Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:44

Диний жана жарыкчыл экстремизм: Аша чапкандан абайлаш керек


Жолдош Турдубаев, адабиятчы

P.S Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт

Соӊку кездеги окуялар, айрыкча Сузакта мамлекеттик туунун өрттөлүп, ордуна арапча жазуусу бар чүпүрөктүн илиниши, “Хизб ут-Тахрир” уюмунун жана башка агымдардын кыйла активдеше баштаганы көптөн бери мамлекеттик деӊгээлде көӊүл бурулбай, жетиштүү маани берилбей келген маселелерди мындан ары карабай коюуга мүмкүн эместигин далилдеди окшойт.

Диний жана жарыкчыл (светтик) экстремизмди тизгиндөө үчүн саясий жана укуктук аӊ-сезимди жаӊы деӊгээлге көтөрүү зарылдыгы улам катуу сезилип баратат.

Кароосуз калган айдоо жерди отоо чөп басат

Улам кооптуу болуп бараткан жагдайды жөнгө салуу үчүн “катуу чаралар көрүлсүн”, “күнөөлүүлөр аёосуз жазалансын” дегендей талаптар эӊ көп айтылууда. Ырас, тууну өрттөөгө тикелей тиешеси бар адамдар, аларды көкүткөн жактар аныкталып, мыйзамдуу жоопко тартылышы керек. Күнөөсү аз же жөн гана алданып, башкалардын айыбын мойнуна алган бечаралар гана кармалып, алардын артында турган негизги кылмышкерлер кутулуп кетпеши үчүн тергөө иштерин өтө кылдат жүргүзүү зарыл экенин кесипкөй адистер жакшы билет. Анткени адилет жаза кылмыштын кайталануусуна бөгөт коёт. Адилетсиз же ашыкча катаал жаза тескери натыйжа берет.

Бирок бир гана жазалоо менен, коркутуу менен маселе чечилбейт. Айрыкча өз алдынча ой жүгүртүүгө даярдыгы жетишсиз катмардын диний тайыз түшүнүгү менен байланышкан жагдайдын натыйжасына эмес, себептерине көбүрөөк көӊүл буруу зарыл.

Муну эске албаганда аракеттин баары отоо чөптү тамыры менен жулбай, сабагын же жалбырагын эле үзгөндөй убарагерчилик болуп калат.

Диний чөйрөдөгү азыркы кырдаалдын эӊ башкы себептери:
1) бул жааттагы мамлекеттик саясат ырааттуу жүргүзүлбөй келген;
2) калктын жашоо деӊгээлине карай ажырым тереӊдеп, социалдык теӊсиздик/адилетсиздикке нааразылык күчөп баратат;
3) жалпы калайыктын, анын ичинен жаш муундун билим деӊгээли төмөндөп, табити өксүп, рухий керектөөлөрү тайыздап кеткен;
4) диний билим берүү тармагы дээрлик такыр кароосуз калган – тийиштүү окуу жайлардагы окутуу программалары менен сабактарын мазмунуна коомдук көзөмөл жок, чет өлкөлөргө барып окуган кыргызстандыктар кандай идеологияга сугарылып жатканын билгендер өтө аз же бул тармакка жооптуу мекемелер баарын көрмөксөн, билмексен болуп келет;
5) укуктук аӊ-сезим өнүкпөй калган – кимдин бийлиги күчтүү, байлыгы ашыкча, жактоочусу көп болсо, ошонуку ырас деген ээрчиме мүнөз басымдуулук кылат;
6) маалыматтын чын-төгүнүн ар башка булактардан текшерип көрбөй эле “жоско” айтылган сөздөргө кошулуп кете бергендер көп;
7) коом атомдошууда – бири-бирин билбеген, тааныгысы да келбеген, атүгүл жек көргөн жааттардын ортосунда акарат айтышуу күчөп баратат.
Бул жана башка себептер бири-бирин шарттап, оорлотуп турат.


Аша чапкандан абайлаш керек

Өзбекстанда молдолордун социалдык тармактар аркылуу үгүт жүргүзүшүнө уруксат берилбей калды. Ал гана эмес, имамдардын чет өлкөгө чыгышына да чек коюлду. Тажикстанда аялдардын хижаб оронушуна, улгая элек эркектердин сакал коюшуна тыюу салына баштады.
Кыргызстанда дин жаатындагы саясатты кантип туура нукка салууга болот?

Кошуна Өзбекстан менен Тажикстандагыдай катаал чектөөлөрдү киргизүү биздин шартка туура келбейт. Бирок ийкемдүү көзөмөл, маалымат алуу, талдоо, диний жана динден сырт чөйрөнүн ортосунда иштиктүү диалог куруу системасы болбосо, өтө коркунучтуу окуялар башталып кетиши толук ыктымал.

Бул өтө кылдат мамилени талап кылган тема. Татаал маселе. Эгер мамлекеттик деңгээлде ар тараптуу ойлонуштурулган, ырааттуу, системалуу иш жүргүзүлбөсө, бизде диний да, светтик да радикализм кыйла кеңири жайылып, кескин курчуп кетиши ыктымал. Динди жана ага байланышкан жагдайларды саясий упай топтоо максатында колдонууга жол бербейли.

Жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда “теӊирчи – арапкул” ж.б. боло жаатташкан топтордун кайым айтышуусун, бири-бирин акарат кылуусун токтотуу керек. Бул үчүн биринчи кезекте кадыр-барктуу, таанымал же расмий кызматы жогору адамдардын атынан жарыяланып кеткен орой, осол мазмундагы видео, пост, макала, талкууларды ж.б. өчүртүүгө туура келет. Диний жана маданий (же илимий) түшүнүктөрдү, шарият менен элдик каада-салттарды, нарк-насилди кескин каршы койгон жарандардын жоопкерчилигин таанымалдыгына, расмий кызматына жараша күчөтүү зарыл.

Карапайым көпчүлүк эмес, тийиштүү билими бар адамдардын деле кыйласы үчүн бүдөмүк, талаштуу көрүнгөн темалар боюнча талкууну атайын даярдыгы бар, жоопкерчиликтүү алып баруучулардын көзөмөлү менен гана жүргүзүүгө жол берилгени оӊ. Алып баруучу (модератор, админ ж.б.) талкууга катышуучулардын айткан-дегенин иргеп, кастык тилин колдонууга жол бербей турушу зарыл.

Сырткы формага келсек, сакалды атасынан жашы улуу көрүнүп калбагыдай, жарашыгы менен койсо, сакалы жоктордон өйдөсүнбөй, адеп сактаса, мамлекеттин конституциялык түзүмүнө доо кетирген иштерге катышпаса, анда жарандардын ишенимине, дүйнө таанымына эч кимдин кийлигишүүгө акысы жок. (Никаб, паранжы жана мини-этек же тизеге жетпеген чолок шымга айрым коомдук жайларда чек коюлушу кажет – бул башка кеп. Мисалы, шаардын көчөлөрүндө кум жээктегидей форма менен жүргөн уят. Ал эми паранжы жамынып чыккандар көбөйсө, ар кандай диверсиялык күчтөргө ыӊгайлуу шарт түзүлөт.)

Негизи, кийимди, сакалды ж.б. сырткы көрүнүштү идеологиялаштырбоо керек. Формага ашыкча көңүл бурганда, мазмун тайыздап, бурмаланат.

Жылаңбаш жана хиджаб салынган окуучу/студент кыздар жанаша басып, сырдашып, кайсы бир теманы талкуулап, күлүп-жайнап баратканын көп эле көрөм. Азыркы жаштардын арасында бизден кыйла акылдуу, кенен, терең ойлонгондор бар.


Мунаса – эӊ башкы зарылдык

Диний жана динден сырт маданий топтор, саясий партиялар, коомдук уюмдар эӊ орчундуу орток маселелер боюнча пикир алмашып тургудай моралдык-психологиялык маанай жаратуу зарыл. Көз карашы дал келбегендер кырды бычак болуп талаша бербеш үчүн өзгөчө кылдаттыкты талап кылган айрым кычыктуу темаларды адистер чөйрөсүндө, мисалы, Муфтияттын уламалар кеӊешинде, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы уюштурган чакан жыйындарда жооптуу адистердин катышуусу менен талкууласа болот деп ойлойм. Мындай темалардын тизмесин диний жана динден сырт чөйрөнүн компетенттүү өкүлдөрү биргеликте түзүп, жалпы жоболорго токтолсо болот.

Каалайбызбы, каалабайбызбы, жагабы, жакпайбы, Кыргызстан – жарыкчыл (светтик) мамлекет. Элдин баарын текши намазга жыкса эле коом иш жүзүндө ыймандуу болуп калбайт. Тескерисинче, динге тыюу салса эле билим менен илим, экономика менен калктын турмуш деӊгээли дүркүрөп өнүгүп кетпейт. Ошондуктан диний фанатизмди да, орой атеизмди (же ашынган “салтчылдыкты”) да чырдуу сызыкка жеткирбей чектеп, тизгиндеп туруу керек. Бул улуттук биримдик үчүн да, диндин жана саясий-укуктук түзүмдүн кадыр-баркын сактоо үчүн да зарыл.

Адамдардын баарынын акылы, зээни, билими (мазмун, көлөм жагынан да, сапат жагынан да) бирдей болушу өтө кыйын, дал ошондой эле Кудайды (же Чындыкты) бипбирдей деӊгээлде таанышы да мүмкүн эмес. Бир динди, атүгүл анын кайсы бир агымын бекем карманам дегендердин арасында деле көз карашы дал келбеген, кээде каршы да болуп калган себептеринин бири ушуга байланышкан. Бирок диний окуу жайлардын программалары, колдонгон китептери, мечиттерден ж.б. эл чогулган жайлардан айтылуучу дааваттын мазмуну, жамаат менен аткарылуучу жөрөлгөлөр боюнча макулдашылган чечим варианттарын тактоо керек.


Мыйзамдуулук – жөн гана кооз сөз эмес

Фанатизмди шарттаган себептердин эӊ орчундуусу – укуктук аӊ-сезимдин жана маданияттын деӊгээли төмөн экендиги. Мыйзам бардык жарандарга бирдей колдонулуп, сот адилеттиги бекем болууга тийиш. Ошондо гана адамдар халифат ж.б. курулса эле баары сонун болуп калат деген жомокко азгырылбайт. Мамлекеттүүлүктүн конституциялык тирегин бекемдөө үчүн бийликтин айрым чечимдерине сын айткандарды куугунтуктан коргоо зарыл. Эгер сын далилдүү болсо, жооптуу кызматтагы адамдар кемчиликтерин жоюуга, катасын оңдоого тийиш. Жүйөлүү сындагандар, журналисттик иликтөө жүргүзгөндөр сыйланышы керек.

Эгер сын далилсиз болсо же маалыматтын кайсы бир бөлүгүн тактоо, толуктоо талап кылынса, расмий мекемелер тез арада коомчулукка кабарлап коюуга милдеттүү. Ошондо деле сындаган жактарды душман көрбөй, кысымга албай, дайыма пикир алмашуу, айтылган-жазылган сөздөрдүн чын-төгүнүн текшерүү, талдоо жагынан ыкчам иштешип турган оң. Маалымат коопсуздугун, ал аркылуу улуттук коопсуздукту ушундайча камсыздоо зарыл. (Устаранын мизинде турган кырдаалда “жаман айтпай жакшы жок” деген эзелки накыл кепти көӊүлдө тутуубуз керек.)

Эӊ башкысы, адилеттүүлүктү дайым сактоого баарыбыз умтулалы. Мыйзамдар буйлаланган төөдөй болбой, калыстык таразасын сактоого кызмат кылса, коомдо жиктешүү, жаатташуу, касташуу толкундары басаӊдап, жалпы мүдөөлөр үчүн жакындашуу, пикир алмашуу, жардамдашууга жол ачылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG