Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:43

Путин армиянын штаттык санын көбөйтүү жарлыгына кол койду


Орусия Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн аскерлердин санын дагы көбөйтүүдө. Жаңы документ армиянын штаттык санын 2 миллион 389 миң адамга, анын ичинде аскер кызматкерлеринин санын 1,5 миллионго жеткирүүнү көздөйт.

Тиешелүү жарлыкка Орусиянын президенти Владимир Путин кол койду. Документ укуктук актылар порталында жарыяланды. "Жарлык 2024-жылдын 1-декабрынан тартып күчүнө кирет", - деп белгилейт ТАСС агенттиги. Жаңы документ күчүнө кирери менен президенттин мурдагы жарлыгы күчүн жоготот.

Путин былтыр 1-декабрда Орусиянын армиясында штаттык кызматкерлердин санын 2,2 миллонго, аскер кызматкерлердин санын 1,3 млн кишиге көбөйтүүнү караган жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, Орусия басып кирген аймактарда штаттагылардын 45% жүрөт.

Ага чейин орус президенти 2022-жылы августта жарым-жартылай мобилизация жарыяланган учурда армиянын штаттык санын 137 миңге көбөйткөн.

Орусиянын Коргоо министрилиги Путиндин жаңы жарлыгына комментарий бере элек.

Декабрда CNN телеканалы АКШнын чалгындоо кызматындагы булактарына таянып, Орусия 2022-жылы басып алууга катышкан 360 миң аскердин 315 миңинен айрылышы мүмкүн экенин билдирген. Адегенде согушка орусиячыл жикчилдердин Донецк жана Луганскидеги аскер бөлүктөрү катышса, азыр Орусиянын аскердик түзүмдөрүнө интеграциялангандар тартылууда.

Орусия Украинага 2022-жылы, 24-февралда кол салган. Би-Би-Синин орус кызматы Орусия Украинага басып киргенден бери кеминде 50 миң адам каза болгон деген божомолун жарыялаган.

XS
SM
MD
LG