Орусиянын чалгын кызматына доомат күчөдү

АКШнын Федералдык тергөө бюросу хакерлик үчүн айыптаган Орусиянын чалгын кызматынын офицерлери, 4-октябрь, 2018-жыл.

Нидерланд бийлиги апрель айында өлкөдөн чыгарылган орусиялык төрт жаран дипломатиялык паспортко жамынган чалгын кызматынын офицерлери экенин жарыялады.

Нидерланддын бийлиги орустар Гаага шаарында жайгашкан Химиялык куралга тыюу салган уюмдун баш кеңесинин алдындагы машине токтоткон жайда атайын жабдык коюп, уюмдун компьютердик системасына хакерлик чабуул коюуга камынганын 4-октябрда билдирди.

Ага чейин орусиялык чекисттер Малайзияга барышканы жана Швейцарияда Доппингге каршы дүйнөлүк агенттиктин серверин бузушканы дагы ачыкка чыкты.

Дагы караңыз Добуш берүү көзөмөлгө алынганбы?

Өлкөнүн Коргоо министрлиги орус чалгынчылары Малайзияга Боинг МН-17 кыйраган кырсыкты иликтөөгө байланыштуу барган деп эсептейт. 2014-жылы 298 адам менен бараткан малайзиялык учакты орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактан атып түшүргөн.

Коргоо министри Анк Бейлевелд Гаагадагы басма сөз жыйынында кибероперацияны Орусиянын аскердик чалгын башкармалыгы – ГРУ ишке ашырмак деп айтты:

- Биздин аскердик чалгын кызматы кибер операцияны аныктап, Орусиянын төрт чалгын офицери ошол эле күнү 2018-жылдын 13-апрелинде өлкөдөн депортация болгон. Алардын жарак-жабдыгы ошол жерде калтырылган. Бул операция аркылуу Химиялык куралга тыюу салган уюмдун компьютерлик системасына коюлчу хакерлик чабуул токтотулду.

Мунун артынан Нидерланд жана Британиянын премьер-министрлери Марк Рютте менен Тереза Мэй биргелешкен билдирүү таратып, Орусияны “глобалдык баалуулуктарды тебелеп” жатканы үчүн айыпташты.

Европа кеңешинин президенти Дональд Туск, Еврокомиссиянын президенти Жан-Клод Юнкер жана Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Федерика Могерини “мындай агрессивдүү аракет Химиялык куралга тыюу салган уюмдун максаттарын сыйлабастык” деп баалашты.

Европа Биримдигинин жетекчилери биргелешкен билдирүүсүндө «эл аралык укукка жана институттарга көлөкө түшүргөн мындай аракеттерди айыптайбыз» деп чыгышты.

АКШнын коргоо министри Жим Мэттис Москва Эл аралык уюмга киберчабуул жасоону көздөгөнү үчүн жооп берерин эскертти. Бейшембиде Вашингтон Орусиянын жети чалгын офицерине хакерлик боюнча айып койду.

Йенс Столтенберг.

НАТОнун баш катчысы, генерал Йенс Столтенберг Орусияны “акылсыз жүрүм-турумду токтотууга” чакырды. ​

- НАТОго кирген өнөктөштөр Нидерланддар менен Британ өкмөттөрүнүн Орусиянын эл аралык укукту жана институттардын ишмердигин солгундатуу аракетин айыптоосуна тилектеш. Орусия мындай акылсыз жүрүм-турумун, аны менен катар коңшуларына каршы күч колдонуп, шайлоосуна аралашып жана дүйнөгө жалган маалымат жайылтууну токтотуусу керек.

Нидерландга чейин Лондон Орусиянын Башкы аскердик чалгын кызматын бир катар ири киберчабуулдардын артында турганы үчүн айыптаган.

Британиянын коопсуздук баяндамасында айтылгандай, ГРУнун бир нече хакерлик топтор менен байланышы бар. Алар Батыштын спорттон тарта транспорттук мекемелерине чейин, шайлоо системаларынын компьютерлик түйүндөрүн бутага алган.

Лондон ГРУну "дүйнөдө башаламандык жаратып, пикир келишпестикти жайылтуу үчүн хакерлердин түйүнүн колдонгон кибер-агрессор” деп атаган.

Орус тышкы иштер министрлиги соңку дооматтарды Батыштын “фантазиясы” катары баалады. Федерация кеңешиндеги эл аралык комитеттин төрагасынын орун басары Владимир Жабаров «РИА Новости» агенттигине Орусия Ниддерланддын өзүнө жараша жооп болорун айтты.

Дагы караңыз Солсбериге барган "орус тыңчысы" атын өзгөрткөн

Расмий Лондон быйыл мартта Солсбери шаарында орусиялык мурдагы тыңчы Сергей Скрипалды жана анын кызы Юлияны химиялык зат менен ууландырып, өлтүрүүгө аракет кылганы үчүн жоопкерчиликти ГРУнун офицерлерине жүктөгөн.

Лондон жарыялаган далилдерге карабай, Москва бул кол салууга тиешеси жоктугун кайталап жүрөт. Президент Владимир Путин Скрипалды “саткын жана бузуку” деп атады.

Буга чейин Вашингтон ГРУну 2016-жылкы президенттик шайлоо алдындагы киберчабуулдар үчүн айыптап, атайын кызматтын бир нече офицерине, анын ичинде башчысы Игорь Коробовго санкция салган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.