Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:03

Орусияда тажик согушкеринин жубайы 11 жылга соттолду


Мадина Бондаренко
Мадина Бондаренко

Орусиянын Ростов-на-Дону шаарынын соту “Ислам мамлекети” террордук тобунун согушкери, тажикстандык Парвиз Саидрахмоновдун (Абу Довуд) жубайын 11 жылга эркинен ажыратты.

Мадина Бондаренкого байланыштуу чечим августтун башында кабыл алынган.

Орус бийлиги соттун чечими боюнча комментарий берген жок.

Соттолгон келиндин жакыны Мадинага "террордук уюмга мүчө болгон" деп айып тагылганын билдирди. Анын сөзүнө караганда, сотто Мадина бул айыпты четке кагып, Абу Довуд өзүн алгач Түркияга, андан ары Сирияга алып кеткенин айткан.

Тажик бийлиги 2022-жылы Бондаренко менен Саидрахмоновду жана алардын төрт баласын Түркиядан Дүйшөмбүгө алып келип, 2023-жылы Мадинаны Орусияга өткөрүп берген.

Парвиз Саидрахмонов Тажикстанда 2023-жылы 21 жылга эркинен ажыратылган.

Улуту осетин Мадина Бондаренко Абу Довуддан үч бала төрөгөн. Сот Мадинанын үч баласы тең Орусиянын эмес, Тажикстандын жараны экенин жана алар Дүйшөмбүгө өткөрүлүп берилгенин билдирди.

XS
SM
MD
LG