Орусияда никаб кийүүгө тыюу салуу маселеси кызуу талкууланууда. Буга чейин 20-майда, өлкөдөгү Адам укуктары боюнча кеңештин башчысы Валерий Фадеев аялдарга никаб кийүүгө тыюу салууну сунуштаган эле.
Ал "Парламент гезити" басылмасына курган маегинде, бул маселени Орусиядагы мусулман дин башкармалыгы жана аймак губернаторлору менен талкуулоону көздөп жатканын кошумчалаган.
Фадеевдин айтымында, никабга Борбор Азиянын айрым мамлекеттеринде дагы тыюу салынганын айтып, бирок ал кайсы өлкө экенин тактаган эмес.
Фадеевдин демилгесине Мамлекеттик Думанын депутаттары да реакция жасашты. Айрым парламентарийлердин пикиринде, бул маселени маалымат каражаттарына чыгарбай эле эки жагын тең салмактап талкуулаш керек.
Эмгек жана социалдык саясат боюнча комитеттин башчысы Ярослав Нилов бул демилгени "жабык эшик артында" талкуулоого чакырды. Ал 2012-жылы Ставрополь аймагындагы мектептерде хижаб кийүүгө байланышкан жаңжалды эске салды.
"Мыйзамдар кабыл алынып, билим берүү мекемелерине бирдиктүү форма кийгизүү укугу камсыздалган. Анда көйгөй дагы курч болчу", - деди Нилов.
Деген менен орус өкмөтү аялдардын никабчан жүрүүсүнө жана кийимдеги башка да диний белгилерге тыюу салуунун зарылдыгы жок деп эсептейт.
"Мыйзамда динге болгон мамилесине байланыштуу адамга артыкчылык берүү, чектөө же басмырлоонун башка да формаларын көрсөтүүгө жол берилбейт. Андыктан диний кийим кийүүгө чектөө киргизилсе адам укугу жана жарандын абийир, дин тутуу эркиндиги бузулушу мүмкүн", - деп айтылды өкмөттүн Мамдуманын депутаттарынын суроосуна 27-майда жолдогон расмий жообунда.
"Kийинки кадам хижабга каршы күрөш..."
Европадагы чечендер ассамблеясынын төрагасынын орун басары Шамил Албаков Кавказ.Реалии сайтына курган маегинде Валерий Фадеевдин демилгесин исламга көптөн бери жасалган чабуулдун уландысы катары сыпаттады.
"Орусиянын азыркы режими исламга тиешелүү бардык нерсеге толугу менен тыюу салууга аракет кылууда. Бул хижабга да, диний адабиятка да тиешелүү. Бүгүн бийлик мусулмандарды Украинадагы согушка мобилизациялоо үчүн позициясын алсыратууга аргасыз болду. Бирок никаб кийүүгө тыюу салуу аракети сыяктуу нерселер алардын чыныгы жүзүн көрсөтүп турат", - дейт Шамил Албаков.
Анын мындай пикирин саясат талдоочу Руслан Айсин да колдойт. Ал никабга тыюу салуу сунушун "Исламга каршы күрөшүү стратегиясынын бир бөлүгү" жана "мусулмандардын конституциялык укуктарына кысым көрсөтүү" экенин белгиледи.
"Менин оюмча, кийинки кадам хижабга каршы күрөш болот деп ойлойм. Тажикстан буга чейин мамлекеттик мекемелерде хижаб менен жүрүүгө тыюу салган мыйзамды кабыл алган. Ал эми Тажикстан менен Орусия бул маселелерде бирдей пикирде. Путин 2012-жылы "орусиялык исламда хижаб жок" деп айткан" дейт Айсин.
Белгилей кетсек, президент Владимир Путин 2012-жылы маалымат жыйынында суроолорго жооп берип жатып, ислам динин тутунгандарга, анын ичинде мектептерде хижабга уруксат берүү аракетине каршы пикирин билдирген.
"Хижаб биздин маданиятта, салттуу исламда мындай нерсе жок. Бизге жат каада-салттарды эмнеге киргизишибиз керек?", - деп так кесе айткан Путин.
Дин ишмерлеринин эки ача пикири
Буга чейин хижабга байланышкан көйгөйлөр орусиялык басылмаларда утур-утур чагылдырылып келген. Айрыкча жоолукчан студенттер менен окуучу кыздардын окуу жайларына кирүүгө тыюу салган жаңылыктар чыккан. Ал тургай чектөөлөр мусулмандар жыш жашаган түштүк жана түндүк Кавказда да байкалган.
Былтыр Ростов облусундагы Новочеркасск медициналык коллежинин жетекчилиги хижабын чечүүдөн баш тарткан, Түндүк Кавказдан келген беш студент кызды окуудан чыгарган. Завуч муну колледждин жалпы тартибинин бузулушу деп түшүндүргөн.
2022-жылы 1-сентябрда Түндүк Осетияда мектеп директору окуучуларынын бирине хижаб менен класска кирүүгө тыюу салган. Муфтийдин "дин тутуу эркиндигине болгон укук Орусиянын Конституциясында кепилденет" деген жүйөлөрү ага эч кандай таасир тийгизген эмес.
Көйгөй бул эки мисал менен гана чектелбейт. Орусиянын ири шаарларында да жоолукчан кыз-келиндерге ксенофобиялык мүнөздөгү сын байма-бай айтылып келет.
Эми федералдык деңгээлде никаб кийүүгө тыюу салуу демилгесин Ставрополь мусулмандарынын дин башкармалыгы да колдоп чыкты.
Облустун муфтийи Мухаммад Рахимов 29-майда жергиликтүү басылмаларга курган маегинде, никаб кийген кыздарга "хижаб кийүү жетиштүү" деп түшүндүрсө болорун айтты. Ал "Түндүк Кавказда никаб кийүү тажрыйбасы дээрлик жок" экенин кошумчалады.
Деген менен Москванын муфтийи Ильдар Аляутдинов, тескерисинче никаб кийүүгө тыюу салуу орусиялык мусулмандардын кыжырдантып, коомдо чыңалуу жаратышы мүмкүн деп эсептейт.
"Диний мүнөздөгү кийимдерди кийүүгө тыюу салуу аракетинин өзү эле сөз эркиндигин кепилдеген Конституцияны түздөн-түз бузууга окшош", - деди Аляутдинов.
"Никабды кылмышкерлер колдонушу мүмкүн"
Никабга тыюу салуу демилгеси Орусиянын Калуга облусунда да колдоо тапты. Аймактын ички саясат министри Олег Калугин жергиликтүү телеканалдардын бирине никаб адамдын жүзүп жаап, таанууга тоскоол жаратканына байланыштуу тыюу салыш керек экенин айткан. Ал никабды кылмышкерлер колдонушу мүмкүн экенин эскертет.
Ушундай эле демилгени Волгоград облусунун муфтийи Бата Кифах Мохамад 29-майда көтөрдү. Ал муну мамлекеттин коопсуздугуна байланыштырат. Муфтийдин айтымында, мындай тыкыр талап быйыл мартта Москвадагы "Крокус Сити Холл" борборунда катталган кол салуудан кийин зарыл экенин баса белгилейт.
Улуттар иштери боюнча комитеттин төрага орун басары Илдар Гилмутдинов никабга тыюу салуу кырдаалды курчутуп жиберет деген ою менен бөлүштү.
"Радикалдуу чараларды абайлап көрүш керек. Никаб кийүү бизде азырынча анчалык кеңири тарала элек. Бүгүн биз диний уюмдардын жетекчилери, федералдык диний органдар менен көбүрөөк сүйлөшкөнүбүз оң. Алар абдан кадырлуу адамдар. Алар аркылуу никаб кийүүгө жол бербөө менен байланышкан максаттуу иштерди жүргүзүүгө болот. Этникалык топтордун коомдук бирикмелери бар, алар менен активдүү байланышта болушубуз зарыл. Азыр кырдаалды курчутпайлы. Анткени муну менен Ислам дүйнөсүнөн бизге карата терс көз караштарды көбөйтүп албайбызбы? Балким бул маселе профилактикалык иш-чаралар менен гана чечилеттир", - дейт Гилмутдинов.
Никаб - аялдардын көзү гана ачылган, калган жүзүн жаап турган баш кийим. Эреже катары, ал кара кездемеден жасалат. Ал эми айрым мусулман аялдар никабды хижабдын эң жакшы түрү деп эсептешет.
Салттуу мусулман кийимдерин кийүүгө айрым Европа өлкөлөрүндө да тыюу салынган. Мисалы былтыр жайда расмий Париж мамлекеттик мектептерде мусулман кыз-келиндер кийген узун, кенен чапан-көйнөк - абаяга чектөө киргизген.
Былтыр күзүндө Кыргызстанда паранжы жамынып жүрүүгө жана узун сакал коюуга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоору парламентте даярдалып, коомдук талкууга чыгарылган.
Өзбекстан парламентинин Төмөнкү палатасы 2023-жылдын 5-сентябрында коомдук жайларда бети-башын чүмкөп жүргөндөрдү административдик жазага тартууну караган мыйзам долбоорун жактырган.
Өткөн аптада Тажикстандын парламенти мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, улуттук маданиятка төп келбеген кийим кийүүгө, жарнамалоого жана сатууга тыюу салды. Мыйзамдын жаңы редакциясында эрежени бузгандарга 65 миң сомониге чейин айып пул салынары жазылган.