Сочи күндөлүгү: Германия дале алдыда

Норвегиялык спортчу Kjetil Jansrud, Сочи, 16-февраль, 2014.

Мелдештер туманга байланыштуу жылдырылды

Бүгүн, 17-февралдагы башкы таймаш - «Лаура» тоо лыжа айдыңында эркектер арасындагы биатлон мелдеши бишкек убактысы боюнча 12де башталмак. Учурдагы туманга байланыштуу кечки саат бешке жылдырылды. Жигиттер лыжа менен 15 км. аралыкка массалык жарышып, мылтыктан таамай атып, күч сынашат. Кыз-келиндердин биатлон мелдештери Бишкек убактысы боюнча кечки саат 9да башталат. Ал эми эки кишилик бобслей жарыштары, сноуборд, фристайл, трамплин жана көркөм муз тебүү мелдештеринин айрымдары түштөн кийин башталып, Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 1ден өткөнгө чейин болмокчу.

Сочиде күйөрмандар арбын келип, бүйүрүн кызыткан оюн - хоккей мелдештери болууда. Бүгүн хоккей боюнча кыз-келиндер чейрек финалда күч сынашат. Мында америкалыктар менен швециялыктар, канадалыктар менен швейцариялык кыз-келиндер командалары мөөрөй талашат. Ал эми эркектер командаларынан мыктылары иргелип, финдер,канадалык, америкалык, швециялык хоккейчилер чейрек финалга чыкты. Калган 8 команданын мыктылары эртең, 18-февралда аныкталат. Мында Словения менен Австрия, Орусия менен Норвегия, Швейцария менен Латвия жана чехтер менен словакиялык хоккейчилер беттешет. Эгерде орустар норвегиялыктарды утса гана чейрек финалга чыгышат.

Германия дале алдыда

Сочидеги кышкы олимпиадада учурда жеңип алган медалдардын саны жана сапаты боюнча германиялыктар дале топ баштап келүүдө.15-февралда алар 7 алтын, 3 күмүш жана 2 коло байгеси менен биринчи орунда турат. Кечээ экинчи орунда швейцариялык спортчулар турса, аларды голландиялыктар 4-тепкичке сүрүп койду. Учурда Сочиде эң көп медаль уткандар да голландиялыктар болууда. Алар 5 алтын, 5 күмүш жана 7 коло байгелүү болуп, «учуучу голландиялыктар» дегендей эле олимпиадалык рекорддорду жаңыртууда.

Норвегиялыктар дагы 7-орундан 3-орунга көтөрүлдү. Тоо лыжасынын супер-гигант жарышында марага норвегиялык Хьетиль Янсруд биринчи келди. Кечээки оюндардын жыйынтыктары боюнча, 4-орундагы орусиялыктар бир тепкич ылдыйлады. Алар бүгүнкү күнгө чейин 4 алтын, 7 күмүш жана 5 коло байгелүү болуп, Ванкувердеги көрсөткүчтөн жогорулады. Канада менен АКШнын спортчулары 6-7-орунда келүүдө. Азия өлкөлөрүнөн Кытай 9-орунда. Алар кечээкидей эле 3 алтын, 2 күмүш медалга ээ. Учурда жапондор 1 алтын, 3 күмүш жана коло байгеси менен 14-орунда. Ал эми түштүк кореялык спортчулар учурда 1 алтын, 1 коло байгеси менен 17-орунда турат. Салыштырсак, алар Ванкуверде 6 алтын, 6 күмүш жана 2 коло медаль уткан. Учурда оюндарга катышып жаткан 88 өлкөдөн 25 мамлекет гана байгелүү орундарды ээледи. Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстандын ырымга бир коло медалы бар. Аларга көркөм муз тебүү мелдешинде Денис Тен коло байгени мурда күндөрү утуп берген.

Сочи рекорддору

Көркөм муз тебүү боюнча дүйнөнүн 2 жолку чемпиондору, америкалык Мерил Дэвис менен Чарли Уайт түндө кыска программа боюнча дүйнөлүк рекорд коюп, азырынча лидер болушууда. Голландиялык Йорин Тер Морс 1500 мертге коньки жарышында олимпиадалык рекордду жаңыртып, алтын медаль тагынды. Эркектердин лыжалык эстафеталык жарыштарында шведдер марага биринчи келди. Орустар - экинчи, француздар - үчүнчү болушту. Сноуборд мелдешинде Ева Самкова Чехияга алгачкы алтын медаль утуп берди. 41 жаштагы жапондук Нориаки Касаи трамплин мелдешинде 20 жылдан кийин кайрадан ийгилик жаратты. Ал кечээ Сочи олимпиадасынын күмүш байгесин утуп алды. 1994-жылкы Лиллехамердеги оюндарда дагы экинчи орунду ээлеген.

Трелевский таканчыктап басып калды

19-февралда Сочи олимпиадасында 19 жаштагы бишкектик Евгений Тимофеев тоо лыжасы боюнча өлкө намысын коргойт. Тимофеев учурда "Роза Хутор" тоо лыжа базасында кезектеги машыгууларын өткөрүп жатат. Ал 19-февралда гигант-слалом жана 22-февралда слалом боюнча мелдештерге катышат.

12-февралда машыгуу учурунда жыгылып, жаракат алган Дмитрий Трелевскийдин ал-абалы дурус. Ал учурда Красная Полянадагы олимпиадалык айылда дарыланып жатат. Устаты Игорь Борисо ал бүгүн эртең менен таканчыктап, балдак менен өзү басканын айтты.