Жээк сакчылары алгач аларды портко алып барып, паспортторун текшерип, суракка алышкан. Паспорттор Байхандын "суу тийбесин" деп скотч менен чапталган кол сумкасында болчу.
- Биздин алыбыз кетип, суй жыгылдык, нес болдук, сүйлөй албай калдык. Кийинчерээк бизди миграциялык борборго алып барышты, ал жерде үч күн болдук. Жатканга жер, тамак-аш, кийим-кече берилип, жакшы кам көрүлдү. Ашканага же ажатканага баргың келсе сени бирөө коштоп барат, сыртка чыкпаш үчүн карап турат. Телефондорубуз иштебей калды, миграция борборунан башка телефон бергенден кийин гана эл менен байланыштык. Америкага баруу ниетибиз жок, өлкөгө кайтууну чечтик. Карызымдын баарын унутуп калдым, аман-эсен кайталы деп ойлодук. Эптеп оокат кылабыз дедим, - дейт Байхан.
Байхан менен Арай Кабидолла Калинин каза болгонун кийин угат. Кайыкта жүргөн ирандык жаран "Кабидолланы көрдүм, аны ак чүпүрөк менен жаап коюшту" дейт. Ал экөө чогуу табылган. Куткаруучулар ирандык жигитти 11 сааттан кийин гана деңизден алып чыгышкан.
- Миграция борборунда бизден Кабидолланын манжа издерин, паспортун сурашты. Ошол адамбы же жокпу, тастыктайлы дешти. Бизге көрсөтпөй коюшту. "Ал кишинин сөөгүн алып кетем" дедим. Бирок "андай болбойт, туугандарынан же элчиликтен кат жөнөтүш керек" деп уруксат бербей коюшту. Кабидолланын туугандары менен байланыштык, - дейт Байхан.
Байхандын айтымында, Кабидолла Калинин жакындарынын көбү Кытайда жашайт. "Азаттыктын" казак кызматы анын туугандары менен байланышканда, алар комментарий бере албастыгын, маалыматты Тышкы иштер министрлиги тактап жатканын билдирген. Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү "Азаттыкка" "бул жагдай боюнча бизде расмий маалымат жок" деп жооп берди.
- Ал боорукер болчу. Жакшы ырдачу. Биз да ага көнүп калганбыз, дайыма жаныбызда жүрдү. - дейт Байхан.
"Өзүбүздү кечирбейт элек"
Казакстанга жеткенден кийин Байхан менен Арай мал союп, түлөө өткөрүшкөн. "15 миллион теңге карызыбыз бар, азыр айына 700 миң теңге насыя төлөшүбүз керек" дейт алар.
- Жолдошум учурда жумуш издеп жүрөт, резюмесин жөнөттү. Насыялар күтүп турат, балдарды бакканга акча керек, - дейт Арай. - Тирүү адам оокат кылат, жашоо уланат дешет эмеспи, анын мааниси бардыр, эки колго бир күрөк табылат, бирок насыяны төлөш үчүн жумуш табылабы, билбейм.
Алар Корн аралынан Манагуага (Никарагуа), андан кийин Гондурастан Гватемалага, анан Мексикага барабыз деп ойлошкон. Мехико шаарында АКШнын Бажы жана Чек ара коргоо кызматына (US Customs and Border Protection) CBP One тиркемеси менен катталып, иммигрант катары АКШнын чек арасынан мыйзамдуу түрдө өтөбүз деп пландаган. Мексикадагы мигранттар саясий башпаанек издегендер үчүн CBP One программасы аркылуу АКШга кирүү үчүн кайрыла алышат. Президент Жо Байдендин администрациясы тарабынан Мексика аркылуу келген мыйзамсыз иммигранттар үчүн башталган программа өз мекенинде кыйынчылыкка кабылган адамдарга АКШга мыйзамдуу түрдө кирүүгө мүмкүндүк берет.
- Айрыкча жаш балдар менен бул жолго барбагыла дейт элем. Биздин маңдайга жазылганы ушул деп ойлойм, - дейт Байхан.
Казак жубайлар карыздарын төлөө жана балдарынын келечеги үчүн АКШда мыйзамдуу түрдө иштөөнү каалай турганын айтышат.
"Үч жашар баланын жалгыз калганын көрүп жүрөгүм ооруп, ыйлап жибердим. Балдар үчүн деп жүрөбүз, аларды бул дүйнөгө алып келгенден кийин баары биздин мойнубузда, - дейт Арай көзүнө жаш алып. - Бирок биз айласыздан ушул жолго бардык. Балдарыбызга бир нерсе болсо, өзүбүздү эч качан кечирбейт болчубуз".
Кариб деңизинде өлгөндөр көбөйдү
Соңку жылдарда Латын Америка өлкөлөрү аркылуу Мексикага жетип, андан соң АКШга мыйзамсыз өткөндөрдүн саны көбөйдү. "Мексика аркылуу Америкага жол" сыяктуу телеграм каналдарында жарандар пикир алмашып, маалымат алып, ортомчуларды таап, узак жана кооптуу жолго чыгышууда.
"Азаттык" буга чейин Казакстанда куугунтукка кабылып, акыры АКШда башпаанек тапкан активист Кайрат Султанбек менен кытайлык казактардын укугу үчүн күрөшкөн Байболат Күнболатулынын окуяларын айтып берген.
2023-жылы Борбор Азия өлкөлөрүнүн 50 миңден ашуун жараны АКШнын чек арасынан мыйзамсыз өткөн. 2021-жылдан бери жалпысынан 7,3 миллион киши АКШга мыйзамсыз кирген. Мындай маалыматты америкалык сенатор Стив Дэйнс тараткан.
АКШда качкын макамын алуу боюнча арыздарды көзөмөлдөгөн Transactional Records Access Clearinghouse (TRAC) уюмунун маалыматы боюнча, учурда Казакстандын 2901 жараны соттун чечимин күтүп отурат.
Эл аралык миграция уюмунун маалыматына караганда, Кариб деңизи аркылуу өткөн мигранттардын арасында каза болгондордун жана дайынсыз жоголгондордун саны улам өсүүдө. 2022-жылы Кариб деңизинин аймагында 321 мигрант каза болгон же дайынсыз жоголгон. Бул башка жылдарга салыштырмалуу болуп көрбөгөндөй рекорддук көрсөткүч.
"Былтыр Кариб деңизинде каза болгон мигранттардын 51% тек-жайын аныктоо мүмкүн эмес. Бул жүздөгөн үй-бүлөлөр жакындарынын кайда экенин такыр билишпейт дегенди билдирет", - дейт Миграция боюнча эл аралык уюмдун Кариб деңизи боюнча координатору Патрис Кесада.
Уюмдун маалыматы боюнча, мигранттар көбүнчө сууга чөгүп кетишет. Буга аба ырайынын начардыгы жана колдо жасалган сапатсыз кайык себеп болот. Эл аралык миграция уюму бул жолго чыккандар кылмыштуу топторго көп кабыларын эскертет.
"Казакстан мигрант жөнөтүүчү өлкөгө айланды"
"Эл аралык укуктук демилге" коомдук фондунун жетекчиси Айна Шорманбаеванын айтымында, жарандар чет өлкөгө насыясы көп болгондуктан, турак жай ала албай, начар шартта жашагандыктан, жумушсуздуктан кетип жатышат. Ал "Казакстан мигранттарды жөнөтүүчү өлкөгө айланды" дейт.
"Баарынын себеби жакырчылык. Экономикалык абал күндөн-күнгө оорлоп баратат, жумуш жок. Анан, албетте, адам өз өлкөсүнөнбү, башка өлкөдөнбү, үй-бүлөсүн багуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү издейт. Январь окуялары эмне үчүн болду? Ошол жакырчылыктын айынан болду. Анын кесепеттери али жоюла элек", - деди Шорманбаева.
Анын айтымында, Астана мигранттардын эмгек, ден соолук, социалдык укуктарын коргоо үчүн аларды кабыл алган өлкөлөр менен эмгек миграциясы боюнча эки тараптуу келишим түзүшү керек.
"Колумбия, Мексика, Гондурас, Эквадор аркылуу АКШга кетип атышат. Аны уюшкан кылмыштуу топтор уюштурат. Мыйзамсыз иммиграцияны уюштуруу ар бир өлкөдө кылмыш болуп саналат. Мындай жолго барган адамдар өздөрүнүн жана балдарынын өмүрүн коркунучка салат. Жүз жолу ойлонуп, мыйзамдуу жол менен көчүш керек. Эмгек мигранты болуу үчүн миграцияга мыйзамдуу даярдануу керек. Бул убакытты жана акчаны талап кылат, бирок ал мыйзамдуу жана коопсуз болот. Бул жерде убакыттан да өмүр кымбат", - дейт Шорманбаева.
"Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы Акдидар Абдымаулендин макаласын орус тилинде бул жерден окуй аласыз.