Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:08

Тажикстан: Аалымдар кеңеши тар жана кара түстөгү кийим кийбөөгө чакырган фатва чыгарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандын Аалымдар кеңеши улуттук кийимди колдогон фатва чыгарды. Анда кыз-келиндерге "денеге жабышкан тар, кара түстөгү" же тажик маданиятына "жат" кийимдерди кийбөөгө чакырык камтылган.

Фатвада жазылгандай, "кара түс ханафи мазхабынын көз карашынан алганда милдеттүү эмес жана Тажикстандын географиялык шарты менен улуттук өзгөчөлүктөрүнө дал келбейт".

"Тажик аялдары жана энелери кылымдардан бери шариятка ылайык, жергиликтүү салт-санааларга, географиялык шартка жооп берген кийимдери кийип келишкен", - деп жазылат Тажикстандын Ислам борборунун сайтында жарыяланган документте.

Быйыл июнь айында күчүнө кирген "Салт-санааларды, жөрөлгө, той-топурларды иреттештирүү тууралуу" мыйзамдын жаңы редакциясына ылайык, Тажикстанда "улуттук маданиятка шайкеш келбеген" кийимдерди өлкө ичине алып кирүүгө, пропагандалоого жана сатууга тыюу салынат.

Өлкөдө улуттук жана "жат" кийим тууралуу талаш-тартыштар көп жылдан бери уланып келет. Бийлик экстремизмдин алдын алып, улуттук баалуулуктарды жайылтуу үчүн улуттук кийимдерди даңазалоо керектигин билдирген.

Орусиядагы "Крокус Сити Холлдо" март айында болгон теракттан кийин улуттук жана "жат" кийим тууралуу маселе кайрадан актуалдуу боло баштады. 145тей кишинин өмүрүн алган ал калабаны уюштурууга шек саналып ондон ашык тажик тектүү киши кармалган. Алардын айрымдары Орусиянын жарандыгын алган.

XS
SM
MD
LG