Орусиянын түрмөсүндөгү тамак-аштын азабы

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда абак азабынан аман кутулуп чыгуу - бул күч-кубат жана акыл маселеси гана эмес, тамак көйгөйү дагы. Ондогон жыл муздаткычта жаткан эт, чийки бышкан нан, "суу ботко" жана абактагы адамды бактылуу кылган бир кашык капуста.

35 жашында Москвада абакка отуруп калганга чейин Мария “Бул жашоодо баарын эле көрдүм окшойт” деп ойлочу. Бирок орус түрмөсүндөгү тамак маселеси ал үчүн чынында эле күтүлбөгөн көрүнүш болгон.

«Адамга ушундай тамак берсе боло берет деп эч ойлогон эмес элем», — дейт 2021-2022-жылдары 17 ай камакта болгон Мария. Ага тагылган айыпты «Мемориал» укук коргоо тобу саясий куугунтук катары баалаган.

Бирок, Орусиянын түрмөлөрүнө жана тергөө абактарына отуруп чыккандар «Настоящее время» телеканалына айтып беришкендей, ал жакта камактагы жүз миңдеген кишини күн сайын чийки ботко, жакшы бышпай калган нан, кермек даамданган эт берип тамактандырышат. Ал эми жашылча-жемиштин жетишсиздиги жана ден соолукка пайдалуу тамак-аш сатып алууга же өз алдынча жасап жегенге мүмкүнчүлүктүн жоктугу кадыресе көрүнүш.

Орусиядагы абактардын бири.

Каарманыбыздын аты-жөнүн анын жеке коопсуздугу үчүн Мария деп өзгөртүп жазып жатабыз. Камактан чыккандан кийин ал абактагыдай, өзү «маңка» деп атап койгондой ботко жасап көрүүгө аракет кылганын, бирок эч эле окшоштура албай койгонун айтып берди.

Бул Орусиянын жалпы түрмө системасындагы тамак-аштын даамдуу же даамдуу эместиги тууралуу маселе эмес. Кеп ошол тамак адам жегидейби жана камакка алынгандарга карата жасалуучу мамиле талаптарына, алардын саламаттыгын камсыз кылуунун Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен бекитилген эң жөнөкөй стандарт эрежелерине жооп береби дегендикте. “Настоящее времянын” репортаждары көрсөткөндөй, көпчүлүк учурда жооп бербейт.

«Каткан нан жарытпайт»

Арктикадагы мурдагы ГУЛАГ шаары Норильскинин түрмөсүнө отуруп чыккан Иван Асташиндин айтымында, менюну «абдан даамдуу» кылып жазып коюшат. Абактагыларга бир апта ичинде тамактын бир түрүнөн ашып кетсе 2-3 эле жолу берүү керек деген эрежеге ылайык, рагу, куурулган эт, картошка рагусу жасалып турушу керек эле. Бирок иш жүзүнө келгенде бул аймактын негизги эт азыгы болгон бугу эти менен эле картошка берип турушчу.

Норильск.

Эркиндигинен ажырагандардын укугун коргоочу Асташин Орусиянын үч түрмөсүндө жана беш тергөө абагында жалпысынан 10 жыл өткөргөн. Ага террорчулукка байланыштуу айыптар тагылган, бирок өзү жана тарапкерлери мунун баарын саясий жүйөсү бар кине деп аташкан. 2020-жылы эркиндикке чыккандан кийин эки жыл өткөн соң Асташин жубайы экөө өлкөдөн чыгып кетишкен.

Ал дагы түрмөнүн тамагы күнү бүгүнкүдөй эсинде экенин айтып берүүдө.

Эртең менен ар дайым сууга же сүткө бышырылган таруу, сулу же арпа ботко болот. Кээде, Асташиндин айтымында, бир чымчым дан салып коюшканда ботко эмей эле, кадимки шалдыраган “карандай суу” болуп калат.

Түшкү тамакка «көбүнчө картошка», кээде ага капуста же арпа данын, айрым күндөрү бир кызыктуудай эт же “эт сымал бир нерсе” кошуп беришчү. Жанына компот же мөмө-жемиштин ичиндеги данды кайнатып жасаган кычкыл суусундук коюп коюшчу.

Ал эми кечки тамакка кайра эле картошка, капуста же арпа даны жана «бир кесим балык же балыктан жасалган котлет».

Асташин белгилегендей, Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы абактагылардын тамактануусунда 100 грамм эт болушун камсыздоосу зарыл, бирок, мисалы, Норильск абагындагы тоңдурулган бугу эти бузулуп, жыттанып кеткендиктен кооптондуруп турчу жана аны «жегенге мүмкүн эмес» болчу. Асташин менен чогуу отургандар жана абак кызматкерлери өзүлөрү деле түрмөгө «ондогон жылдар бою» муздаткычта тоңдурулган этти жөнөтүшөрүн айтып беришчү.

Күнүнө 2600-3000 өлчөмүндө деп расмий аныкталган калория нормасы түрмөдө аздыр-көптүр сакталып турганын Асташин «нанды чоң-чоң кесим» кылып берип турушканы менен түшүндүрүүдө. Бирок, анын айтымында, нанды туура эмес бышырышчу.

"Матросская тишина" абагы. Москва.

Москвадагы түрдүү кейиштүү окуялары менен белгилүү болгон «Матросская тишина» түрмөсүндө, ал жакта бир нече жыл отурган Асташин эскерип айтып бергендей, нандын ички бөлүгүн басканда «пластилинге окшоп» чоюлуп турчу.

«Биз ичибиз көөп кетпесин деп нындын тышын кесип алып, ичин өзүнчө кургатып жечүбүз», — дейт ал.

Бирок, Москва абагында отуруп чыккан каарманыбыз Мария белгилегендей, «Жалаң каткан нан жарытпайт. Жер жемиштен жегиң келет».

Жаза аткаруу кызматынын эрежелерине ылайык, абактагы ар бир адам күнүнө жаңы бышкан болобу же тоңдурулганбы, консерва түрүндөбү, эч болбогондо 500 грамм жашылча жеши керек. Бирок, Мариянын айтымында, жашылча-жемишти эгер жакындарың алып барып берсе гана жейсиң.

«Жашылча-жемиш жегиң келип, айлаңды таппай, карайлап кыйнала тургандай абалда калса болот деп эч ойлогон эмес элем. Аптасына бир жолу эч болбогондо бир чай кашык ачытылган капуста беришсе, ошол да олжо, өзүнчө эле бир майрам», — деди ал.

2024-жылдын июнь айында Орусиянын Жаза аткаруу кызматы «камактагылардын баары энергетикалык баалуулук жана белок, май, углевод боюнча балансталган рацион талаптарына ылайык тамактанышат» деп «Московский комсомолец» басылмасына билдирген.

Лефортово түрмөсүнүн кире бериши. Москва.

Бирок Мария андай эмес деп эсептейт. «Эгер сыртта эч кимиси болбосо, камактагы аял киши жалаң түрмөнүн тамагы менен аман кала албайт. Анткени ал адам жегис тамак», — деди маектешибиз.

Бир чака суюк тамак

Сырттан азык-түлүк алып барып беришсе деле маселе чечилип, камактагылар даамдуу тамактанып калышпайт.

Каармандарыбыздын айтымында, түрмөдө да, тергөө абагында да өз алдынча тамак жасап жегиси келгендерге тийиштүү идиш берилбейт. Аларды мешке жолотушпайт, чакан меш алып кирүүгө да уруксат жок.

Каалагандай суюк тамак жасап жегиси келгендердин дүкөндөн желим чака сатып алып, ичине чакан суу жылыткыч салып, кайнатып, бышырып алуудан башка аргасы жок.

Тамакка кошо турган азыктарды туураганга бычак жок, андыктан, Асташиндин айтымында, тергөө абагында отургандар ошол жайдын күзөтчү кызматкерлери менен пара берип, «келишип алып», ошолор аркылуу каалаганын алдыртып алышат:

«Эгер жемкор кызматкерлер бар болсо, алар бычак деле алып келип беришет. Андай киши таба албасаңар, алюминий кашыкты же башка бир ошондой буюмду өгөөлөп, учтап алсаңар болот».

Эркин эмес базар

Абактыкынан башка тамакка суроо-талап бар экенин Жаза аткаруу кызматы да түшүнүп турат. Мисалы, борбор калаа Москванын жана анын тегерегиндеги шаарлардын тергөө изоляторлору «Сидим, едим» ресторанын сунуш кылышат. Анын «Түрмөдө жеп отурабыз» деген сыяктуу бура аталышы да өзүнчө тамаша-чыны аралаш кеп.

Бирок Жаза аткаруу кызматынын карамагындагы тамак-аш баасы жогору, ал эми «кардарларынын» андан башка тандоосу жок.

Азык-түлүк сатылган күркөлөрдөн таттуу токоч, кургатылган токоч, кээде бир аз колбаса да тапса болот. Бирок баарынын баасы жогорураак. Муну Мария камактагылар «кетирген күнөөсү үчүн төлөгөн куну» деп бура атоодо.

Жаза аткаруу кызматынын Zona Mag онлайн дүкөнү жана убактылуу кармалып отургандар үчүн ачылган Peredai v Sizo интернет-дүкөнү даяр тамактарды, жашылча-жемиштерди, эт консерваларын, ар кандай кондитердик азыктарды сунуш кылышат. Бирок баарынын наркы катардагы азык-түлүк сатылган дүкөндөрдөн кымбатыраак.

Абактагылар сатып алган тамак-ашы үчүн жеке эсебинен төлөшөт, бирок баары эле каалаганын ала албайт. Москвадагы 2010-жылдагы ири окуя боюнча айыпталгандардын биринин айтымында, жакшыраак тамак сатып алуу «өтө оор» болчу.

«Көпчүлүк эле адамдар каалаганын сатып ала алчу эмес. Эмнени беришсе, ошону жеп отурушчу. Ошондуктан түрмөнүн тамагынан башка эч нерсе жебегендердин көрүнүшү начар болор эле. Ал тамак жакшы сиңбейт эле», — деп өзүнүн аты-жөнүн атагысы келбеген маектештерибиздин бири айтып берди.

Алексей Навальный.

Жалгыздык азабы

Эгер камактагы адам жалгыз камерага отургузулса, анда ал желе турган жакшыраак тамактан куру каларын Орусиянын абактарына отуруп чыккан саясий туткундар билдирүүдө. Бул тууралуу кезинде оппозиция лидери, маркум Алексей Навальный да айтып калар эле.

Түрмөдө отурганда ошондой жалгыз кишилик камерага камалып чыккан, азыркы тапта абактагы орусиялыктардын укугун коргоо жаатында иштеп жаткан «Россия за решеткой» деп аталган топтун өкүлүнүн айтымында, түрмө кызматкерлери тамакты абакта зордуктоого же зомбулуктун кайсы бир башка түрүнө кабылган адамдын идишине салып берген да учурлар болот. Бул, аты-жөнүн атабаган активист белгилегендей, ошол адам түрмөдөгү эң төмөнкү деңгээлдеги макамда экенин көрсөтүү үчүн жасалат.

Анын айтымында, жалгыз кишилик камерага түшкөндө нандан башка эч нерсе беришчү эмес, ошондуктан ал өзү 42 килограммга арыктап кеткен.

Абактан тамак азабын тарткан дагы бир адам – немис-орус студенти Кевин Лик. 2023-жылы декабрда чыккынчылык тууралуу айыптын негизинде төрт жылга эркинен ажыратылган Ликти “Мемориал” уюму саясий туткун деп тааныган.

Кевин Лик.

Ал орус түрмөсүндө апасы жөнөтүп турган тез даярдалуучу кургак кесмеден жеп аман калганын айтууда. Быйыл август айында Орусия, АКШ жана башка бир нече мамлекет ортосунда абактагы жарандарды айырбаштоо жараяны алкагында эркиндикке чыккан 19 жаштагы, боюнун узундугу дээрлик 2 метрлик Ликтин салмагы 72 килограмм болчу.

Түрмөдөн чыккандан кийин эң биринчи эмне жегени эсинде жок экенин айткан Лик “Эң эле жөнөкөй тамак мага чоң бакыт тартуулады” деп ой бөлүшкөн эле.

Автору Элизабет Оуэн жана Эля Новопашенная