Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:23

"Ток менен урушту". ЕАЭБдин мигрантка тийбеген жарыгы


Аэропортто турган мигранттар.
Аэропортто турган мигранттар.

Орусия Борбор Азия мигранттарга эрежелерди катаалдаштырган шартта кыргыз бийлиги Евразия экономикалык биримдигине мүчө экенин эске салды.

Бул уюм кыргыз мигранттарына кандай пайдасы тийиши керек?

Ал ортодо Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Орусияда кыргызстандык мигранттар кыйла жеңилдетилген шартта иштей турганын, соңку миграциялык эрежелердин өзгөрүшү мыйзам бузгандарга гана тийиштүү экенин белгиледи.

Бирок Орусиядагы мекендештер катаал чаралар мигранттардын баарына таасирин тийгизип жатканын белгилешүүдө.

Орусияда Борбор Азиядан барган мигранттарга каршы эрежелер катаалдашып, текшерүүлөр, рейддер токтой элек.

Кыргыз расмийлери мыйзамдык өзгөртүүлөрдүн кыргызстандык жарандарга тиешеси жок экенин айтып, Евразия экономикалык биримдигинин принциптери боюнча эмгек рыногунда толук кандуу укуктарга ээ экенин эске салууда.

Өткөн апта соңунда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов X социалдык тармагындагы баракчасына соңку өзгөртүүлөрдүн жана чектөөлөрдүн кыргызстандыктарга тиешеси болбой турганын жазган.

"Сахароводон" 80 миң рубль алдырдым"

Анткен менен Орусиядан кайтып келип жаткан кыргыз мигранттары ашкере текшерүү жана чектөөлөрдү жон териси менен сезип, кайтууга мажбур болгонун айтышууда.

Ушундай текшерүүлөр учурунда кармалган кыргызстандык Нуртилек (аты өзгөртүлдү) жакында эле Орусиядан депортация болгон.

Ал Москвада текшерүүлөр токтобой жатканын, түрдүү шылтоолор менен айып төлөткөн же полиция өзү эле акча алган учурлар көп болуп жатканын "Азаттыкка" айтып берди:

"Метродон кармашты. Бардык эле мигранттарды тегиз кармап жатат. Кармаган учурда биз бир уюмга мүчө экенибизди дагы айтабыз, "ал бизге иштебейт" деп карашпайт. Бир күндө эки жолу кармаса эки жолу, үч жолу кармаса үч жолу 5 миңден бересиң. Документтерим деле жакшы болчу, агам баарын мыйзамдуу жасатып берген. Өзүбүз барып текшерсек, жакшына эле базадан чыгып жаткан, бирок полиция бөлүмүндө чыкпай калды. Акыркы жолу кармаганда жанымда 80 миң рубль бар эле. Полиция "50 миң рубль берсең бошотобуз, болбосо депортация болосуң" дешти. Мен макул болбой койдум. Ошентип сот болуп, "Сахарово" борборуна жөнөтүштү.

Ал жерде жаныңда эмне болсо, баарын конвертке салып тапшырасың. Акча, телефон, бут кийимдин боосу, шымдын темир топчуларына чейин чыгарып бересиң. 13 күндөн кийин түштөн кийин кетесиңер деп биз тапшырган нерселердин баарын берди. Акчабыз деле бар экен.

Бирок кармалгандарды автобус менен алып кете турган ОМОНдор камерасы жок кийим алмаштыруучу бөлмөгө алып кирип, кадимкидей эле уруп, ток тарткычты ар жериңе басып, чөнтөктө эмне болсо ошонун баарын шыпырып алып коёт экен. Жакшыраак телефон болсо, аны дагы беришпейт. Ошол бойдон эч нерсе сүйлөтпөй автобуска салып аэропортко алып кетет.

Элчиликке дагы акчамды алып койду деп кайрылдым. Алар "акчаңды алып койгон адамды тааныйсыңбы?" дешти. Көрсөм таанысам керек, бирок эми мен Москвага кире албайм да, беш жылга депортация болгом".

Орусия мигранттарга байланыштуу кезектеги мыйзамдар топтомун июлдун соңунда кабыл алды. Анда полицияга депортациялоо укугу берилип, визасыз жүрүүнүн мөөнөтү эки эсе кыскарган.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы июлдун соңунда орус жарандыгын алгандан кийин милдеттүү түрдө аскердик каттоого туруу жөнүндө мыйзамды үч окууда кабыл алды. Аны сактабагандар жарандыктан ажыратылат. ИИМ кимге паспорт берилгенин дароо аскер комиссариаттарына кабарлайт.

Министр: Жаңы мыйзамдар биздин жарандарга тоскоол болбойт

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 5-августта мекеменин жарым жылда аткарган иши боюнча журналисттерге маалымат берип, Орусиядагы мигранттарга карата кабыл алынган эрежелер мыйзам бузгандарга гана тийиштүү деген пикирин айтты.

Министр Орусияда кыргызстандык мигранттар салыштырмалуу кыйла жеңилдиктер менен иштеп жатканын кошумчалады:

Жээнбек Кулубаев.
Жээнбек Кулубаев.

"Орусия киргизип жаткан жаңы мыйзамдар ушул өлкөнүн аймагында мыйзамсыз жүргөндөргө гана каршы колдонулат. Эгер биздин жарандар ошол жакка барып каттоого туруп, жумуш таап, иштеген жеринен каттоосун көрсөтө турган болсо, аларга эч ким тийбейт. Бул тараптан биз иш жүргүзүп жатабыз. Ар бир өлкө өз коопсуздугүн коргоо үчун ар кандай шарттарды киргизүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Бирок Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү болгондуктан, биздин жарандарга эч кандай тоскоолдуктар болбойт".

Буга чейин мамлекет башчысы Садыр Жапаров Беларус, Казакстан, Орусия, Кыргызстан жана Армения кирген ЕАЭБде төрт эркиндикти камсыз кылуу маселесин көтөргөн. Алар: товар, кызмат көрсөтүү, капитал жана эмгек ресурстарынын биримдикте эркин жүрүшү.

"Жарандардын укугун көтөрүүдөн коркпош керек"

Серепчилер ЕАЭБдин негизи максаттары менен талабы аткарылбай жатканын белгилешүүдө.

Саясий серепчи Руслан Акматбек мигранттардын укугун коргоо үчүн орус бийлигине улам кайрылып, маселени көтөрө бериш керек деп эсептейт:

Руслан Акматбек
Руслан Акматбек

"Негизи, кыргыз бийлиги коркпой, кылчактабай, жалтаңдабай эле ар бир жарандын укугун ЕАЭБдин аянтчаларында көтөрүп чыга бериши керек. Чечилеби, жокпу - ал өзүнчө маселе. Өз жараныбызды өзүбүз коргобогондон кийин Кремль кантип коргосун? Кечке эле "кызматташтыкты бекитип, достукка ант бере" бербей, анча-мынча көйгөйлөрдү дагы көтөрүп чыгыш керек. Бардык эл аралык интеграцияларда көйгөй болот, бул нормалдуу көрүнүш. Өзгөчө сенин жараныңдын укугу, таламы, анын муктаждыгы биринчи орунда турушу керек. ЕАЭБге мүчө болбогон башка өлкөлөр деле көтөрүп, үнүн чыгарып жатпайбы".

Быйыл алты айда Орусияда иштеген 4700дөй кыргызстандык жаран Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине жардам сурап кайрылган.

Аталган мекеме жарыялаган маалыматка ылайык, мигранттар өз укуктарын коргоо үчүн көмөк сурашкан. Алардын арыздары министрликтин Москвадагы өкүлчүлүгүндө каттоого алынган.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин июлдун соңундагы маалыматы боюнча, Москвадагы "Сахарово" миграциялык борборунда 78 кыргызстандык кармалып турат, алардын бешөө аялдар.

Былтыр бир жылда 1400дөй кыргызстандык ушул борбордон депортация болсо, быйыл алты айда 2800гө чукул кыргызстандык дал ушул жайдан кайтарылган. Орусия боюнча буга окшогон 76 борбор бар.

"Орусиядагы мигранттар 400 миңге азайды"

Ушундай турдүү кырдаалдардан улам соңку 1,5 жылда Орусиядагы мигранттардын саны дээрлик 400 миңге азайган.

"Украинадагы согушка байланыштуу биздин Орусиядагы көптөгөн мигранттар Кыргызстанга кайтып келди. Көбү Түркия, Европа, Америкага кетип жатат. Биздин эсебебиз боюнча, акыркы 1,5 жылда Орусиядагы биздин мигранттардын саны 400 миңге азайды. Бирок кайра кетип жаткандар деле бар".

ТИМдин маалыматында, жарым жылда чет өлкөлөрдөгү абак жайлардан 40 адам Кыргызстанга которулган, дагы 52 кишини которуу боюнча даярдыктар көрүлүп жатат.

Буга чейин Юстиция министрлиги чет мамлекеттердеги абактарда 1,5 миңдей кыргызстандык жаран бар экенин айткан. Алардын көбү Орусияда.

Андан тышкары Кытайда, Бириккен Араб Эмиратында, Беларуста, Литвада, Италияда, Германияда жана Грузияда да ар кандай кылмыш жоопкерчилигине тартылган кыргыз жарандары абактарда жатат.

Расмий маалыматка ылайык, чет өлкөлөрдө миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын саны 2024-жылдын биринчи кварталында 655,5 миң кишини түзгөн. Алардын 400 миңден көбү Орусияда.

XS
SM
MD
LG