Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:14

«Досье» Путин менен Кабаеванын уулдарын иликтеп чыкты


Путин жана Кабаева. Архив
Путин жана Кабаева. Архив

Орусиянын президенти Владимир Путиндин эки жашы жетелек баласы бар. Алардын энеси - мурдагы гимнаст Алина Кабаева. Мындай маалымат «Досье» борборунун иликтөөсүдө айтылат.

Маалыматка караганда, Иван деген уулу 2015-жылы, Владимир 2019-жылы төрөлгөн. Сүрөттөрү ачык булактарда болсо дагы журналисттер этикалык себептерден улам аларды жарыялоону туура көргөн эмес.

Балдар башка документтер менен жашайт, Путинге байланышы бар жеке менчик яхта, учактар менен жан сакчылардын коштоосунда жүрүшөт, коомдук жайларга барышпайт жана президенттин резиденцияларында жашашат, - деп айтылат иликтөөдө.

«Досье» маалыматты Путиндин резиденциясында иштеген , балдарды көп жолуктурган кишиден алган.

Коррупция менен күрөшүү фондунун (ФБК) иликтөөчүсү Георгий Албуров ал маалыматты бышыктап, атайын иликтөөнүн үстүнөн иштеген, бирок чыгарууга үлгүргөн эмес.

Журналисттер Путин менен Кабаеванын балдары бардыгын буга чейин эле маалымдашкан. Асыресе швейцариялык SonntagsZeitung гезити Путин 2015 жана 2019-жылдары эркек балалуу болгонун, бирөө Швейцарияда туулганын жазган. Экинчисин Кабаева Москвада, швейцариялык дарыгердин көзөмөлүндө төрөгөнү маалымдалган. Алардын ысымдары биринчи жолу аталды.

“Досьенин” жазганына ылайык, Иван менен Владимир үчүн Валдайда билим берүү борбору ачылган. Алар менен гувернерлор иштейт, мугалимдерди English Nanny агенттигинин сайтынан издешкен.

Орусия Украинага басып киргенден кийин англис тили мугалимдерин Түштүк Африкадан ала башташкан. Тарбиялоочуларга резиденциянын аймагынан чыгууга тыюу салынат. Алар балдардын ата-энеси менен байланышпайт, үй-бүлөнүн жардамчыларынан тапшырма-көрсөтмө алышат.

Кабаеванын тууганы Оксана Федина гувернер, бала багуучулар менен сүйлөшкөндө өзүн "балдардын энесимин" деп тааныштырат.

Путиндин уулдары башка балдар менен майрамдарда гана жолугат. Алар көбүнесе Кабаеванын жакын досторунун балдары.

Иликтөөчүлөр мугалимдер маянасын медициналык борбор аркылуу алышарын аныкташты.

Материалда Кремлдин комментарийи жазылган эмес. Путин уулдары бардыгын эч качан ачык билдирген эмес. Бирок үй-бүлөсүндө балдар бар экенин айтчу. Жакында үй-бүлөсүнүн кичинекей мүчөлөрү кытай тилин үйрөнүп жатканын айткан.

2013-жылы биринчи аялы менен ажырашкан Путин Кабаева менен жашаганын эч качан расмий түрдө моюнуна алган эмес.

2022-жылы Британия “Улуттук медиа топту” жетектеген Кабаевага жана таянеси Анна Зацепилинага санкция салган.

Путиндин эки чоң кызы бар. Журналисттер кеп Мария Воронцова жана Катерина Тихонова тууралуу жүргөнүн аныкташкан. Орус президенти алар анын кыздары экенин ачык айткан да, четке да каккан эмес.

XS
SM
MD
LG