Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:32

Трамп конгрессмен-демократты «мамлекеттик чыккынчылык» боюнча айыптады


Адам Шифф.
Адам Шифф.

АКШнын президенти Дональд Трамп Өкүлдөр палатасынын Чалгын комитетинин төрагасы, конгрессмен-демократ Адам Шиффти «мамлекеттик чыккынчылык» кылды деп айыптады жана аны камоону сунуш кылды.

Шифф Конгрессте Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн мазмуну тууралуу баяндама жасаган. Конгрессмен бул сүйлөшүүгө байланыштуу атайын кызматка арыз түшкөнүн, ал териштирилип жатканын биринчи болуп жарыялаган.

Трамп Шиффти «сөздөрүмдү атайылап бурмалады» деп күнөөлөп жатат. Ал 30-сентябрда «Твиттердеги» баракчасына конгрессмен «чындыкка дал келбеген жана тири шумдук көрсөтмөнү мыйзамсыз ойлоп тапты, анын баарын менин украин президенти менен телефондон сүйлөшүүм катары берди жана Конгрессстин, Америка элинин алдында жарыялады», деп жазды.

Мунун алдында Трамп анын телефон сүйлөшүүсү тууралуу атайын кызматка арызданган информатор менен бетме-бет кездешип жолуккусу келерин билдирген. Аны «айыптаган» адам «мыйзамсыз маалымат таратканын» жазган.

Дональд Трамп менен Владимир Зеленеский телефондон 25-июлда сүйлөшкөн. Бул сүйлөшүүгө байланыштуу чалгын кызматындагы информатор жетекчилигине билдирген. Анда Трамп өзүнүн башкы саясий атаандашы Жо Байден менен анын уулу Украинада эмне иштерди кылып жүргөнүн иликтөөнү талап кылганы айтылган.

Демократтар басымдуулук кылган Өкүлдөр палатасы ушул окуядан улам президентти «кызмат абалынан кыянат пайдаланды» деп айыптап, ага импичмент жарыялоо жараянын баштаган.

XS
SM
MD
LG