Кыргызстандыктар Баткенге жардам чогултууда

Бишкекте Спорт сарайында гуманитардык жардам чогултуу боюнча Республикалык штаб түзүлгөн. 18-сентябрь, 2022-жыл.

Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал чыңалган бойдон турат. 17-сентябрда Баткенде жана Чоң Алайда ок атышуу болуп, бул үчүн эки тарап бири-бирин айыптады. Жер-жерлерде чек ара чырында жабыркагандарга гуманитардык жардам чогултуу штабы ачылып, жардам жолдогу кооптуу участокторго карабай Лейлек, Сүлүктүгө жеткириле баштады.

Президент Садыр Жапаров куралдуу жаңжалда курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, колдоо көрсөтүлөрүн айтты.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында чек арадагы куралдуу кагылышта 134 адам жараат алып, 36 адам мерт болду жана 140 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которду.

Үйүн таштап чыккандар менен жабыркагандарга колдоо көрсөтүү үчүн республикалык штаб жер-жерлерде гуманитардык жардам чогултуу ишин баштады.

Маселен, 17-сентябрда Чүйдүн Милянфан айыл аймагынан түшкө чейин бир оор жүк тарткан автоунаа Баткенге жол тартты.

"Дунган бир туугандарыбыз Баткендеги абалга кайдыгер карабай колдон келишинче жардам берели деп жатышат. Ар ким тапканын алып келип, чын дилинен өлкөбүздө тезирээк тынчтык орносо деп жатышат. Эртелеп эле бир унаа койгонбуз дароо эле толуп калды. Аны жөнөттүк, азыр дагы деле элдин аягы үзүлбөй алып келип жатышат. Элибизде тынчтык, туруктуулук болсун", – деди Милянфан айыл аймак башчысы Рустам Бегалиев.

Ушул тапта өлкөнүн бардык аймактарында ыктыярчылар тынымсыз жардам чогултуу менен алек. Бишкек шаарындагы Спорт сарайында 24 саат бою уюшулган борборго келгендер арбын.

Жашы алтымыштан ашып калган Муратбек Карасаев такси айдап иштейт:

"Миң сом алып келдим. Өзүм такси айдайм. Кечээтен бери отуруп чыдай албадым. Биз деген тажиктер менен кошунабыз. Баарыбыз мусулман болуп туруп ушундай иш болгону туура эмес. Ынтымакта жашашыбыз керек эле".

Республикалык штаб Баткен облусундагы штаб менен тыгыз байланышта болуп, эмне муктаждык болсо тизме түзүп, тыным албай иштеп атат.

"Элден жыйналган жардамды бул жактан ыктыярчылар таңгактап, Баткендеги штабка жеткиребиз. Ал жерден муктаждыка карап бөлүштүрөт. Дары-дармекпи, азык оокатпы, эмне муктаждык болуп жатканын Баткендеги штабда маалыматты алып турабыз. Жалпы кыргызстандыктар, жаштар жардам берип жатышат", - деди штаб башчысы Союзбек Надырбеков.

Ушундай эле жардам чогултуу Ысык-Көл, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Ош облустарында, район шаарларында жүрүп жатат. Алар жиберген алгачкы жүк Баткен облусундагы штабга барып, андан ары жолдун кооптуулугуна карабай Лейлек району жана Сүлүктү шаарына да жеткирилди.

Ал арада Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркагандар үчүн ачылган атайын эсепке 9 млн. 862 миң сом чогулду. Бул тууралуу Каржы министрлиги маалымдады.

Ала-Буканын Сафед-Булан айылынын тургундары Баткенге азык-түлүк жөнөтүштү. 17-сентябрь, 2022. Сүрөт Азимжан Касымовдуку.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев бул жолку куралдуу жаңжалда 140 миңдей киши эвакуацияланганын айтты:

"Элибиздин жардам чогултканы аябай активдүү болуп жатат. Биз болсо бул жерден каттап, андан ары муктаждыгы бар айылдарга чейин жеткирип жатабыз. Эң негизгиси Төрт-Көчө болчу. Аны да көзөмөлдөп, жеткирип жатабыз. Жалпысынан Лейлек жана Баткен районунан 140 миңге чукул адам эвакуацияланды".

17-сентябрда президент Садыр Жапаров кайрылуу жасап, куралдуу чыр-чатакта мекен чегинде курман болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

"Куралдуу кагылыштарда, тилекке каршы, кырчындай өмүрлөр кыйылбай койбойт экен. Кечээги окуяларда биздин эржүрөк чек арачыларыбыздын жааган октон жалтанбаган эрдигине, душман мизин кайтарган баатырдыгына чоң ыраазычылык билдирем. Мына ушундай эр жигиттерибиз турганда Кыргызстандын аймактык бүтүндүгү бекем сакталат деп ишенем", - деп жазды президент Жапаров.

Садыр Жапаров Тажикстан тараптан да оор жоготуу болгонун белгилеп, чек араны ыкчамдатып чечүү аракети токтобой турганын кошумчалады.

"Бул куралдуу кагылышта жалаң эле биздин жарандарыбыз өлүмгө кирептер болгон жок. Ыкчам маалыматтарга ылайык, тажик тарап дагы оор жоготууларга учурады. Урматтуу агайын-туугандар өткөн тарыхка көз чаптырсак, чек ара маселеси жөнгө салынбай, жер талашкан учурлардын баары чыр-чатактар менен коштолуп, жоготуулар сөзсүз болгондугуна күбө болобуз. Бирок кандай болгон күндө дагы ата-бабаларыбыздан мурас болуп калган жерибиздин бир чарчы метр жерин да башкаларга бербейбиз".

Ушу тапта кыргыз-тажик чек арасында кырдаал чыңалып турат. Тажик бийлиги жоготуулары жөнүндө расмий маалымат бере элек.

Reuters агенттиги күч органдарындагы булактарына таянып, жети киши каза болгонун жазган.

17-сентябрда "Озоди" радиосуна Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлигиндеги атын атабаган булак 14-сентябрды жана 16-сентябрды кошкондо 39 адам өлгөнүн, алардын арасында жай тургундар бар экенин кабарлаган. Бул маалыматты көз карандысыз башка булактардан тактоого мүмкүн боло элек.

17 -сентябрда түштөн кийин Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстан тарап мурда жетишилген макулдашууларды бузуп, Чоң-Алай районундагы Тешик-Таш, Карамык жана Кароол-Дөбө айылдарындагы чек арачылардын позициясын жана Баткен районундагы Паскы-Арык жана Достук айылдарын аткылаганын билдирди.

Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан жалпы 5034 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Тажикстандын Чек ара кызматы 17-сентябрда "Душанбе", "Сархадчи", “Лахш” аткылоого кабылганын билдиргенин "Озоди" радиосу жазды.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Баткенге жардам чогултуу уланууда