Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:31

"Эрдик" медалын алган Баатырбек чек арада курман болду


Баатырбек Райимкул уулу.
Баатырбек Райимкул уулу.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда курман болгондор арасында "Эрдик" медалын алган, Чек ара кызматынын “Бөрү" атайын багыттагы отрядынын чалгынчы-фельдшери Баатырбек Райимкул уулу дагы бар.

Кайгылуу кабарды анын агасы Анарбай Орозов "Азаттыкка" ырастады. Баатырбектин артында келинчеги, үч кыз, бир уулу калды. Балдарынын кичүүсү болгону эки жашта.

Баатырбек 42 жашта эле. Ал медициналык орто окуу жайды аяктары менен Чек ара кызматына жумушка орношкон. 2022-аскер бөлүгүнүн “Бөрү” атайын багыттагы отрядынын чалгынчы-фельдшери болуп Баткенде кызмат өтөп жүргөн.

Баатырбек Райимкул уулу 2014-жылы Ата Мекенди коргоодо, кызматтык парзын аткарууда көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн "Эрдик" медалы менен сыйланган.

Баатырбек Райимкул уулу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен. 2014-жыл.
Баатырбек Райимкул уулу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен. 2014-жыл.

Агасы Анарбай Орозов бир тууган инисин жоготуп, кан жутуп отурат.

"Өзү Тажикстандын мурдагы Мургаб, азыркы Сары-Кол районунда туулган. Фельдшерликти бүткөн. Мен өзүм да отставкадагы аскер адамымын. Биздин үй-бүлөбүз дээрлик толугу менен аскер адамдары. Баатырбек да кичинесинен мени көрүп, жоокер болом деп чек ара кызматына орношту. Кабыргабыз кайышып турат".

Баатырбек үй-бүлөдө алты бир туугандын бешинчиси эле. Агасынын айтымында, башкалардан өзүнүн жумшактыгы, сөзүнө турганы менен айырмаланып турчу. Анарбай Орозов иниси менен төрт-беш күн мурда эле сүйлөшкөн.

"Элим-жерим дегенде жанын берүүгө даяр эле. Мени менен ар дайым "эр жигит эл четинде, жоо бетинде, байке" деп тамашалап калчу. Иним менен акыркы жолу төрт-беш күн мурда сүйлөшкөм. "Баары тынч, жакшымын, кызматтамын" деген. Инимдин өтүп кеткенин кечинде бизге угузушту. Азыр сөөгүн алып келатышат. Ошко жетип калышыптыр. Өзүбүз Кара-Балтада турабыз, ошол жакта жерге беребиз. Башыбызга каран күн түшүп, кабыргабыз кайышып турат. Мен өзүм Москвада элем. Жолго чыгып атам. Ата-энебиздин көзү өтүп кеткен. Үйдө улуусу менмин. Азыр менин жалгыз уулумду да Баткенге алып кетип атышат. Ал да Чүйдө чек ара кызматында чек ара бекетинин старшинасы болчу".

Анарбай Орозовдун айтышынча, иниси акыркы жылдары үйлүү болууну кыялданып жүргөн.

Саламаттык сактоо министрлиги 17-сентябрдын кечинде тараткан маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта кеминде 24 киши мерт болду. Жараат алгандардын саны жүздөн ашты. Каза болгондордун аты-жөндөрү расмий жарыялана элек. Социалдык тармактарда жакынын жоготкондор маркумдардын сүрөттөрүн жарыялашууда.

Тажик бийлиги жоготуулары тууралуу расмий комментарий бере элек. Рейтер агенттиги күч органдарындагы булактарына таянып жети киши өлгөнүн жазса, "Озоди" радиосу жергиликтүү маалымат каражаттарына шилтеме берип, тажик тараптан ондой адам каза болгонун, расмий Дүйшөмбү бул маалыматты тактабай жатканын жазды. Маалыматты башка көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн боло элек.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жоготуулар негизинен аскер кызматкерлеринин арасында болгонун белгилеген.

XS
SM
MD
LG