Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:26

АКШда импичмент маселеси козголду


Дональд Трамп БУУнун жыйынында. 24-сентябрь.
Дональд Трамп БУУнун жыйынында. 24-сентябрь.

Өкүлдөр палатасы АКШ президенти Дональд Трампка импичмент жарыялоо жараянын баштай турганын билдиришти.

Алар Трамп мурдагы вице-президент Жо Байдендин ишин иликтөө үчүн Украинанын бийлигине кысым көрсөткөн деп эсептешет.

Жо Байден - 2020-жылдагы шайлоодо Демократтардын атынан Трампка атаандаш болору айтылып келет.

Трампка карата расмий иликтөө баштала турган болсо, бул Американын тарыхындагы импичмент жараянына кабылган үчүнчү президент болуп калмакчы.

Дональд Трампка импичмент жарыялоо жараяны баштала турганын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси 24-сентябрда жарыялады.

Ал Трамптын украин президенти Владимир Зеленскийден мурдагы америкалык вице-президент Жо Байдендин үй-бүлөсүнө иликтөө жүргүзүүнү суранганын - улуттук коопсуздукка жана таза шайлоого карата кылган чыккынчылык катары баалады.

Нэнси Пелоси.
Нэнси Пелоси.

- Бул жумада президент өзүнө саясий упай алып келе турган иш-аракетти жасоону өтүнгөнүн мойнуна алды. Президент Трамптын кадамы өзүнүн антына, улуттук коопсуздукка жана биздин шайлообузга кылган чыккынчылыгы экенин айгинелеп турган уяттуу көрүнүш. Ошондуктан мен бүгүн өкүлдөр палатасы иликтөөсүн баштаганын жарыялайм. Мен биздин алты комитетке мунун алкагында өздөрүнүн иликтөөсүн жүргүзүүгө буйрук кылам. Президент жоопко тартылышы керек. Эч ким мыйзамдан жогору турбайт, - деди Пелоси.

Трамп кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп эсептеген демократтар Өкүлдөр палатасында көпчүлүктү түзөт. Бирок Сенатта Трампты колдогон республикачылар басымдуу.

Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленский менен 25-июлда телефондон сүйлөшкөн. Бир катар америкалык маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Трамп Зеленскийди Украинада Байденге жана анын уулуна карата иликтөө жүргүзүүгө сегиз жолу чакырган. Ошондой эле ал Зеленскийди өзүнүн адвокаты Рудольф Жулиани менен кызматташууга көндүргөнү да белгиленет.

Дональд Трамп 24-сентябрда Украинанын президенти Владимир Зеленскийден мурдагы Барак Обаманын тушунда вице-президент кызматын аркалаган Жо Байдендин жана анын уулу Хантер Байдендин Украинадагы ишмердигин иликтөөнү суранганын ырастаган. Бирок ал муну басым катары эсептебейт.

Ал Зеленскийди коррупцияга каршы күрөшкө көбүрөөк көңүл бурууга, анын ичинде ата-бала Байдендин ишмердигин иликтөөгө чакырганын айтууда.

- Сиздер бул достук маанайдагы, өзүн актаган телефон чалуу болгонун билесиздер. Жо Байден жана анын уулунан айырмаланып, бул эки тараптуу пайданы көздөгөн сүйлөшүү болгон эмес, - деди Трамп.

Бул билдирүүдөн кийин АКШнын Юстиция министрлиги беш барактан турган стенограмманын сүрөт нускасын Ак үйдүн сайтына жарыялады.

Мазмуну суроо жараткан бул сүйлөшүүдөн кийин Улуттук чалгын ички иликтөөсүн баштаган. Бирок мыйзамда көрсөтүлгөнүнө карабастан мекеменин башчысы Конгресске иликтөө жөнүндө маалымат берүүгө тыюу салган.

Бул тууралуу аты белгисиз инспектор Конгресске маалымат жөнөткөнү гана айтылууда.

24-сентябрда маалым болгондой, Трамп Зеленский менен сүйлөшөрдөн бир жума мурда Украинага убада кылынган, жеке өзү Пентагондун линиясы менен бериле турган 250 млн. долларды жана Мамлекеттик департаменттен бериле турган 140 млн. доллар жардамды убактылуу токтотууга көрсөтмө берген.

Америкалык маалымат каражаттары жазгандай, Трамп Зеленский менен сүйлөшүүдө бул тууралуу сөз кылган эмес.

Трамп жардамды токтотуп койгонун башка мамлекеттер, анын ичинде Германия жана Франция Украинага жетиштүү жардам көрсөтпөй жатканы менен негиздеди. Сентябрдын башында бул каражат баары бир Украинага төлөнгөн.

Ал арада АКШ президенти Дональд Трамп Нью-Йоркто өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынына барган Украинанын президенти Владимир Зеленский менен 25-сентябрда жолугары белгилүү болду.

Зеленский соңку жагдайга байланыштуу "Россия-24" телеканалына учкай комментарий берип, Дональд Трамп ага басым-кысым кылган деген дооматты четке какты.

АКШнын президенти менен жолукканда андан эч нерсе сурабай турганын айтты:

- Мага эч ким басым кыла албайт. Анткени мен эгемен өлкөнүн президентимин. Мага алты жаштагы балам гана басым кылышы мүмкүн. Украина жаңы, күчтүү өлкө. Эч кимден эч нерсе сурабайт. Биз өзүбүз деле кимдир бирөөлөргө жардам бере алабыз, - деди Зеленский.

Владимир Зеленский жана Дональд Трамп.
Владимир Зеленский жана Дональд Трамп.

Буга чейин Дональд Трамп менен Владимир Зеленский негизинен энергетика жаатындагы кызматташуу, соода-сатык маселелери тууралуу сүйлөшөрү айтылган.

Эксперттер президенттик кызматта киришкенине араң гана жүз күн толгон Зеленский ушул тушта кыйчалыш абалда турганын белгилешет.

Алар украин президенти өлкөсүнүн экономикалык абалын оңдоп, коррупцияга каршы реформа жүргүзүп жана Орусиянын басымына туруштук берүү үчүн Вашингтондун колдоосуна муктаж экенин белгилешүүдө.

Байдендин иши

Мурдагы америкалык вице-президенттин уулу Хантер Байден 2014-жылдан 2019-жылга чейин Украинадагы «Бурисма» аттуу газ компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. Компаниянын ээси Николай Злочевскийге карата мурдагы прокурор Виктор Шокиндин демилгеси менен кылмыш иши ачылган.

«Бурисмага» карата кылмыш иши козголгону менен эч кандай мыйзам бузуу табылган эмес. Бирок Шокиндин ишине бир катар батыш лидерлеринин ичи чыкпай, "коррупцияга каршы күрөштү солгун жүргүзүп жатат" деп сындашкан.

2015-жылдын декабрында АКШнын вице-президенти кызматын аркалап турган Жо Байден Киевге келгенде Шокинди кызматтан кетирүүнү талап кылып, болбосо Украинага убада кылган миллиард долларлык жардамды артка кайтарып алууну эскерткен.

Украин парламенти Виктор Шокинди 2016-жылдын мартында кызматтан кетирген. Америкалык маалымат каражаттарына курган маегинде Шокин аны кызматтан кетирүүнү Жо Байдендин таасири менен байланыштырган. Бирок Байден анын дарегине айтылган дооматтарды четке кагууда.

- Мен эч убакта уулума чет өлкөдөгү ишкерлик мамилеси тууралуу айткан эмесмин. Менин билгеним ушул. Ал эми Трамптын иши иликтениши керек деп эсептейм. Ал президенттиктин негизги эрежелерин бузуп жатат. Ага «Эмне үчүн чет өлкөлүк лидерди коркутууга аракет кылып сүйлөшөсүң?» деген суроону да бергиле. Трамп аны барабандай кагып жатканымды билет. Ошондой эле ал бийлигинен, президенттиктин ар бир ишинен кыянат пайдаланып, мени каралаганга аракет кылып жатат, - деди Байден.

Жо Байден 2020-жылы боло турган президенттик шайлоого Демократтардын атынан катышууга ниеттенүүдө.

Сурамжылоолорго караганда, ал учурда демократтар арасындагы үмүткөрлөрдүн алдыңкы сабында турат. Ошондуктан Байдендин Украинага байланышкан иштерин козгоо ага бут тосуу катары бааланууда.

Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин демилгеси Трампка карата расмий иликтөө баштап, ага ишеним көрсөтпөөгө чейин жете турган болсо, бул АКШнын тарыхындагы президент импичмент маселесине кабылган үчүнчү иш болуп калмакчы.

АКШнын Конституциясына ылайык, президент чыккынчылык, паракорлук жана башка оор кылмыш үчүн кызматтан четтетилиши мүмкүн.

Өкүлдөр палатасында президентке импичмент жарыялоо үчүн депутаттардын жарымынан көбүнүн добушу талап кылынат. Эгер ал колдоо тапса, маселе андан ары Сенатта каралат. Ал эми Сенатта президентти кызматтан кетирүү үчүн депутаттардын үчтөн экиси добуш берүүгө тийиш.

Американын тарыхындагы импичмент маселеси бир да жолу Сенатта колдоо тапкан эмес. Анын үстүнө азыр Сенатта Трампты сүрөгөн Республикачылар партиясы көпчүлүктү түзөт.

АКШнын тарыхында эки президент – 1868-жылы Эндрю Жонсон жана 1998-жылы Билл Клинтонго ишеним көрсөтпөө жараяны жүргүзүлгөн. Экөөнүн тең иши Сенатка жетип, бирок андан колдоо тапкан эмес.

Өкүлдөр палатасы 1974-жылы Ричард Никсонго каршы импичмент жарыялаган. Бирок ал иш Сенатта каралганга чейин эле кызматтан кеткен.

Ричард Никсон - АКШнын тарыхындагы кызматта турган кезинде отставкага кеткен жалгыз президент.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG