Тажик бийлиги хижаб кийгендерди жазалайт

Иллюстрациялык сүрөт

Тажикстанда хижабга тыюу салуу тууралуу президент сунуштаган, коомчулукта түрдүү пикир жана каршы маанай жараткан мыйзам колдоо тапты. Эми бийлик "маданиятка жат" деп эсептеген кийимге тыюу салат. Баш ийбегендерди жазалайт.

“Каада-салт жана ырым-жырымдарды иретке келтирүү жөнүндө” деп аталган мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушу тажик парламентинин жогорку палатасында 19-июнда колдоо тапкан. 21-июнда ага президент кол койду.

Бул маселе социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары, укук коргоочулар арасында нааразылык жаратып келген. Мыйзам толук күчүнө кирсе, аялдарга "улуттук салтка, маданиятка жат" деп эсептелген кийимди кийүүгө тыюу салынат.

Өлкө президенти Эмомали Рахмон бөтөн элдин кийими тажик салтына жат экенин белгилеп, мындай чектөө зарыл экенин диний жана коомдук ишмерлер менен жолугушууда айткан:

"Бөтөн элдин кийимин тууроо, биздин маданиятка жат келген сатр жана хижаб кийүү коомубуз үчүн курч көйгөй болууда. Кийимдеги каада-салттан алыстоо – ой жүгүртүү эркиндигине, элдин улуттук жана маданий өзгөчөлүгүнө доо келтирүүчү көрүнүш".

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Тажикстанда хижабга тыюу салынды

Мындай кийимге тыюу салуу сунушу быйыл май айында тажик парламентинин төмөнкү палатасында колдоо тапканда эле баш кеңсеси Катарда жайгашкан Мусулман окумуштуулар лигасынын кескин сынына кабылган. Коңшу Ооганстандагы айрым экстремисттик дин кызматкерлери "жихад" да жарыялап жиберишкен. Чет жактагы кээ бир тажикстандык дин кызматкерлери бийликтин демилгесин "жарандардын дин тутуу эркиндигин чектөө" деп аташты.

Дагы караңыз "Мектепте хижаб кийбесин". Мамдумадагы кайым айтыш

Дин кызматкери Абдулло Окилзода "мусулман аялдары үчүн хижаб жөн гана бир чүпүрөктүн кесиндиси эмес" экенине көңүл бурууда:

"Чет жактан айтылып жаткан текшерилбеген жана эмоционалдуу билдирүүлөрдү кабыл алуу мүмкүн эмес. Бирок реалдуулукту да айта кетүү зарыл: бийлик өлкө ичиндеги жана тыштагы тажик коомчулугу арасында терс реакция жаратуучу долбоорлорду сунуштабаганы, кабыл албаганы туура болот".

Бийликти колдогон көз караштагы журналисттердин бири, Тажикстанда катталбаган зороастризм коомунун лидери Абдукодири Абдукаххор "мыйзамды өзгөртүү идеясы негизинен жаман эмес" экенин белгилөөдө. Бирок ал бийлик адегенде адамдардын аң-сезимин өзгөртүү боюнча иш жүргүзүшү зарыл болчу деп эсептейт:

"Өлкөнүн бардык аймактарынан улуттук кийимдин сатрдан кем болбогон түрлөрүн чогултуп чыга турган комиссия түзүү зарыл деп эсептейм. Ошондой улуттук кийимди сүрөткө тартып, манекен сыяктуу кылып жарандык коомго, башка мусулман өлкөлөрдүн элине көрсөтсө болмок".

Дагы караңыз "Чүмкөнбөсүн". Орусиядагы никабга каршы маанай


Дин маселелери боюнча кээ бир эксперттер мыйзам долбоору парламенттин эки палатасында тең колдоо тапканына мынчалык каршылык айтылып жаткан себебин мамлекеттик кызматта иштеген адамдар бул талапты аткарбаганына байланыштырууда.

"Менимче, бул жерде өкмөт биринчи кезекте өзүнөн башташы керек. Аткаминерлердин аялдары сатр кийбеши керектигин жеткирүү зарыл. Баары жогору жактан башталып, башкалар үчүн үлгү болушу керек. Биздин кошуналарыбыздын бири - аялдардын кийимин көзөмөлдөгөн күч кызматкери, анын өзүнүн аялы сатрчан жүрөт", - дейт дин маселелери боюнча талдоочу Фаридун Ходизода.

Тажик өкмөтү "маданиятка жат кийимди өлкөгө алып кирүүгө, сатууга, коомдук жайларда кийип жүрүүгө" тыюу салганын улуттук баалуулуктарды коргоо жана экстремизмди алдын алуу аракети деп негиздөөдө. Бирок айрым активисттер муну сатрга жана хижабга гана каршы багытталган демилге деп атап, бийликти жарандардын "жеке жашоосуна кийлигишүүдө" деп сындап жатышат.

Жаңы мыйзамга баш ийбеген жарандарга 7920 сомони ($733), ал эми кызмат адамдарына 39 600 сомони ($3668) айыппул салынат.

Тажикстанда балдардын Орозо айтта жана Курман айтта үй кыдырып, жарамазан айтуусуна тыюу салган мыйзам да колдоо тапкан.

"Идгардак" деп аталган жөрөлгөгө расмий түрдө тыюу салган мыйзам долбоору "Каада-салттарды жана ырым-жырымдарды жөнгө салуу мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" деп аталган. Анда Орозо айт менен Курман айтты белгилөөдөгү негизсиз жана ашыкча ысырапкорчулукка мындан ары жол берилбей турганы, таттуу жана башка белектерди тартуулоого уруксат жок экени белгиленген.

Быйыл апрель айында Тажикстандын Билим берүү министрлиги мектеп директорлоруна окуучу балдардын "идгардакка" катышуусуна тыюу салган буйругун жолдогон. Айрым мектептерде, айрыкча борбор калаа Дүйшөмбүдө ата-энелерден тилкат алышканы да маалымдалган.

Бир нече жыл мурда Тажикстандын Уламалар кеңеши "идгардак" жөрөлгөсүн шариятка жана ханафи-масхабына каршы келет деп, "исламда андайга орун жок" экенин билдирген.

Бирок “Озоди" радиосуна маек курган айрым маданият таануучулар анын каада-салтка жана тажиктердин улуттук маданиятына каршы келбей турганын, тескерисинче, жылуу сезимдердин калыптанышына жана коомчулуктун ички байланышын бекемдөөгө өбөлгө болорун айтышкан.

Бийлик мындай чектөөнүн негизги максаты балдарды туура тарбиялоо жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу экенин айтууда.

Ошону менен катар улуттук маданиятка туура келбейт деген кийим кийүүгө тыюу салынып, үйлөнүү үлпөт жана башка тойлорду, ажылык сапардан кайтып келгендерди тосуу иш-чараларын өткөрүү боюнча да чектөөлөр киргизилүүдө.