Президент Владимир Путиндин мобилизациялоо жөнүндө буйругу чыккандан эки жыл өткөндөн кийин, өлкөнүн орус эмес калктар жашаган жумурияттарынан согушка көбүрөк тартыла баштады.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун татар-башкыр кызматы Орусиянын башка аймактарына караганда Татарстан менен Башкырстандан согушка кеткен жоокерлердин саны көбүрөөк экенин, ал эми набыт болгондордун саны соңку апталарда эселеп өскөнүн жазды.
"Медиазонанын" журналисттери Би-Би-Синин орус кызматындагы кесиптештери жана ыктыярчылар менен түзгөн тизмеде да Украинадагы согушка тартылгандар Москва менен Санкт-Петербург сыяктуу шаарлардан алысырак жайгашкан аймактардан көбүрөөк экени байкалат.
Мунун себеби белгисиз, бирок бул президент Путиндин элди нес кылып, өлкө боюнча "жарым-жартылай" мобилизация жарыялаганына эки жыл толгон учурга туш келди. Бул жараянда 300 миң киши армияга алынган.
Батыш өлкөлөрүнүн эсептөөлөрү боюнча согушта каза болгон же жараат алган орусиялыктардын жалпы саны 500 миңден ашат. Акыркы 30 айда эле өлгөндөрдүн саны Ооганстандагы 1980-жылдардагы 10 жылдык согушта көз жумгандардын санынан ашып кеткен.
Бул жүк негизинен этностук азчылыктар отурукташкан аймактарга, ошол эле Башкырстанга жана Татарстанга түштү.
"Татарстан менен Башкырстан жакыр аймактар эмес", - дейт "Медиазона" сайтынын редактору Дмитрий Трещанин. "Айрыкча Татарстанга көптөгөн башка аймактагылар көз артып турат. Бул эки жумурияттын тургундары каражаттын же акчанын жетишсиздигинен өз ыктыяры менен согушка барат деп айтууга болбойт. Менимче аларга катуу административдик кысым көрсөтүлүп, элди ал жакка "өз каалоосу менен мажбурлап" жиберишет".
"Аталган эки жумурияттагы жоготуулар боюнча кырдаал "акылга сыйбаган" көрүнүш", - дейт Трещанин.
"Согуш башталганда Дагестандан, Түндүк Кавказ аймагынан каза болгондордун саны көп байкалчу. Бирок азыр Марат, Марсел сыяктуу татар жана башкыр ысымдарын утур-утуру кездештирип жатабыз", - дейт "Медиазона" сайтынын редактору.
Волга боюндагы өлүм-житим
2022-жылдын февралында Украинага кол салып, согуш башталгандан бери Кремль өзүнүн аскердик жоготууларын толук жарыялабайт. Акыркы жолу 2022-жылдын сентябрында берилген расмий маалыматта 5937 орусиялык каза болгону айтылат. Ал кезде Киев орус тараптын жоготуулары бул сандан дээрлик 10 эсе көп экенин билдирген.
Бул журналисттерге, талдоочуларга жана байкоочуларга согуш белгилүү бир аймактын калкына кандай таасир этип жатканын реалдуу баалоону кыйындаткан.
Анткен менен талдоочулар толук масштабдуу согуш башталгандан бери өлгөндөрдүн арасында башка улуттар орустарга пропорционалдуу эмес экенин белгилешет.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун маалыматы боюнча 4 миллиондон бир аз ашыгыраак калкы бар Волга боюндагы Башкырстандан кеткен 2981 аскер каза болгон. Мындай маалыматты чогултуу үчүн социалдык тармактардагы посттор, некрологдор жана башка ачык булактар пайдаланылган.
Ал эми Татарстандан согушка кеткендердин арасынан 2691 кишинин өлүмү катталды.
Ушундай эле ыкма менен тизме түзгөн "Медиазонанын" жана Би-Би-Синин орус кызматынын журналисттери Башкырстандан 2705 жана Татарстандан 2259 кишинин өлүмүн аныктаган.
Каза болгондордун арасында согушка мобилизацияланган жоокерлерден тышкары, Орусиянын абактарында жаткандар, жеке менчик аскер компанияларынын жалданма аскерлери, ошондой эле чоң акчага, жеңилдиктерге азгырылгандар, армияда келишим менен кызмат өтөгөндөр да бар.
"Азаттыктын" эсеби боюнча келишим менен баргандарды алсак, Башкырстан сап башында турат. Келишим менен кеткен башкырлардан 965 киши набыт болгон. Экинчи орунда Татарстан турат. Бул жумурияттан кеткен 557 "ыктыярчы" согуш талаасында жан берген.
Салыштыруу үчүн айтсак, расмий 13 миллиондон ашык адам жашаган Москвадан "135 гана ыктыярчы" согушта өлгөнү тастыкталган.
Соңку бир айда "Азаттыктын" татар-башкыр кызматы эки аймактан барган дагы 575 жоокердин атын өлгөндөрдүн тизмесине кошту, бул бир күндө дээрлик 20 жоокер окко учкан дегенди билдирет.
Журналисттер бул тизме чыныгы жагдайды чагылдырбай турганын, анткени ал ачык жарыяланган гана маалыматтардын негизинде түзүлгөнүн, майданда өлгөндөр мындан кеминде эки эсе көп экенин белгилешет.
Башкырстан менен Татарстандан Украинадагы согушка жалпысынан канча киши, кандай шартта келишим менен менен мобилизацияланганы белгисиз.
Статистикабы же трагедиябы?
Татарстандык саясат талдоочу Руслан Айсиндин айтымында, Москва Волга боюна "өзгөчө көңүл" бурууда. Бул Кремлдин атайылап улуттук республикалардын "саясий статусун чаташтыруу" аракетинин бир бөлүгү.
Анын пикиринде, Путиндин өкмөтү Москва жана Санкт-Петербург өңдүү ири шаарлардагы орустардын согушка нааразылыгын басаңдатууга, алардын катарынан жоготууларды азайтууга аракет кылууда.
Айсин ар бир аскердин өлүмү "жөн гана статистика" деп сыпаттайт.
"Бирок өлкө үчүн, улут үчүн, үй-бүлө үчүн бул чоң трагедия", - деди ал. - Бийлик менен карапайым жарандардын ортосунда чоң ажырым бар".
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Январь айында азчылыктардын укуктарын жана башкыр тили менен маданиятын коргоп жүргөн экоактивист Фаил Алсынов "жек көрүүчүлүкту жана кастыкты козуткан" деген негизде төрт жылга эркинен ажыратылгандан кийин Башкырстанда нааразылык акциялары башталган.
Серепчилер белгилегендей, мындай акциялар ошондой эле Украинадагы согуштун кеспетине нааразылыктан улам дагы келип чыккан.
"Азыр согушта өлгөндөрдүн көбү өз ыктыяры менен кеткендер"
Би-Би-Синин орус кызматынын жана "Медиазона" басылмасынын 20-сентябрдагы эсебинде Москва Украинага согуш ачкандан бери 70 миңден ашык орусиялык аскер жок болду.
Согуштун алгачкы айларында Орусиядан орточо эсеп менен 20 жаштагы, келишим менен барган жоокерлер окко учкан. Азыр болсо 40, 50, ал тургай 60 жаштагы - көбүнчө аскердик тажрыйбасы же атайын даярдыгы жок ыктыярчылар өлүмгө дуушар болууда.
Белгилей кетсек, согушта каза болгондордун эң улуусу 71 жаштагы ыктыярчы болгон.
Трещаниндин айтымында, согушта өлгөндөрдүн 12,7% жакыны 2022-жылы мобилизацияланган жарандар.
Расмий түрдө 300 миңдей адам согушка тартылды дегени менен айрым талдоочулар бул сан мындан да көп болушу ыктымал экенин белгилешет.
Журналисттер жоготуулардын жалпы саны 155 миңдей болушу ыктымал экенин четке кагышпайт.
Батыштын божомолдору да ушундай.
Франциянын тышкы иштер министри Стефан Сежурне май айында Украинада 150 миңдей орусиялык аскер каза болгонун билдирген. АКШнын Коргоо министри Ллойд Остин июнда кеминде 300 миң орус жоокер набыт болгонун же жараат алганын айтып, муну "Путиндин империялык дымагы үчүн Орусиянын төлөгөн баасы" деп сыпаттаган.
Трещаниндин жана анын кесиптештеринин колунда тек-жайын ырастай турган 4000дей кишинин аты-жөнү бар. Бирок анын айтымында, азыр негизги тенденция жакында эле согушка тартылган "ыктыярчыларда".
"Июлда согушка кеткен кишиден августта "кара кагаз" келгени үрөй учурган жагдай", - дейт Трещанин.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.