Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:43

"Украинада туткунга түшүп калыптыр, кандай кылсак болот?"


Алишер Турсунов (Ютубдагы “Пленные СВО” деген каналга чыккан видеодон алынган сүрөт)
Алишер Турсунов (Ютубдагы “Пленные СВО” деген каналга чыккан видеодон алынган сүрөт)

Кыргызстандык жаран Украинада туткунга түшкөнү тууралуу видео Ютубда жарыяланды. Видео качан жана так кайсыл жерде тартылганы белгисиз. Анда өзүн кыргызстандык деп тааныштырган жаран Орусияга балдарына барганын, көчөдө аны полиция кармап кетип, согушка мажбурлап алып кеткенин айтып берген.

Ютубдагы “Пленные СВО” деген каналга видеосу чыккан адам өзүн Алишер Турсунов деп тааныштырган. Өзбек жана орус тилдеринде сүйлөгөн 57 жаштамын деген киши Кыргызстандын жараны экенин, Ош шаарынан болорун айтат.

"Жертөлөдө төрт күн жаттым"

Анын сөзүнө караганда, Орусиянын Рязань шаарындагы баласына конокко келгенде дүкөнгө чыккан учурда полиция кармап кеткен. Ал аскердик келишимге мажбурлоо жолу менен кол койгонун, бул үчүн акча, паспорт, аскердик билет убада кылганын айткан. Көзү жакшы көрбөгөндүктөн келишимде жазылгандар менен толук таанышпаганын белгилеген.

"Мен эки күн Рязанда баламдын үйүндө болгом. Ал мени конокко чакырган болчу. Көчөгө чыгып, дүкөнгө кирдим. Чыгып кетип баратсам полиция кармап алды. Мен ушул жерде эле экинчи кабатта жашай турганымды айтып, документтеримди алып чыгып көрсөтөм дедим. Полиция ага уруксат берген жок. Машинага салып, алып кетип калды. Мен полициянын бөлүмүндө эмес, жертөлөдө төрт күн жаттым. КПЗ деп коёт экен. Ал жерден тамак-аш түгүл, суу да берилген жок. Ал жерде аба жетпей кыйналып, өлөйүн деп калдым. Ошондо мен макул болдум, мени жалгыз аскер комиссариатына келишимге кол коюуга алып кетишти. Ал жердеги башка балдарды эмне кылышты мен билбейм", - деген туткунда экенин айткан киши.

Видеодо Турсунов деген киши келишимге кол койгондон кийин аны машыгуу талаасына жеткиришкенин, ал жерде үч күн атайын даярдыктан өткөнүн айтып берет. Гранатомёттон, автоматтан атууга мажбурлашканын, окоп казуу тапшырмасы берилгенин белгилеген. Согуш талаасында жарадар болгондорду, өлгөндөрдү көп көргөнүн, өзү эки жолу контузия болгонун айткан. Айтымында, согушка баргандан көп өтпөй украин армиясына багынып, туткунга түшкөн. Видеонун соңунда согушка өз каалоосу менен барбагынын белгилеп, кыргыз бийлигинен мекенине кайтарууга жардам сураган.

Бул видео качан жана кайда тартылганын тактоого мүмкүн болгон жок. Кыргызстандын расмий органдары бул окуя тууралуу расмий маалымат бере элек.

"Согушка Мариуполдон тартылган болушу мүмкүн"

"Азаттыктын" жеке булактары дагы видеодогу киши кыргызстандык экенин ырастады. Ал Ош шаарынын жака-белиндеги айылдардын биринде жашаган. Бирок анын Орусияга качан кеткени тууралуу так маалымат айтылган жок.

Жакындарынын сөзүнө караганда, видеодогу киши Орусияга эки ай мурда эле кеткен. Ал орус армиясы талкалап, ээлеп алган Украинанын Мариупол шаарына иштегени кеткен учурда согушка тартылган болушу ыктымал.

Орусия оккупациялаган Мариуполду калыбына келтирүүгө борборазиялык мигранттарды 2022-жылдын күзүндө жөнөтө баштаган. Алар курулуш компаниялары Москвада алган айлыктан эки эсе көп маяна сунуштаганын, бирок коопсуздугун жана саламаттыгын тобокелге салып иштөөгө мажбур экенин айтып беришкен. Мариуполду калыбына келтирүү иштерине кыргызстандыктар да тартылып, убада кылынган айлыкты ала албай калган учурлары катталган.

Мариуполго кыргызстандыктарды азгырган жарнамалар
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00

Бир аз мурда “Пленные СВО” Ютуб каналында тажикстандык мигранттын туткунга түшкөнү тууралуу видео чыккан эле.

Борборазиялык мигранттардын укуктарын коргоо менен алектенип келген, кийин өзү дагы бул өлкөдөн чыгып кеткен укук коргоочу Валентина Чупик мындай окуялар 2022-жылы болушу мүмкүн деп божомолдойт. Укук коргоочу буга чейин Москвадагы "Сахарово" миграциялык борборунда мигранттарды согушка баруу үчүн келишимге кол койдуруп жатканын айткан:

"Бул адам айткандай көрүнүш 2022-жылдын сентябрь-декабрь айларында болгон. Ал учурда мага мындай 42 миң билдирүү келген. Кийин бул жолду колдонуу толук токтогон. 2023-жылдын март айына чейин окутпастан, башка документтер менен чогуу аскердик келишимге алдап кол койдурушкан. 2023-жылы марттын аягында ал да токтогон. Азыр өз эрки менен акча жана жарандык үчүн барышууда. Бирок алардын саны аз. Жылына 100-200 киши. Анткени орустардын ичинен өз ыктыяры менен баргандар жетиштүү", - деген Чупик.

Буга чейин "Азаттык" орус армиясы Украинадагы согушка борбор азиялыктарды жалдаган, азгырган жана мажбурлаган учурлар бар экенин жазып, согушта кыргызстандыктар кайтыш болгон бир нече жагдайды аныктаган. Украинада согушта набыт кеткендердин көбү орус түрмөлөрүндө жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар экени белгилүү болгон. Кыргызстандын канча жараны кан күйгөн согушка тартылганы тууралуу маалымат жок.

"Вагнердин" тузагына түшкөн мигрант Украинада окко учту
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:47 0:00

"Жакындарым туткунда деген кайрылуулар бар"

Анткен менен коопсуздуктан улам атын атай албаган Орусиядагы дагы бир укук коргоочу Орусия тарапта согушуп, Украинада туткунга түшкөн учурлар ачыкка чыга баштаганын "Азаттыкка" билдирди. Анын колунда жакындары украин армиясынын колунда туткунда экенин айткан кеминде сегиз кайрылуу бар.

"Көп мигранттар "миграциялык кызмат кармап ушундай деди, кол коюп берсем кандай болот, койбой койсом кандай болот" деп чалышат. Эки-үч киши дагы "балабыз, инибиз согушка кетти эле, Украинанын колуна түшүп калыптыр, кандай кылсак болот?" деп кеңеш сурап чалышкан. Андай кейстер жок эмес. Баткендик бир бала дагы согушка барып келген. Ал экинчи жолу Украинага согушка барганда Авдеевканын алдында туткунга түшүп калыптыр. Эжеси аркылуу мени менен байланышкан. Ал баланы Орусиянын Коргоо министрлигине чалып, "Туткундарды алмашуу фонду" дегенге киргиздиргем. Эми аскерлерди алмашуу болсо ал украин аскерлерине айырбашталат. Ушул сыяктуу 7-8 фактым бар, бирок алардын бардыгы эле ачык айтып чыгууга макул болушпайт", - деди укук коргоочу.

Орусия Украинага бастырып киргенине эки жылдан ашты. Орус армиясы 2022-жылдын 14-февралында "атайын операция" деген аталыш менен Украинага толук масштабдуу согуш башатаган. Буга чейин Орусиянын абактарында жазасын өтөп жаткан эркектерди "Вагнер" менчик аскердик тобу Украинадагы согушка активдүү азгырган.

"Азаттык" радиосу орус абактарында отурган жеринен согушка кетип, фронтто набыт кеткен бир нече кыргызстандык тууралуу жазган. Азыр канча кыргызстандык Украинада туткунда экени тууралуу так маалымат жок.

Украинадагы уруш: орус паспорту үчүн отко түшкөндөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:41:42 0:00

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Азаттыктын” катына берген жообунда орус абак жайларынан канча кыргызстандык жаран Украинадагы согушка тартылганы тууралуу так маалымат жок экенин айткан. ТИМ Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги мекендештер арасында чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге катышпоо боюнча түшүндүрүү иштерин туруктуу негизде жүргүзүп жатканын белгилеген.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, учурда чет мамлекеттерде Кыргызстандын 1587 жараны жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Алардын басымдуу бөлүгү, 742си Орусиянын абак жайларында. Бул соттун өкүмү чыгып, жаза мөөнөтү чегерилген жарандар.

Мындан сырткары 750гө жакын дам тергөө абактарында кармалууда. Соттолгондордун басымдуу бөлүгү 20-30 жашта.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) согушка катышкандар Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренеси менен (“Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуштук аракеттерге катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү”) жоопкерчиликке тартыларын эскерткен.

Кылмыш-жаза кодексинин 416-беренесинде жалданма согушка азгыруу, каржылоо жана катышуу аракеттери үчүн 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG