Париж-2024: Борбор Азияга келген оомат

Казакстандык дзюдочу Элдос Сметов (ак кимоно кийген) Олимпиаданын финалында франциялык Лука Мхеидзени жеңип, алтын медаль алды. Париж, 27-июль, 2024-жыл.

Айрым серепчилер Борбор Азиялык спортчуларга быйылкы Париж Олимпиадасында Токио менен Рио-де-Жанейродогу жыйынтыктарга салыштырмалуу көп деле үмүт артышкан эмес. Бирок коңшу Өзбекстан менен Казакстан биринчи алтын медалдарын утуп, аймактын спортчулары Парижде өздөрүнүн күчүн көрсөтүүдө.

Париждеги XXXIII жайкы Олимпиада оюндарынын алдында америкалык Sports Illustrated журналы спорттун ар кандай түрлөрү боюнча 329 медаль кайсы мамлекеттерге кетерин алдын ала божомолдогон.

Борбор Азия өлкөлөрү тууралуу божомолдорунда спорт серепчилери Казакстан эң аз медаль аларын, Өзбекстан сегиз жыл мурун Рио-де-Жанейродо бокс боюнча көрсөткөн ийгилигине жете албай турганын айткан. Ал эми эксперттер Кыргызстан өлкө тарыхындагы алгачкы эки алтын медалын аларына ишенет.

Бирок Олимпиаданын алгачкы беш күнүндө борбор азиялык спортчулар мелдештерде мыкты жыйынтык көрсөтүп, күйөрмандардын маанайын көтөрүштү.

Олимпиада оюндарында алгачкы чемпион аял

Өзбекстан бокс боюнча эркектер арасында байгелүү орундарга ээ болоруна үмүттөнгөнү менен, 28-июлда Champs de Mars стадионуна чогулган элдин эсинде жаш өзбек кыз калды.

Sports Illustrated журналынын божомолунда 52 кг салмакта татамиге чыккан дзюдочу Диёра Келдиёрова мелдештин экинчи күнүндө коло медалга ээ болушу керек болчу. Бирок соңку беш жылда дүйнөдө теңдеши болбогон учурдагы чемпион, жапониялык Ута Абени биринчи раундда жеңип, көрүүчүлөрдү таң калтырды.

52 кг салмакта дзюдо боюнча кыз-келиндер арасында Олимпиада чемпиону болгон өзбекстандык Диёра Келдиёрова. Париж, 28-июль, 2024-жыл.

Келдиёрова көзүнө жаш алып, консервативдүү Өзбекстандагы аялдардын жашоосун өзгөрткүсү келгенин айтты.

Президент Шавкат Мирзиёев телефон чалып куттуктаганда 26 жаштагы спортчу абдан кубанып, толкунданып турду. Келдиёрова дзюдо боюнча Өзбекстандын биринчи чемпиону жана Парижде өтүп жаткан жайкы Олимпиаданын биринчи аял чемпиону болду.

2016-жылы Риодо өткөн Олимпиада оюндарында Өзбекстан 13 медаль (төрт алтын) жеңип алган. Бирок Токиодогу Олимпиадада өзбекстандык спортчулар беш медаль (үч алтын) менен гана мекенге кайткан.

Өзбекстандын тарыхында 10 алтындын бешөөнү эркек мушкерлер жеңип алган. Алардын Риодогу көрсөткүчүн атүгүл "бокс державасы" деп атыккан Куба менен салыштыргандар да болгон.

Эркектер арасындагы бокс боюнча 92 килограммдан жогорку салмактагы биринчи беттеште өзбекстандык Баходир Жалолов (көк формада) норвегиялык Омар Шиканы 5:0 эсебинде жеңди. Париж, 29-июль, 2024-жыл.

Sports Illustrated бул жолу Өзбекстан бокс боюнча үч алтын медаль аларын божомолдойт.

71 кг салмакта күч сынашкан Асадхожа Мойдинхожаев күмүш байгеге ээ болору айтылууда. Бирок азыр бул мушкер букмекерлердин фавориттеринин катарында.

Көрүүчүлөр өзбекстандык Баходир Жалолов 92 килограммдан жогорку салмакта алтын алат деп үмүттөнүүдө.

Мунун баары Өзбекстандын Олимпиададагы келечеги кең экенин, байгелери Риодогудан да ашып кетиши мүмкүн экенин көрсөтүп турат. Бул Өзбекстан үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Анткени бокс 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган Олимпиада программасынан чыгарылып калышы ыктымал.

Казакстандын алгачкы чемпиону

Париж Диёра Келдиёрованын биринчи Олимпиада оюндары болсо, 31 жаштагы казак дзюдочусу Элдос Сметов үчүнчү жолу катышууда.

Риодо күмүш, Токиодо коло медаль алган. Быйыл алтын медаль тагынган Элдос Казакстандын дзюдо боюнча алгачкы Олимпиада чемпиону болду. Ал 27-июлда өткөн финалда франциялык Лука Мхеидзени жеңип алган.

Элдос Сметов сыйлык тапшыруу аземинде. Париж, 27-июль, 2024-жыл.

Сметов Эл аралык дзюдо федерациясынын сайтына берген маегинде жеңишин ата-энесине, жубайына, беш баласына жана Карагандадагы "Женис" клубуна арнай турганын айтты.

Бул клубдун машыктыруучусу Галымжан Жылгелдиев Сметовду бала кезинен бери машыктырып келет. Элдос өзбекстандык Диёра Келдиёрованы да жеңиши менен куттуктап, соңку жылдары Борбор Азияда чыңдалып бараткан тилектештикти көрсөттү.

"Олимпиада оюндарынын алгачкы күндөрү Казакстан алтын алды, өзбекстандык Диёра да алтын утту. Борбор Азия үчүн бул оюндар укмуштуудай болчудай", - деди Сметов.

Коңшу Казакстан XXXIII жайкы Олимпиада оюндарында жаңы ийгиликтерге жетүүдөн мурда буга чейинки аброюн калыбына келтирүүгө аракет кылууда.

Эгемендиктин 30 жылында Казакстан Олимпиада оюндарынан жалпысынан 74 медаль (15 алтын) алган. Бирок казак спортчулары (негизинен оор атлетика боюнча) допинг колдонгон деген талаштан кийин Эл аралык Олимпиада комитети 10 медалды (алтоо алтын) кайтарып алган.

Казакстандык спортчулар Токиодо сегиз коло медалга ээ болушкан. Бул спортко чоң инвестиция салган өлкө үчүн ийгиликсиз деп сыпатталды. Париж Олимпиадасы - Казакстандын Улуттук Олимпиада комитетинин жетекчилиги алмашкандан кийинки биринчи чоң мелдеш. Жыл башында комитеттин башчысы болуп белгилүү казак мушкери Геннадий Головкин шайланган.

Медалдын жаманы жок. Бирок Кыргызстан үчүн эмес!

Калктын саны жана спортко бөлүнгөн акчанын көлөмүнөн улам Өзбекстан менен Казакстан олимпиадалык оюндарда аймактагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу жакшырак жыйынтык көрсөтүп келишет.

Ал эми тажик күйөрмандарынын жүрөгү бул ирет ордунан козголо түштү, анткени 30-июлда Сомон Махмадбеков 81 кг салмакта коло медалдын ээси болду.

Спорттун кайсыл түрүнөн? Албетте дзюдо!

Эркектер арасында дзюдо боюнча 81 кг салмакта тажикстандык Сомон Махмадбеков (ак кимоно менен) италиялык Антонио Эспозито менен беттешүүдө. Тажик балбаны Олимпиаданын коло медалына ээ болду. Париж, 30-июль, 2024-жыл.

Дзюдо Борбор Азия өлкөлөрүндө кеңири өнүккөн спорттун түрү. Түркмөнстандан башка бардык өлкөлөр буга чейин спорттун бул түрү боюнча байгелүү орундарга ээ болушкан.

Sports Illustrated 25 жаштагы Махмадбековдун сыйлыкка ээ болорун таптакыр күткөн эмес. Бирок дагы бир тажикстандык спортчу, 27 жаштагы Темур Рахимов оор салмак категориясында күмүш байге алат деп болжолдогон. Бул спорттун түрү боюнча алтын утуп алса, сенсация жаратмакчы. Анткени Рахимов дүйнөнүн үч жолку чемпиону, француз мушкер Тедди Ринер менен беттешет. Көбү Ринерди "дүйнөнүн эң мыкты дзюдочусу" деп аташат.

Тажикстанда дзюдо федерациясын президент Эмомали Рахмондун небереси Исмаил Махмадзоир жетектейт.

Sports Illustrated журналы Токиодогу Олимпиадада алгачкы байгесин алган Түркмөнстандан эч нерсе күтпөйт. Анткени өлкөнүн тарыхында биринчи жолу Полина Гурьева Токиодогу оюндарда оор атлетика боюнча кыз-келиндер арасында күмүш медал алып келген.

Авторитардык өлкөнүн эл аралык мелдештердеги ийгиликсиздиги лидер Гурбангулы Бердымухамедовдун образынан кескин айырмаланып турат, аны мамлекеттик маалымат каражаттары ат чабыштан тартып боулингге чейин байма-бай жеңүүчү катары көрсөтүшөт.

Кыргызстан

Кыргызстан да олимпиадалык тепкичтин туу чокусуна чыга албаган Борбор Азия өлкөлөрүнүн бири.

Бирок Айсулуу Тыныбекованын жылдызы жана турган саат алда качан келген сыяктуу. 31 жаштагы Тыныбекова күрөш боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону. Ал Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында күмүш медалга ээ болгон. Айсулуу Парижде кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 килограммга чейинки категорияда алтын медалга талапкерлердин бири. Күрөш боюнча мелдеш кийинки аптада башталат. Тыныбекова Парижде көздөгөн максатына жетпесе, бул анын спорттук карьерасына чоң сокку болот. Анын үстүнө 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган Олимпиада оюндарына чейин дагы төрт жыл күтүшү керек.

31 жаштагы Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүндө 62 килограммга чейинки салмак категориясында алтын медалга талапкерлердин бири катары каралууда. Бишкек, 14-апрель, 2024-жыл.

Кыргызстанда кыз-келиндер күрөшү өтө өнүккөн. Тыныбекова машыктыруучу Нурбек Изабеков жетектеген команданын эң белгилүү спортчусу. Команданын курамында Токиодо коло медал тагынган 24 жаштагы Мээрим Жуманазарова жана 2023-жылы дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин утуп алган 25 жаштагы Айпери Медет кызы да бар.

Sports Illustrated Айсулуу Тыныбекова алтын, Айпери Медет кызы күмүш, грек-рим күрөшүнөн чыга турган Жоламан Шаршенбеков алтын, дагы үч кыргызстандык спортчу коло медалга ээ болот деген божомолун жазган.

Эгер ал божомол дал келсе, Кыргызстан үчүн эң жакшы олимпиадалык жыйынтык болуп, спорт боюнча билими бар президент Садыр Жапаровдун режимине стимул болмокчу.

Кыргызстандык спортчулар быйылкы жайкы Олимпиада оюндарына жаңы желек менен катышууда. Жапаров былтыр 30 жылдан бери колдонулуп келе жаткан желектеги сүрөт күнкарамага окшош экенин айтып, мамлекеттик символго өзгөртүү киргизилген.

Айсулуу Тыныбекова бир нече спортчулар менен биргеликте президенттин демилгесине каршы чыгышкан. Жоламан Шаршенбеков былтыр жыл аягында Олимпиадага эски желек менен гана катыша турганын айткан эле.

Бирок Садыр Жапаровдун досу, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев жаш балбанды тез эле оюнан кайттырган. "Бир дагы спортчу расмий мелдештерге мамлекеттин желеги жок катыша албайт", - деп жазган ал кезде Ташиев.

Талдоочу журналист Крис Риклтондун макаласын орус тилинде бул жерден окуй аласыз.