Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:56

Сочи: казак спортчусу коло медалды утту


Денис Тен. Сочи, 14-февраль, 2014-жыл.
Денис Тен. Сочи, 14-февраль, 2014-жыл.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн болсо Казакстан алдыда. Кечээ кечинде көркөм муз тебүү мелдешинде Денис Тен Казакстанга коло медал утуп берди.

Евгений Тимофеев машыгууларын баштады

Бүгүн, 15-февралда Сочи олимпиадасына катышуу үчүн Бишкектен кечээ келген Евгений Тимофеев Роза Хутор лыжа базасында машыгууларын баштады. Аны Сочидеги делегациянын уюштуруучусу Саламат Эргешов менен машыктыруучусу Игорь Борисов коштоп жүрөт.

Дмитрий Трелевский жаракат алгандыгына байланыштуу Евгений Тимофеев Сочи олимпиадасында өлкө намысын коргойт. Эл аралык Олимпиада комитети менен Эл аралык лыжа федерациясы 19 жаштагы Тимофеевдин олимпиадага катышуусуна уруксат беришкен. Ал дагы олимпиадага катышуу үчүн бардык талаптарды мурда эле аткарган. Трелевскийдин көрсөткүчү, упайлары жогору болгондуктан Тимофеев ага жол бошотуп берген эле.

Евгений Тимофеев эки түрдөн: 19-февралда гигант слалом жана 22-февралда слалом боюнча мелдештерге катышат.

Германия алдыда, Кытай баш көтөрө баштады

Сочидеги кышкы олимпиадада учурда жеңип алган медалдардын саны боюнча германиялыктар топ башында.15-февралда алар 7 алтын, 2 күмүш жана 1 коло байгелүү болду. Экинчи орунда швейцариялык спортчулар. Алар бир алтын байгенин артыкчылыгы менен Канада өлкөсүн үчүнчү тепкичке сүрүп койду. 4 -орунду Норвегия менен АКШнын спортчулары тең бөлүшүп турат. Экөөнүн тең эсебинде 13 медал бар. Голландия өлкөсү 6-орунда болсо, 7-орунга Белорус көтөрүлдү. Оюн ээси орусиялыктар Сочиде азырынча 12 медал утуп, 7-орундан бир тепкич ылдый жылды. Алар бүгүнкү күнгө чейин 2 алтын, 5 күмүш жана 5 коло байгелүү болду. Ал эми Азия өлкөлөрүнөн Кытай 9-орунда. Алардын учурда 2 алтын, 2 күмүш байгеси бар. Жапондор 1 алтын, 2 күмүш, 1 коло байгеси менен 13-орунга көтөрүлдү. Түштүк Кореянын спортчулары 1 алтын, 1 коло байгелүү болуп, 15 - орунда турат.

88 өлкөдөн 23 мамлекет гана байгелүү орундарды ээледи.

Казакстан коло байгелүү болду

Кечээ кечинде эр-азаматтар арасындагы көркөм муз тебүү мелдеши жыйынтыкталып, казакстандык спортчу Денис Тен коло медал тагынды. 20 жаштагы Денис Алматыда туулуп-өскөн. 5 жашынан бери муз тебүү спорту менен машыгып келет. Мындан 4 жыл мурда Ванкувер олимпадасына биринчи ирет катышканда жаштык кылып, атаандаштарына алдырып койгон. Былтыр Лондондо өткөн дүйнө чемпионатында экинчи орунду ээлеген.

2011-жылы Астана-Алматыда өткөн 7-кышкы Азия оюндарында чемпион болуп, жеңишке болгон дилгирлиги күчөгөн. Денис Тен көпчүлүк учурда АКШда машыгат. Себеби аны ушул даражага жеткирген устаты америкалык Фрэнк Кэролл. Тен Казакстандын тарыхында алгач ирет Эл аралык коньки спорт кеңешинин жеңүүчүсү да болгон. Эл аралык турнирлерде байгелүү орундарды ээлеген. Казакстан өкмөтү Сочи олимпиадасынын чемпиону болгон спортчуга 250 миң, күмүш байге үчүн 200 миң, коло медалга 75 миң АКШ долларын берерин убада кылган. Коңшуларды жеңиши менен куттуктайбыз!

Хоккей: америкалыктарды орустар утуп алабы?

Бүгүн, 15-февралда Роза Хутор тоо лыжа базасында кыз-келиндер супер-гигант жарыштарын жаңы гана баштады. Ошондой эле кыз-келиндер арасында лыжасы менен 20 км. аралыкка эстафеталык жарышуу мелдештери Бишкек убактысы боюнча саат 4тө башталат. Ал эми коньки жарыштары, шорт-трек, скелетон жана трамплин мелдештери Бишкек убактысы боюнча кечки жетиден түнкү саат 12ден өткөнгө чейин болмокчу. Сочиде күйөрмандар арбын келген хоккей мелдештери болууда. Бүгүн хоккей боюнча кыз-келиндер чейрек финалда күч сынашат. Мында финдер менен шведдер, швейцариялыктар менен орусиялык кыз - келиндер командалары мөрөй талашат. Ал эми эркектер командаларынан Словения менен Словакия, чехтер менен швейцариялыктар, Швеция менен Латвия беттешет. Бүгүнкү күндүн башкы мелдеши Орусия менен Америка Кошмо штаттарынын таймаштары болмокчу. Бул мелдеш курч мүнөздө өтөрүн адистер айтышууда. Бүгүн хоккейден эркектердин мелдештери да Бишкек убактысы боюнча кечки саат 6 жарымда жана түнкү саат 11де башталат.

7-февралда башталган олимпиада оюндары 23-февралда жыйынтыкталат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG