Расмий Бээжин Вашингтонду мындай кадамдан дароо баш тартууга чакырып, мунун кесепеттери болорун эскертти. АКШ мындан тышкары орусиялык 27 жаранды жана алты компанияны санкциялык "кара тизмеге" кошту.
Кошмо Штаттардын тышкы саясий мекемесинин 20-сентябрдагы жарыясына караганда, президент Дональд Трамптын администрациясы санкцияны кытай армиясынын бир бөлүмү - Курал-жарак департаментине каршы киргизип жатат.
Эми Кытай армиясынын бул департаментине жана анын башчысына АКШга экспорттук лицензия алууга, америкалык каржылык системаны колдонуусуна тыюу салынат.
Ага катар санкцияга кириптер болгон тарап Кошмо Штаттардын Каржы министрлигинин америкалык жеке адамдар менен компаниялар бизнес жүргүзө албай тургандардын "кара тизмесине" да кошулду.
Санкциялар Мамлекеттик департамент белгилегендей, Кытай Орусиянын курал сатуучу башкы ишканасы – Рособорнэкспорттон 2017-жылы СУ-35 учактарынан он даананы, ал эми быйыл абадан коргонуу боюнча С-400 ракеталык системасын сатып алганы үчүн киргизилди.
Бээжин Москвадан СУ-35 учактарынан жыйырмадан ашуун даананы сатып алары 2015-жылы маалымдалган.
Муну менен АКШнын экономикалык санкциялары Орусиянын коргонуу секторундагы ишканалар менен кызматташканы үчүн үчүнчү тарапка карата биринчи ирет колдонулуп жатат.
Америкалык администрация Кытай Орусиядан аскерий техника жана жабдуу сатып алуу менен Вашингтондун Москвага каршы экономикалык санкцияларын бузду деп эсептейт.
Талдоочулар АКШ чарасынын символикалык гана мааниси бардыгын белгилеп жатышат.
Бирок расмий Бээжин Вашингтонду санкциядан дароо баш тартууга чакырды:
- Кытай АКШ тараптын бул эч негизсиз аракеттерине катуу кыжырлануусун билдирет. Бул кадам эки тараптуу карым-катышка жана аскерий байланыштарга олуттуу зыянын тийгизди. Биз америкалык тарапты катасын дароо оңдоого жана санкция деп аталгандарын жокко чыгарууга көптөн-көп чакырабыз. Болбосо америкалык тарап мунун кесепеттери үчүн сөзсүз жоопкерчилик тартат, - деди жума күнү Кытайдын тышкы саясий мекемесинин расмий өкүлү Генг Шуанг.
Кошмо Штаттарында былтыр жайдан тарта күчүнө кирген мыйзамдын талабына ылайык, Орусиянын коргонуу секторундагы ишканалар менен кызматташкандарга экономикалык санкция колдонулат, мунун ичинде АКШга кирүүсүнө тыюу салынып жана анын каржылык системасынан пайдалануусуна жол берилбейт.
Мындай мыйзамды өз кезегинде АКШ Конргресси Орусияны 2016-жылкы президенттик шайлоого кийлигишкени үчүн жазалоо жана ага санкциялар менен каршылык көргөзүү үчүн кабыл алган.
Курал экспортунан түшкөн акча - орус өкмөтүнүн негизги киреше булактарынын бири.
Орусиялыктардын "кара тизмеси"
Мамлекеттик департамент 20- сентябрда Орусиянын өзүнөн дагы 27 жаранды, чалгын жана аскерий мекемелерге байланышы бар алты компанияны санкциялык "кара тизмеге" киргизгенин жарыялады.
Алардын арасында Орусиянын аскерий чалгын кызматынын он эки офицери жана Кремлге жакын ишкер, президент Путиндин “ашпозчусу” деп аталып жүргөн Евгений Пригожин да бар.
Аларга быйыл февралда АКШда Орусиянын 2016-жылкы президенттик шайлоого кийлигишүүсү боюнча иликтөө жүргүзүп жаткан атайын прокурор Роберт Мюллер расмий айып да койгон.
Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков 21-сентябрда АКШнын жаңы санкцияларын сынга алуу менен аны “пайдасыз” деп атап, Вашингтон Москвага “өз шарттарын таңуулоо” аркылуу ийгилик таппай турганын белгиледи.
Кошмо Штаттарды “акылсыздык кылып, от менен ойноп жатат” деген Рябков санкциялар Вашинтгтон менен Москва ортосундагы “чыңалууну күчөтүп”, “глобалдык бейстабилдүүлүккө” салым кошуп жатканына да токтолду.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.