Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:31

Трамп: Бээжин Байдендердин Кытайдагы иштерин изилдеп көрүшү керек


АКШнын мурдагы вице-президенти Жо Байден (оңдо) уулу Хантер Байден менен бирге.
АКШнын мурдагы вице-президенти Жо Байден (оңдо) уулу Хантер Байден менен бирге.

2020-жылкы президенттик шайлоого талапкер катары катышканы жаткан АКШнын мурдагы вице-президенти Жо Байден менен анын уулу Хантер Байдендин Кытайда жүргүзгөн ишмердүүлүгүн Бээжин текшерип, иликтеп чыгышы керек. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп журналисттер менен жолугушкан учурунда жарыя кылып баса белгиледи.

Маселе Жо Байден расмий сапары менен Кытайга барган 2013-жылдагы окуя тууралуу болуп жатат. Ошол учурда аны уулу Хантер дагы коштоп барган. Андагы расмий сапар менен барган учурда Хантер Байден кытайлык банкир Жонатан Ли менен жолугушуп, биргелешкен орток фонд түзгөн. Мунун жыйынтыгы менен Хантер Байден өзүнүн жаңы түзүлгөн фондуна Кытайдан бир жарым миллиард доллар суммасында инвестиция алган деп айтылат.

Белгилей кетсек, өткөн аптада Демократиялык партиянын Конгресстеги өкүлдөрү Трамп Украина президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшкөндө Байден жана анын уулу Украинада эмне иш менен алектенгенин иликтеп көрүүгө үндөгөнү үчүн импичмент маселесин көтөрүшкөн.

3-октябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Трамп Кытай дагы, Украина дагы мурдагы вице-президент Жо Байден менен анын уулу Хантер Байден эмне менен алектенгенин тактап, иликтеп чыгарына ишенерин айткан. Ал эми демократтардын президентке ишеним көрсөтпөө демилгесин "келжирек сөз" деп атаган.

Трамп Байдендин ишмердүүлүнө байланыштуу иликтеп, тактоо иштерин Кытай президенти Си Цзиньпиңдин жеке өзүнөн сурай электигин, бирок муну ойлонуп көрсө болорун билдирди.

XS
SM
MD
LG