Трамп Байден боюнча эми Кытайга кайрылат

Дональд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп Демократтардын атынан президенттик шайлоого катышууга ниеттенип жаткан мурдагы вице-президент Жо Байденге жана анын уулу Хантерге карата иликтөө жүргүзүүгө Кытайды чакырды.

Буга чейин Трамптын Украинаны ата-бала Байдендерге иликтөө жүргүзүүгө чакырганы ачыкка чыгып, бул Конгрессте президентке ишеним көрсөтпөө жараянын козгогон.

Трамп демократтар сунуштап жаткан импичмент маселесин болбогон иш деп мүнөздөдү.

АКШнын президенти​ 3-октябрда Ак үйдө журналисттерге Кытай да, Украина да мурдагы вице-президент Жо Байденге жана анын уулу, бизнесмен Хантер Байденге карата иликтөө жүргүзүшү керек экенин айтты.

- Кытай да Байденге каршы иликтөө жүргүзүшү керек. Анткени Кытайда болгон иш Украинадагыдай эле жаман нерсе, - деди Дональд Трамп.

Трамп журналисттин "Кытайдын төрагасы Си Цзиңьпиңдин Байдендерге иликтөө жүргүзүүсүн суранасызбы?" деген суроосуна жооп берип жатып, тактоо иштерин Кытай лидеринин жеке өзүнөн сурай электигин, бирок муну ойлонуп көрө турганын билдирди. ​

Дагы караңыз АКШда импичмент маселеси козголду

Маселе Жо Байден расмий сапары менен Кытайга барган 2013-жылдагы окуя тууралуу болуп жатат. Ошол учурда аны уулу Хантер дагы коштоп барган. Расмий сапар менен барган учурда Хантер Байден кытайлык банкир Жонатан Лиге жолугуп, биргелешкен орток фонд түзгөн. Мунун жыйынтыгы менен Хантер Байден өзүнүн жаңы түзүлгөн фондуна Кытайдан 1,5 миллиард доллар суммасында инвестиция алганы айтылат.

Буга чейин Бээжин Дональд Трамптын кытай компаниялары Жо Байденге жана анын уулу Хантер Байденге ири суммадагы каражат берген деген айыптоосун четке каккан.

Ал эми CNN телеканалынын кабарлашынча, Трамп 18-июнда Си Цзиңьпиң менен телефондон сүйлөшкөндө Жо Байдендин саясий келечеги тууралуу маселени көтөргөн.

Сүйлөшүүнүн мазмунунан кабары бар эки башка булакка таянган CNN Трамп соода сүйлөшүүлөрүнүн шартында Гонконгдогу демократиялык күчтөрдүн нааразылыктарына көз жума турганын айтканын да маалымдады.

Дүйнөнүн эки ири экономикалык лидерлери АКШ менен Кытайдын соода тиреши бир жылдан бери уланып келет. Вашингтон менен Бээжиндин соода талашын чечүүгө багытталган кезектеги сүйлөшүү келерки аптада өтмөкчү.

1-сентябрда Кошмо Штаттар 112 миллиард долларлык Кытай импортуна жаңы тарифтерди киргизген. Президент Дональд Трамптын планы боюнча жыл аягына чейин 300 миллиард доллар өлчөмүндөгү товардан 15 пайыздык бажы төлөмү алынмакчы. Жооп иретинде Бээжин тарыхта биринчи жолу АКШдан келген чийки мунайга тариф киргизген.

Дагы караңыз Конгресс комитети Трамптын телефон сүйлөшүүсүн карады

Кытай да Байдендин ишин карап чыгышы керектигин айткан Дональд Трамп кийин “Твиттерге” коррупцияны иликтөө анын милдети экенин жазды.

“Кошмо Штаттардын президенти катары менде коррупцияны иликтөө боюнча толук укук, милдет бар. Анын алкагында башка өлкөлөрдөн бизге жардам берүү тууралуу өтүнүч же сунуш да болушу мүмкүн!”, - деп жазды Трамп.

Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленский менен 25-июлда телефондон сүйлөшкөн. Анда ал Жо Байдендин жана анын уулу Хантер Байдендин Украинадагы ишмердигин иликтөөнү суранган.

Өкүлдөр палатасынын Чалгын комитетинин төрагасы, конгрессмен-демократ Адам Шифф Трамптын Украинадан кийин Кытайга кайрылганына мындайча комментарийлерди:

- Мен кайрадан президент башка мамлекетти биздин шайлоого кийлигишүүгө чакырганын жана антын орой бузуп жатканын көрүп жатам. Бул биздин шайлоонун коопсуздугун коркунучка кептейт. Ошондой эле бул Американы ким башкара турганын биздин ишибизге кийлигишкиси келген чет элдик партиялар эмес, америкалыктар чечет деген идеяга карата чыккынчылык.

Жо Байден - 2020-жылдагы шайлоодо Демократтардын атынан Трампка атаандаш болору айтылып келет. Президент Барак Обаманын тушунда ал АКШнын Украинадагы иштерин да көзөмөлдөгөн. Анын уулу Хантер Байден 2014-жылдан 2019-жылга чейин Украинадагы «Бурисма» аттуу газ компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. «Бурисмага» иш козголуп, бирок мыйзам бузуу жоктугунан жабылып калганы айтылган.

Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси 24-сентябрда Дональд Трампка украин президенти менен сүйлөшүүсүнүн мазмунуна байланыштуу импичмент жарыялоо жараяны баштала турганын билдирген.

Трамп болсо кайрадан демократтар көтөрүп жаткан импичмент маселесин "болбогон иш" деп мүнөздөдү.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.