Орусиянын жалган маалыматы Балканды кантип каптайт?

Иллюстрациялык сүрөт

13-апрель. Тегеранда түн ооду, Белградда кеч кирди. Дал ушул тапта Балкан чөлкөмүнө багытталган дезинформация өнөктүгү башталды.

Иран Израилге каршы дрон жана ракета чабуулун күчөткөн маалда бул өнөктүк Жакынкы Чыгышта ансыз да чыңалып турган кырдаалды курчутту.

Дүйнө соңку кабарларга сестенип, кулак түрүп турган чакта Сербиядагы майда басылмалар Ирандын чабуулу тууралуу жаңылыктарды жаадырып кирди. Мазмунунда илип алар бир нерсеси жок болсо да бир саатта 100дөн ашуун жаңылык жарыяланды.

Маалыматтын орчундуу бөлүгү Телеграмдагы орус тилдүү каналдардан, Кремл каржылаган RT же башка орус бийлигинин маалымат каражаттарынан алынганы сезилди.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Балкан кызматынын журналисттери бул кремлчил дезинформация өнөктүгү болгонун, негизинен Европа Биримдигинде тыюу салынган орус медиасы тараткан жүздөгөн кабар-баяндар таратылганын аныкташты.

Түйүн кантип иштейт?

Февралда Франциянын чет элдик санарип кийлигишүүсүн көзөмөлдөгөн өкмөттүк VIGINUM мекемеси орусиячыл пропаганданы тараткан Portal Kombat түйүнү тууралуу отчет жарыялады.

Кремлчил булактардан, Орусиянын маалымат агенттиктери жана мекемелери тарткан маалыматты жайылткан 193кө жакын веб-сайт аныкталган.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу төрт ай бою Босния жана Герцеговинада, Албанияда, Түндүк Македонияда жана Сербияда бир нече тилде маалымат тараткан веб-сайттарга байкоо салды.

"Макалалар" кантип автоматтык түрдө токулуп, толкун-толкуну менен жайылтылып, жергиликтүү сайттарда жаңы маалымат сыңары жарыяланып турганы - акыры дүйнөнү дезинформация кандай каптарын көрсөттү.

Орусияга жан тартуу

Балкан чөлкөмүндө орусиячыл маанай күч, айрыкча орус президенти Путин менен достук мамиледеги Владимир Вучич башкарган Сербияда бул таасын сезилет. Кызыгы Вучич ошол эле маалда өз өлкөсүнүн келечегин Евробиримдиктен көрөт.

Батыш Балканда АКШнын Эл аралык республикалык институту (International Republican Institute - IRI) 14-майда жарыялаган сурамжылоонун корутундусунда Албаниядагы, Косоводогу, Босниядагы, Черногориядагы жана Түндүк Македониядагы респонденттердин көбү Орусиянын Украинага басып киргенин айыптаса, сурамжылоого катышкан сербдердин 49% Москванын чечимин "актайт".

Балкандагы Portal Kombat сайты ар кайсы тилде чыкса дагы коёндой окшош. Журналисттер чөлкөмгө багытталган бардык жалган сайттардын түзүлүшү, мазмуну, алтургай аталышы дагы Pravda (чындык) деп аталарын аныкташты.

Санариптик криминалистика веб-сайттар тез арада эле түзүлгөнүн көрсөттү. Серб тилиндеги Рravda-rs.com 20-мартта катталган. Андан бир нече күндөн кийин дагы үч домен аралыгы 3 секунд айырма менен катталган. Алар босния, македон жана албан тилинде түзүлгөн.

The four Balkan domains were quickly created and populated with content.

Желдей тараган автоматташтырылган фейк

22-марттар 20-июлга чейин жалпысынан 70 719 кабар төрт веб-сайттка жарыяланган. Бирок макалалардын кабелтең бөлүгү - 67 миңден ашууну серб тилинде чыккан.

Журналисттер серб тилиндеги сайтты карап отуруп, орусиячыл маанайдагы контент бир нече плафтормада желдей тарарын байкашкан.

Төрт сайтта тең жарыяланган контенттин көпчүлүк бөлүгү кремлчил Телеграм-каналдан алынган. Текстти жазуу автоматташтырылгандыктан Телеграмга чыккан маалымат 3 мүнөттөн 12 мүнөткө жетпей Pravda веб-сайтына жарыяланат.

Дезинформациянын булагы Орусиядагы «ВКонтакте Видео» жана «Яндекс» болуп саналса, бул платформалар которуу, жазуу жана мазмунду таратуу үчүн да колдонулат.

Орусиянын арзан пропагандасы

VIGINUM соңку баяндамасында белгилегендей, Portal Kombat сайтына көп деле окурман кирбейт. Веб-сайттарга киргендерди санаган Similarweb сервиси көрсөткөндөй, Балканга багытталган сайттардын ичинен эң активдүүсү Pravda-rs[.]com сайтына июнда 5000ге жетпеген окурман баш баккан.

Дезинформация боюнча эксперт, Вашингтондогу Маршал фондунун аналитиги Питер Бенцони өнөктүккө акча деле кетпегендиктен, анын маани-маңызы да көпкө арзыбай турганын белгилейт.

"Орусия үчүн маалыматтык согуш. Бул деле жанагы 99% майнапсыз, 1% натыйжа берген учкучсуз аппараттардын чабуулундай эле нерсе. Бул сайттар - маалымат согушундагы учкучсуз аппараттар», - деди Бенцони.

Украина тууралуу карандай калп

Украинага каршы Орусиянын согушу серб тилиндеги сайтта эң көп окулган тема. Ал жерде майдандан жалган-чыны аралаш жүздөгөн кабар-баян жарыяланып, орус жоокерлерин "биздикилер", ал эми украин тараптагыларды "душмандар" дешет.

Анткен менен эл аралык кабарларга басым жасаган Телеграм-каналдар аз болгондуктан, дүйнөдө эмне болуп жатканы тууралуу сейрек жазылат. Бирок 13-апрелдеги Жакынкы Чыгыштагы окуя өзгөчө бир мааниге ээ болгонун журналисттер аныкташкан.

14-апрелге караган түнү Иран Израилге чабуул койгону сербче сайтта гана эмес, македон, албан, босниялыктардын тилинде желдей тараган.

Серб тилинде адатта күнүнө 500-600 макала чыкса, 14-апрелде алардын саны 1000ден ашкан. Берки үч сайтта активдүүлүк мындан да жогору болгон.

Pravda орусиялык таанымал жана окумдуу блогерлерден контент алып, алар Балкандагы төрт тилде бир маалда жарыяланган.

The network repurposed the content of well-known Russian bloggers.

Чын-төгүнү белгисиз кыска виделордон тышкары Ирандын кол салуусун жактаган көп сандагы макалалар, ошондой эле бул тууралуу Вашингтон "эбак эле билген" деген өңдүү куру айыптоолор жарыяланган.

АКШнын Мамлекеттик департаменти RT телеканалын "Кремлдин дезинформация жана пропаганда айдыңындагы күжүрмөн куралы" деп сыпаттаган. Евробиримдик телеканалдын ишине тыюу салса, Канада жана башка өлкөлөр 2022-жылы Орусия Украинага кол салгандан кийин аны жапкан. Май айында Еврошаркет дагы төрт орусиялык маалымат каражатынын ишин бөгөттөгөн.

Бирок Орусиянын маалымат каражаттары жалган сайттарды түзүп, европалык окурмандарга жетүүнүн жолун тапкандай.

Бенцони белгилегендей, тыюу салынган медиа контенттин көбү ушул жалган сайттарга жарыяланат.

"Бул алдын ала пландалган кутумбу же жокпу беймаалым. Саясаттын багытына карабай Орусиянын мамлекеттик медиа маалыматын көрүп, окуган аудиторияны чоңойтуунун гана кызыкчылыгын көздөйт", - дейт Бенцони.

Авторлор: Мирьяна Евтович, Милош Катич
Которгон: Гүлайым Ашакеева