Тажик муфтийине мечитте бычак шилтеген адам кармалды

Саидмукаррам Абдукодирзода. 2019-жыл.

Тажик полициясы Дүйшөмбү шаарында өлкөнүн муфтийи Саидмукаррам Абдулкодирзодага кол салган кишини кармап, "бейбаштык" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Бирок талдоочулар муфтий атайын кызмат менен тыгыз байланышып, динчилдердин укугун тебелеген саясатты жүргүзүп жатканын айтышат.

Тажикстандын муфтийи Саидмукаррам Абдулкодирзода өткөн аптада белгисиз бирөө кол салгандан бери эл алдына чыга элек. Ички иштер министрлиги бул маалыматты тастыктап, кол салган киши "бейбаштык кылып, курч нерсе менен" муфтийди сайганын, ал адам кармалганын билдирген.

Mуфтий Саидмукаррам Абдулкодирзода.

Полициянын билдирүүсүндө муфтий "жеңил жараат" алганы, дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин ошол эле күнү ооруканадан чыгарылганы айтылат.

Бирок айрым тажикстандыктар Дүйшөмбүнүн чок ортосундагы борбордук мечитте бешим намазынан көп өтпөй болгон кол салууну кокустан чыккан бейбаштык экенинен күмөн санашат.

Талдоочулар бул окуяны Тажикстандагы Ислам борборунун Аалымдар кеңешинин барган сайын динге каршы саясаты катаалдашканы менен байланыштырууда.

Укук коргоо органдары шектүү жаран камакта экенин кабарлап, бирок анын аты-жөнүн айткан жок. Муфтийге кол салуу үчүн жоопкерчиликти да эч ким өзүнө ала элек.

Дагы караңыз

Диний жана жарыкчыл экстремизм: Аша чапкандан абайлаш керек

"Азаттыктын" тажик кызматы - "Озоди" радиосунун кабарчысы байланышкан күбө кол салган киши муфтийди чекеге бычак менен сайганын айткан.

"Абдулкодирзоданы чекеге сайды. Мечитке келгендер кол салган адамды дароо кармашты. Окуя болгон жерге полиция тез эле жетип келди, анткени райондук полициянын бөлүмү жакын жерде болчу", - деди атын атагысы келбеген күбө.

Ал кол салган киши Дүйшөмбү шаарынын четиндеги конуштардын биринде жашаганын айтып, башка маалымат берген жок.

11-сентбярда кол салууга кабылган күнү Абдулкодирзода "Озоди" радиосуна курган кыска маегинде "Кооптонууга эч кандай негиз жок, ден соолугум жакшы" деди.

Полиция жана тиешелүү органдар тергөө жүрүп жатканын жүйө келтирип, кошумча маалымат берүүдөн баш тартты.

Эгемендиктин аты гана бар

Окуянын чоо-жайын түшүндүргөн расмий маалыматтын жоктугу диний кеңешти 2010-жылдан бери жетектеп келген Абдулкодирзодага кол салуунун себептери тууралуу түрдүү божомолдорду жаратты.

Көптөгөн тажикстандыктар муфтий бутага алынганын, анткени ал атайын кызмат менен тыгыз байланышып, динчилдердин укугун тебелеген саясатты жүргүзүп жатканын айтышат.

Жакында эле Аалымдар кеңеши улуттук кийимге байланыштуу фатва чыгарып, тажик кыз-келиндерин "денеге жабышкан тар, кара түстөгү" же тажик маданиятына "жат" кийимдерди кийбөөгө чакырып, мусулмандардын кыжырын кайнаткан.

Фатва парламент расмий түрдө "чет элдик кийимдерге" тыюу салгандан бир нече күн өткөндөн кийин чыккан. Ал эми коңшу өлкөдө дээрлик 20 жылдан бери мектептерде жана жумуш орундарында хижаб кийүүгө бейрасмий тыюу салынган.

Мухамаджон Кабиров

Польшада жайгашкан AzdaTV басылмасынын башкы редактору Мухамаджон Кабировдин пикиринде муфтийге кол салуу коомчулуктун Аалымдар кеңешине жана анын төрагасына болгон нааразычылыгын ачык көрсөтөрүн айтат.

"Учурда тажик коомчулугу муфтий Саидмукаррам Абдулкодирзоданы бийликтин жактоочусу жана атайын кызматтын адамы катары кабыл алууда, - дейт Кабиров. - Эл анын максаты жарандардын дин тутуу эркиндигин коргоо эмес, тескерисинче, элдин диний каада-салттарын бузууну камтыган мамлекеттик саясатты жайылтуу деп эсептешет".

Кыргызстан менен чектеш Согд облусунда атын атагысы келбеген мугалим "Озоди" радиосуна муфтийге кол салууну "муфтияттын ишине ачууланган бирөө жасашы мүмкүн, бирок бул мындай аракеттерди элдин баары колдойт дегенди билдирбейт", - деди.

"Жеке мен муфтиятка да, Аалымдар кеңешине да ишенбейм, бирок зордук-зомбулук - бул чечүүчү жол эмес, - дейт мугалим. - Эл бул кол салууга ачууланганы менен, муфтийди айыптагандар да бар".

Тажикстанда дээрлик жыйырма жылдан бери мектептерде жана жумуш орундарында хижаб кийүүгө бейрасмий тыюу салылган.

Тажикстандагы Ислам борборунун Аалымдар кеңеши - юридикалык жактан көз карандысыз орган. Бирок Борбор Азия өлкөлөрүндөгү башка расмий диний уюмдар сыяктуу эле ал өкмөттүн катуу көзөмөлүндө иштейт.

Тажик бийлиги да бардык мечиттерди тыкыр көзөмөлдөйт. Имамдар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн бир добуштан макулдугу менен дайындалат.

Кеңеш жана мамлекеттик кызматкерлер имамдардын диний жана мамлекеттик иштер боюнча билимин текшерген сынактарды утур-утур уюштуруп турушат.

Дагы караңыз

Тажикстанда бүбү-бакшылар камалат

Тажикстанда фатва чыгаруучу жападан жалгыз орган болгон кеңештин бардык сунуштары жана токтомдору өкмөттүн саясатын чагылдырат. Диний чечимдер милдеттүү эмес, символикалык гана мааниге ээ.

Тажикстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши 2018-жылы "Рогун" ГЭСинин курулушунда иштегендерди орозо тутуудан карманууга үндөгөн.

"Рогун" ГЭСи

Аталган кеңештин пикиринде, орозо маалында таң аткандан күн батканга чейин оозуна наар албай, оор иш жасаган жумушчулардын абалына терс таасирин тийгизет. "Рогун" ГЭСи - тажик өкмөтү үчүн эң маанилүү стратегиялык долбоор.

Ошондой эле диний кеңеш 2014-жылы бийликке каршы чыккан, жергиликтүү же чет элдик уюмдар, анын ичинен өлкөнү "дестабилдештирүүнү" максат кылган маалымат каражаттары менен кызматташуу "чоң күнөө" экенин жарыялаган.

Абдулкодирзода "тынчтыкты жана стабилдүүлүктү каалаган байистүү исламды жайылтуу - ар бир диний ишмердин милдети" деп билдирген.