Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:50

Жараат алгандардын саны 122 кишиге жеткени кабарланды


Баткен шаарындагы оорукана. 17-сентябрь, 2022-жыл.
Баткен шаарындагы оорукана. 17-сентябрь, 2022-жыл.

Саламаттык сактоо министрлиги 17-сентябрь, саат 16:00го карата берген маалыматта чек арадагы куралдуу кагылышта 122 адам жараат алган. Алардын ичинен жетөө үйүнөн дарыланууга жиберилген. 16-сентябрдагы куралдуу кагылышуудан Кыргызстандан кеминде 24 адам мерт болду. 140 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которду.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кырдаал боюнча маалымат берип, айрым аймактарда маал-маалы менен ок атышуулар болуп, аларды толук токтотуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын кабарлады.

Кыргызстандын Чек ара кызматы Оштун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча маалымат берип, эки тараптын сүйлөшүүсүнөн кийин атышуу токтогонун кабарлады.

Бүгүн, 17-сентябрда түштөн кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы Тажикстан тарап мурда жетишилген макулдашууларды бузуп, Чоң-Алай районундагы Тешик-Таш, Карамык жана Кароол-Дөбө айылдарындагы чек арачылардын позициясын жана Баткен районундагы Паскы-Арык жана Достук айылдарын аткылаганын маалымдаган.

Тажикстандын Чек ара кызматы 17-сентябрда "Душанбе", "Сархадчи", “Лахш” тозоттору кыргыз тараптын ок атуусуна кабылганын билдиргенин "Озоди" радиосу жазып чыкты.

Тажикстан жоготуулары жөнүндө расмий маалымат бере элек. Reuters күч органдарындагы булактарына таянып, жети киши каза болгонун жазды. "Озоди" "Азия Плюс" маалымат агенттигине таянып, ондон ашык киши өлгөнүн, бирок маалыматты тажик бийлиги ырастабай жатканын билдирди. Маалыматты көз карандысыз башка булактардан тактоого мүмкүн боло элек.

XS
SM
MD
LG