Баткен районунан жана Баткен шаарынан Кадамжайга 23 миңге жакын адам эвакуацияланып келген. Арасында кош бойлуу келиндер да бар.16-сентябрда кечке жуук Бишкектен Баткенге 67 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Анын ичинде азык-түлүк, дары-дармек, күнүмдүк керектелчү каражаттар бар.