Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:11

"CCCР өзбек элин кемсинткен". Депутат советтик пропагандага тыюу салууну сунуштады


Алишер Кадыров.
Алишер Кадыров.

Өзбекстандын "Миллий тикланиш" ("Улуттук кайра жаралуу") саясий партиясынын лидери, өзбек парламентинин мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасынын орун басары Алишер Кадыров “советтик пропаганданы тараткандарга мыйзам менен тыюу салууну” сунуштады.

Буга чейин мамлекеттик тил, улуттук символикалар тууралуу билдирүүлөрү менен таанылган Кадыровдун кезектеги бул сунушу Өзбекстанда учурда коомдук талкууга айланган советтик пропаганда, деколонизация жана десоветизация темасын кайра козгоду.

Аксакалдын камалышынан башталган талкуу

3-сентябрда Самарканд шаарынын соту "Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүнө көлөкө түшүргөн" деген негиз менен жергиликтүү тургунга чечим чыгарган.

Соттук материалдарга караганда, 74 жаштагы Э. Хасанов СССРди калыбына келтирүү зарылдыгын жазып жүргөн. Ал “СССРди калыбына келтирүү” идеясын жайылткандардан "Советтер Союзунун жараны" деген күбөлүктү почта аркылуу алган.

Москвага барып, “СССРди калыбына келтирүүнү” жактаган, мамлекет “мыйзам боюнча ыдыраган эмес” деген ойду карманган, Сталиндин учурундагы конституция кайтарыларын, мурдагы 15 жумурият кайра биригерин айтып келген топтун мүчөлөрү менен таанышкан.

Быйыл мартта Хасанов Телеграмдагы "Өзбек ССРи/СССР" деген тайпада "Өзбекстандын көз карандысыздыгы үстүрт эле, советтик жумурияттар АКШнын жардамы менен өз алдынча эгемендикти жарыялап алышкан, жакында кайрадан СССРдин курамына киришет" деп жазган.

Сот анын жашы өтүп калганын, мурда соттолбогонун эске алып, үч жылга эркиндигин чектөө чечимин чыгарды. Ага ылайык, Самарканддын тургунуна эки жакка уруксатсыз каттоого тыюу салынды. Хасанов өзү күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Өзбек парламентинин депутаты Алишер Кадыров 4-сентябрда соттун бул чечимин кубаттай турганын өзүнүн Телеграмдагы каналына жазган:

“Соттун чечимин колдойм! СССР бийлиги өзбек элин басмырлап, кемсинтип келди. Азыр да ал жараат айыга элек. Улуттардан, баалуулуктардан жана ишенимден жүзүн бурган советтик идеология бир гана өзбек элине эмес, жалпы адамзатка кырсык алып келди жана анын калдыктары дале кесепетин тийгизүүдө”, – деп жазган эл өкүлү.

Кадыров “тарыхтын бул доорун талдап, талкуулоо” керектигин, “бирок аны жактап, пропагандалоону Конституцияга каршы кылмыш катары гана эмес, кандуу режимдин курмандыгы болгон ата-бабаларга болгон саткындык” катары кароо зарылчылыгын белгилеген.

Русофобиябы же советофобиябы?

Депутат Кадыровдун бул билдирүүсү социалдык тармактарда кызуу талкууга жем таштады. Анын пикирин жактаган да, каршы да пикирлер интернеттин бир гана өзбек сегментинде эмес, кырнетте да, казнетте да кайнап жатат.

Ал арада айрым орусиячыл медиалар Кадыровду “Өзбекстандагы русофобияны жайылтууга” айыптады.

“Кадыров - дайыма Орусияга каршы демилгелерди сунуштап келген ашынган улутчул партиянын лидери. Ал улутчул электоратты бириктирүү функциясын аткарат”, - деген Евразия аналитикалык клубунун башчысы Никита Мендкович “Взгляд” басылмасына.

“Взгляд” басылмасы Кадыровдун мындай билдирүүлөрү “Москва менен Ташкенттин мамилеси ыкчам жакшырып жаткан кезде” жана расмий жетекчилердин жолугушуусуна тушташ айтылганына көңүл бурган.

9-сентябрда Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин Өзбекстанга эки күндүк иш сапары менен келди. Ал Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёевге жолугуп, “товар айлантуу, өнөр жай, энергетикалык комплекс, айыл чарба, транспорт жана башка экономиканын артыкчылыктуу тармактарындагы кызматташтыкты” талкуулашканын орус өкмөтүнүн сайты кабарлады.

Орус медиасы Өзбекстанда буга чейин дагы ушул сыяктуу демилге, сунуштар айтылып келгенин белгилеп, муну “Өзбекстанда өз идеологиясын жайылтууну каалаган Батыш өлкөлөрүнүн иши” катары баалашты.

“Орусия буга кайдыгер карай албайт. Эң башкысы, буга Борбор Азиянын өзүнүн жарандары кайдыгер карай албайт”, - дейт Евразия аналитикалык клубунун башчысы Никита Мендкович “Взгляд” басылмасына берген пикиринде.

Депутат Кадыров буга чейин өзүнүн Телеграм-каналында “русофоб эмес, советофоб” экенин жазган.

“Орус улутундагы бир жаран менден “сиз эмнеге русофобсуз?” деп сурады. Жообум жөнөкөй. Мен русофоб эмес, советофобмун. Совет мамлекети – биздин тарых. Бирок ал биздин тарыхтын кара барактарында калат жана биздин келечекте ага орун жок”, - деп жазган ал.

Ушул эле билдирүүсүндө ал “Орусия менен Өзбекстан президенттери жетишкен келишимдер кайсы бир тараптын маанайына, аракетине карабай, өлкө кызыкчылыгы үчүн иштей берерине ишенерин” кошумчалаган.

Кадыровдун баасы – көп чырдын башы

Москвага ыктаган Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Өзбекстанда советтик аң-сезимден арылууга багытталган жана тил маселеси боюнча сунуштар салыштырмалуу көбүрөөк айтылып, талкууланат.

Андыктан бул “советтик пропагандадан арылуу” Кадыров эле демилге кылган алгачкы сунуш эмес. Адатта депутат орусиялык коомдук ишмерлердин, саясатчылардын өлкө аймагы, тарыхы тууралуу айткан кескин билдирүүлөрүнө комментарий берип турат.

Маселен, Кадыров 2021-жылы СССРдин символикалары тууралуу пикирин билдирип, аларды Ташкентте өткөн “Жеңиш ыры” концертине көтөрүп чыгууну “чагым” деп баалаган.

“Биз искусствого каршы эмеспиз, бирок искусство саясий куралга айланбашы керек”, - деген эле депутат.

Ал эми быйыл май айында Кадыров Өзбекстанда өзбек тилин билбеген жарандарга мамлекеттик кызматта иштөөгө, мамлекет көрсөткөн тейлөө кызматынан пайдаланууга тыюу салууну сунуштаган.

Ал “Орусияда иштөөнү каалагандар орус тилин билүүгө милдеттүү экен, бирок Өзбекстанда жашаган орустар өзбек тилин билүүгө, эмнегедир милдеттүү эмес” деген суроо койгон.

Мунун алдында Орусиянын Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин "Орусияга орус тилин билген, өлкөнүн каада-салтын урматтаган адамдардын келиши маанилүү" деген болчу.

Жыл башында Кадыровдун Өзбекстанда орус тилинде окутулуучу сабактардын убактысын кыскартуу тууралуу сунушу коомчулукта талкуу жараткан.

Ал орус тили өлкө калкынын 3% жетпеген гана бөлүгүн түзгөн орус улутундагылардын билим алуусунда жана ТВда "пропорционалдуу эмес, кеңири" колдонулуп жатканын белгилеп, "Мындай дисбалансты оңдоо зарыл", – деп 24-январда Facebook баракчасына жазган.

Бул комментарий Кадыровдун орусиялык улутчул жазуучу Захар Прилепиндин Өзбекстанды Орусияга кошуп алуу тууралуу сунушуна жана тарыхчы Михаил Смолиндин быйыл 22-январда НТВ телеканалынын эфиринде сүйлөп жатып “СССРге чейин өзбек, казак, азери деген улуттар болбогонун”, өзбектер "бир нече элдин биригишинен улам пайда болгон" деп айтканына жооп катары жарыяланган.

Адатта өзбек бийлиги Кадыров сыяктуу саясатчылардын билдирүүлөрүн алардын жеке пикири катары сыпаттайт. Ошентсе да бул өлкөдө президенттин же өкмөттүн жалпы саясатына, же позициясына караманча-каршы келген саясий билдирүүлөр сейрек айтылат.

Репрессия курмандыктарын актоо уланууда

Орус саясатчыларынын жана медиасынын ар кандай кескин билдирүүлөрүнө жана айыптоолоруна карабай, Өзбекстан советтик тарыхты кайра карап чыга алды.

2020-жылы 8-октябрда коңшу өлкөдө репрессиялардын курмандыктарынын өмүрүн жана ишмердигин изилдөө, алардын эс тутумда сакталышын уюштуруу боюнча республикалык жумушчу топ түзүлгөн.

Быйыл өзбек бийлиги өткөн кылымдын 20-30-жылдарында коммунисттик режимдин репрессиясына кабылган дагы 198 кишини актады. Алардын тизмеси 6-майда өлкөнүн Жогорку сотунун сайтына жарыяланды.

Мекеме бир жыл мурун 1929-1931-жылдары советтик режим учурунда репрессия курмандыгы болгон, беш кылмыш иши боюнча айыпталган 240 жаранды реабилитациялаган.

2021-жылы 115 киши акталып, алардын арасында азыркы Өзбекстандын, Тажикстандын жана түндүк Ооганстандын аймагындагы басмачылардын лидери Ибрагим Чакабаев болгон.

2021-жылы президент Шавкат Мирзиёев совет мезгилинде 100 миң өзбек репрессияланганын жана 13 миңи атылганын айткан. Өзбекстан 2001-жылдан бери 31-августта Репрессия курмандыктарын эскерүү күнүн белгилеп келет.

XS
SM
MD
LG